Ооганстандын коргоо комитети жер-жерлердеги лашкер башчыларга караштуу күчтөрдү куралсыздандыруу жана улуттук армия түзүү багытындагы биринчи кадам катары төрт комиссия түздү. Бирок, комиссияларды түзүү маселесине арналган жыйынга таасирлүү лашкер башчы, генерал Абдулрашид Достумдун катышпаганы, борбордук өкмөттүн өз бийлигин чыңдоо аракетин артка тартышы ыктымал дешет талдоочулар.
Түндүк Корея, эгерде өз сөзүндө турса, өзөктүк каруу-жаракты жайылтпоо жөнүндөгү эл аралык келишимден чыккан биринчи өлкө болот. Ырасмий Пхеньян Бириккен Улуттар Уюмунун инспекторлорун өлкөдөн кууп чыгып, буга чейин жабык турган өзөктүк реакторун иштетүүгө кам көрүүдө жана стратегиялык ракеталарды сыноо улантылат деп сыр көрсөтүүдө. Бул кадамдар Вашингтонду сүйлөшүүгө мажбурлоо үчүн жасалууда дешет талдоочулар.
Өткөн жылдын 6-сентябрында Кыргызстандын Коопсуздук Кеңешинин катчысы Мисир Ашыркуловдун өмүрүнө кол салуу болгон. Андан кийин 27-декабрда «Дордой» базарынын бир ыптасындагы «Оберон» базарында катуу жардыруу уюштурулду. Бул окуялардын бири-бири менен байланышы барбы? Же булардын баары өзүнчө уюштурулган иштерби?
Шаршемби күнү куптан ченде Түркиянын түштүк-чыгышындагы Диярбекир шаарында жерге конгону барткан жүргүнчүлөрдү ташуучу түркиялык самолет кыйроого учурады. Кырсыктан 75 адам өлүп, беш адам тирүү калды. Ырасмий маалыматтар боюнча, авиакырсыкка калың туман кедерги болгон.
Үстүбүздөгү аптада “Чек арасыз кабарчылар” уюму 2002-жылдагы сөз эркиндигинин абалы жөнүндөгү жылдык докладын жарыялады. Докладга караганда, 2002-жылы милдет үстүндө өлтүрүлгөн журналисттердин саны азайган. Лекин, кабарчыларды уруп-сабоо, коркутуп-кодулоо жана абакка отургузуу алдыңкы жылга салыштырмалуу көбөйгөн.
Түркияны башкаруучу Адилеттик жана өнүгүү партиясынын төрагасы Режеп Тайып Ердоган 7-8-январь күндөрү Бакуда ырасмий сапарда болду. Ердоган Азербайжандын президенти Гейдер Алиев жана башка ырасмий адамдар менен болгон кездешүүлөрүндө, эки өлкө ортосундагы кызматташууну чыңдоого ырасмий Анкара чоң маани берерин улам кайталап жатты.
Өткөн кылымдын 90-жылдарынын ортосунда Тарифтер жана соода жөнүндөгү Генералдык келишимдин ордуна Дүйнөлүк соода уюму - WTO түзүлөт. WTO соода тармагындагы, салык жана башка төлөмдөрдөгү мамлекеттер аралык талаш-тартышты жөнгө салуучу көз карандысыз жаңы система катары сегиз жыл ичинде өзүн көрсөтө алды. Деген менен, WTOнун жактоочулары да, каршылары да бар.
Азербайжанда бир ууч тоолук еврейлер жашайт. Кавказдагы тоолук еврейлердин жамааттары акыркы үч кылым аралыгында жергиликтүү элдердин арасына сиңип же чачылып жер которуп кеткен шартта, Красная Слободалык еврейлердин жоголбой өзүн сактап калышынын сыры эмнеде?
Шейшемби күнү жарык көргөн Батыш басылмалары Ирак президенти Саддам Хуссейндин режимин ыктыярдуу алмаштыруу өнөктүгүнө, Түндүк Корея менен АКШнын мамилесине, Израил жетекчилигинин Палестинага карата жүргүзгөн саясатчына жана Литвадагы президенттик шайлоонун күтүүсүз жыйынтыгына күндүн негизги темасы деп, чоң маани берет.
Ишемби күнү Индия өкмөтү өзүнүн ядролук күчтөрүн башкаруу жана контролдоо системасын түздү. Талдоочулардын айтышынча, жаңы структура Индияга капилеттен ядролук, химиялык же биологиялык чабуул жасалса, ага саалгытпай жооп кайтарууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле, Борбор Азияга чектеш региондогу жагдай бир кыйла жымсалданып калганы менен, Индия жана Пакистандын ортосунда ядролук согуш чыгып кетиши ажеп эмес экенин күбөлөйт.
