"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.
Акылбек Жумабаев учурда АКШда жашайт. Британиянын Нотингем университетинде эл аралык бизнес боюнча докторант. “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү. Ал Вашингтондогу кабарчыбызга жолугуп, АКШда бийликке келип жаткан Барак Обаманын саясаты боюнча өзүнүн ой-пикирлерин бөлүштү.
20 января этого месяца Барак Обама вступает в свои законные права президента США. О том, какой будет политика нового лидера самого могущественного государства в мире по отношению к Центральной Азии, в том числе Кыргызстану собственный корреспондент «Азаттык» беседует с докторантом Мэрилендского университета США, политологом Эмилбек Жураевым.
АКШнын жаңы шайланган президенти Барак Обама 20-январда кызматына расмий түрдө киришкени турат. Учурда бул өлкөдө жаңы президенттин ант берүү аземине карата катуу даярдыктар көрүлүүдө. АКШдагы кабарчыбыз бул окуя жана Барак Обама менен анын өкмөтүнүн Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстанга карата саясаты кандай болушу мүмкүндүгү тууралуу АКШнын Мериленд университетинин саясий илимдер боюна докторанты, саясат таануучу Эмилбек Жураевди кепке тартты.
Оппозиция лидерлеринин АКШдагы сапарынын максаты, натыйжасы тууралуу “Азаттыктын" суроолоруна Ө.Текебаев, А. Жекшенкулов жана Р. Жээнбеков жооп беришти.
Башкы прокуратура кечээ мурдагы тышкы иштер министри А.Жекшенкуловго каршы кылмыш ишин козгоду. Учурда Вашингтондо иш сапары менен жүргөн А.Жекшенкуловду АКШдагы кабарчыбыз ушул козголгон кылмыш ишине байланыштуу кепке тартты.
“Ата мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев, төрага орунбасары Эркинбек Алымбеков, “Акыйкат үчүн” кыймылынын жетекчиси Аликбек Жекшенкулов, “Ачык саясат” гезитинин баш редактору Бабырбек Жээнбеков иш сапар менен АКШга келишти.
Ушул тапта кабарчыбыз Гүлайым Ашакеева АКШнын Нью-Йорк шаарындагы Колумбия университетинде билимин өркүндөтүп жүрөт. Гүлайым бүгүн Нью-Йорктогу айрым шайлоо чөлкөмдөрүн кыдырып, добуш берүүнүн жүрүшүнө байкоо салган. Г.Ашакеева АКШдагы шайлоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу “Азаттык” менен ой бөлүштү.