"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.
Барак Обаманын "Араб жазы" боюнча сөзүнө улай Мэриленд университетинин саясат таануу боюнча докторанты Эмилбек Жураев "Азаттык" менен ой бөлүштү.
Президент Барак Обама Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африкадагы элдик толкундоолор боюнча АКШнын көз карашын билдирди.
2010-жылдын 15-майында кыргызстандык Кундуз Турсунова Дүсселдорф шаарында күтүүсүз кайтыш болгон.
Италияда болжол менен 5-6 миңдин тегерегинде кыргызстандык эмгек мигранттары бар. Бул өлкөдө Кыргызстандын эч кандай расмий өкүлчүлүгү жок.
Триполиде Муаммар Каддафинин кичүү уулу Саиф-ал-Араб менен 3 небереси НАТОнун абадан урган соккусунан набыт болгонун Ливия өкмөтү билдирди.
2008-жылы чет элдиктердин Кыргызстандан бала асыроосуна мораторий жарыяланган. 65 америкалык үй-бүлө Кыргызстандан асыраган балдарын күтүүдө.
Бул жолку талкууда Кыргызстандын элчиликтеринин жана консулдуктарынын чет жерлердеги кыргыз жарандары, эмгек мигранттары менен алакасы, аларга жасаган мамилеси тууралуу сөз болду.
Киевде Чернобыл кырсыгынын 25 жылдыгы жана экологиялык коопсуздукка арналган эл аралык донорлор конференциясы өттү.
10 жыл мурун Орусиядагы алгачкы көз карандысыз НТВ сыналгысынын жетекчилиги бийликтин кысымы менен алмашылган.
11-апрелдин кечинде Беларус баш калаасынын метро бекетинде жардыруу болду. Бери дегенде 11 киши набыт болуп, 126сы жарадар экени кабарланууда.
Жапониянын түндүк-чыгышындагы «Фукусима-1» атомдук станциясында жана ага жакын аймактагы радиациянын деңгээли өсүүдө.
“Арай көз чарай” талкуусу "24-март жана 7-апрель окуялары ыңкылап болгонбу, же төңкөрүш болгонбу?" деген темага арналды.
Исламга ыктаган ырчылардын көбөйүшү – дин менен музыканын байланышы тууралуу кылымдар бою уланып келаткан талкууну кызытууда.
«Мегаком» ишканасына байланышкан чырга башкы прокурордун милдетин аткаруучу Кубатбек Байболовдун жубайынын дагы тиешеси бар деген маалыматтар айтылууда. Кубатбек Байболов “Азаттыктын” “Мегаком” чатагына байланыштуу суроолоруна жооп берди.
Бул күндөрү Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева баштаган атайын делегация Европада иш сапарда жүрөт.
Х.Худайбердиев обвинил мэра Оша М.Мырзакматова в фактическом захвате его телекомпании "Ош ТВ". Ошский мэр назвал эти обвинения голословными.
Ош шаар акими М.Мырзакматов «Ош ТВнын» ээлеринин бири Х.Худайбердиевдин бул компаниянын үлүшүн тартып алганы тууралуу доосун четке кагууда.
ЕККУнун Венадагы жыйынында Кыргызстандагы абал талкууланып, аймактык коопсуздук жана саясий маселелер, иммиграция менен интеграция сөзгө алынды.
Иракта жүздөгөн кишилер жумушсуздук, коррупция менен социалдык камсыздоонун начардыгына нааразы.
Борбор Азия Университетинин илимий изилдөөчүсү, билим берүүнүн доктору Дүйшөн Шаматов жакында Йеменден кайтып келди.
Дагы жүктөңүз