Бириккен Улуттар Уюмунун аскерий эксперттери 27-ноябрдан бери Иракта массалык кыргын салчу куралдарды издешүүдө жана ишемби күнү түндүктөгү Мосул шаарында БУУнун инспекциясынын базасы ачылды. Бу тушта Кошмо Штаттар регионго 65 миң чукул аскерин жайгаштырды. Жакын арада аларга дагы 25 миңдей аскер кошулат. Анын 20 миңден көбү Британиядан болот.
Европа Кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын Адам укугу боюнча комитетинин бүтүмүнө караганда, Беларуста саясый, диний жана маалымат эркиндигинин абалы утура начарлап барат. Мындай тыянак, Европадагы адам укугу боюнча өтө абройлуу уюмдун апта башында Парижде болгон жыйынында жасалган. Сөз Амирбек Азам уулунда.
Мамлекеттик секретарь Колин Пауэлл, Европа лидерлеринин өтүнүчүн четке кагып, 2005- жылы эгемен Палестин мамлекетин түзүүнүн «жол-жобосун» бекитүү 28-январда Израилде болчу парламенттик шайлоо өтмөйүнчө күтө турсун деди. «Биздин оюбузча, шайлоо өткөнчө күтө туруп, жол жобонун үстүнөн иштей берсек эстүүлүк кылган болор элек»,- деп түшүндүрдү Пауэлл шаршемби күнү Евробиримдиктин элчилери менен болгон кездешүүдөн кийин.
Британиянын премьер-министри Тони Блэр Палестин жетекчилигин январда Лондондо өтчү Жакынкы Чыгыш боюнча талкууга чакырганы, Палестиналыктардын лидери Ясир Арафат үчүн оң келди иш болду. Христмас майрамына Бетелехем шаарына баруусуна Израил бийликтери тарабынан тыюу салынган Арафат сунушту шып илип, «Палестин делегациясы Лондондогу жыйынга барат», деп билдирди.
Түркияда өтүп бараткан 2002- жылы акыркы 15 жылда биринчи жолу жалгыз партиялуу өкмөт түзүлдү. Жаңы өкмөттү ноябрдагы парламенттик шайлоодо эски саясый партияларды ишенимдүү жеңип чыккан исламчыл Адилеттик жана өнүгүү партиясы жетектейт. Түркиянын жаңы жетекчилиги алдында өлкөнү Экинчи дүйнөлүк согуштан берки өтө оор экономикалык кризистен чыгаруу милдети турат.
Бириккен Улуттар Уюмунун аскерий миссиясы Ирактын массалык жок кылуучу куралдарын издөөнү улантууда. Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин башкы директору Мохаммед Ел-Барадейдин билдиргенине караганда, Ирактын ядролук же химиялык куралдарды жасаганын тастыктаган далилдер табыла элек. Лекин, текшерүү ырааттуу жүрүүдө.
Иракты куралсыздандырууну тездетүү аракетине байланыштуу өтүп бараткан жылда Улуттар Уюму үчүн Ирак кризиси өтө чоң сыноо болду. Айрым талдоочулардын пикиринче, АКШнын Ирак маселесиндеги өзгөчө катуулугу мыйзамдарды колдонуунун эл аралык тартибин бекемдеп, БУУнун мартабасын көтөргөн. Сыягы, Ирактын массалык кыргын салчу куралдарын изилдөөнүн жүрүшүндө Бириккен Улуттар Уюму менен уюмдун бакубат мүчөсү АКШ ортосундагы татаал мамиле бир нукка түшөт көрүнөт.
Жихад жана ислам жолундагы адамдын башка диндин өкүлдөрүнө болгон мамилеси тууралуу Кураны керимде кандай түшүндүрмө берилет? Ислам жөнүндө башка диндердин өкүлдөрү эмне дешет?
Президент Саддам Хуссейнден соңку Ирак өкмөтүн түзүү маселеси ишемби-жекшемби күндөрү Лондондо болгон Ирак оппозициясынын жыйынында талкууланды. Оппозициядагы партиялар Саддам Хуссейндин бийлигин эл аралык күчтөрдүн жардамы менен, болбосо, төңкөрүш уюштуруп алмаштыруу зарыл деген үмүттө.
Талдоочулардын айтымында, өткөн жылы талибдердин режими кулатылгандан кийин АКШ башын турган күчтөрдүн антитеррордук операциясы бир кыйла солгундай түшкөн. «Аль-Каида» уюмунун негиздөөчүсү Осама бен Ладен менен талибдердин ана башы Молдо Омор алиге кармала элек. Ошон үчүн, терроризмге каршы согушта ким жеңгенин айтуу кыйын. Соңку айлардагы террорчулуктун жаңы толкунуна караганда, антитерризм өнөктүгү жакында бүтпөйт окшойт дешет байкоочулар.
Дагы жүктөңүз