Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Орусиядан кайтып келди. Ал түшкөн учак бүгүн, 25-июлда Канттагы авиабазага келип конду. Аны авиабазанын алдынан тарапташтары тосуп алды.
8-июлда Бишкектеги мамлекеттик резиденцияда президент Сооронбай Жээнбеков жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку упай алган 52 улан-кызга «Алтын сертификат» тапшырды.
Төрага Дастанбек Жумабеков VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин V сессиясында эл өкүлдөрү жакшы иштеп, маанилүү мыйзамдар кабыл алынды деп эсептейт. Мындай пикирин төрага сессияны жыйынтыктаган басма сөз жыйынында билдирди.
Чүй облусунун Токмок шаарында тамакка ууланып, медицина кызматкерлерине кайрылгандардын саны көбөйдү. Жүзгө чукул адам Кочкор, Токмок, Бишкектеги ооруканаларга кайрылып, кыркка чукулу ооруканага жаткырылды.
«КТ Мобайл» компаниясынын ишин иликтеген убактылуу депутаттык комиссия өз чечимин жарыялады. Депкомиссия виртуалдык оператор түзүү боюнча «КТ Мобайл» менен «Мегакомдун» ортосундагы келишим туура болгон деп тапты.
ЮНИСЕФтин маалыматына караганда, Кыргызстандагы балдар үйлөрүндө багылып жаткан балдардын 90 пайызы тирүүлөй жетим болуп саналышат. Бул тууралуу 25-июнда Балдардын укуктары жөнүндө конвенциянын кабыл алынышынын 30 жылдыгына арналган улуттук Бишкек форумунда айтылды.
Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде фермерлер айыл чарба министрлигинин ишин сындап, бул мекемени адискөй эмес жетекчи башкарып жатканын айтышты.
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков парламенттин ишмердүүлүгү, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин айланасындагы кырдаал жана кыргыз коомунда резонанс жараткан журналисттик иликтөөлөр тууралуу маек курду.
Бишкек шаарынын көзү азиз тургуну капкагы жок люкка түшүп кетип, жараат алып ооруканага жаткырылды. Бул кырсык үчүн жабырлануучу Бишкек шаардык мэрияны айыптап, укук коргоо органына арыз менен кайрылды.
2018-жылы Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү болгону 37 миллион долларды түзгөн.
Кытайдын лидери Си Цзиньпиң Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитинин алдында келди.
Кытайдын Борбордук опера театрынын өнөрпоздору «Манас» операсын кыргыз көрүүчүлөрүнө Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында тартуулады.
Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүгүү программасынын демилгеси менен “Айдагы кыз” толук метраждуу мультфильми тартылды. Анда майыптыгы бар балдардын коомдогу орду, элге аралашуусу жана Кыргызстандагы өзгөчө балдарга болгон мамиле, миграциядагы балдар, аларга карата зомбулук көйгөйлөрү көтөрүлгөн.
Сокулук районундагы Төмөнкү Орок айылында болгон окуядан кийин чогулган эл 6-июнда ынтымак менен тарады.
5-июнда Чүйдүн Төмөнкү Орок айылында мушташ чыкты. Чүй облустук милициясынын маалыматына ылайык, эртең менен айылдагы мечитте Айт намаздан кийин чыгып баратып үч өспүрүм бала уруша кеткен. Экөө бирөөнү сабап салган.
Кыргызстанда 5-июнда Орозо айт майрамы белгиленди.
Мусулмандардын орозо айт майрамында "Азаттык" Бишкек шаарынын тургундарынын майрамдык маанайын билүү үчүн микрофон сунду.
4-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Аида Салянованын бөгөт чарасы каралбай калды.
"Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи" деген "Азаттыктын" иликтөөсүндө айтылган каражаттар тууралуу 2015-2016-жылдары өкмөттү жетектеген Темир Сариев билгенби? Райымбек Матраимов Бажы кызматынын төрага орун басарлыгына кантип дайындалган?
«Азаттыктын» ишенимдүү булактары 2011-2017-жылдар аралыгында Кыргызстандан бир нече банк аркылуу 700 миллион доллар чет өлкөлөргө чыгарылып кеткенин билдиришти.
Дагы жүктөңүз