"Азаттык" үналгысынын редактору, журналист.
Бишкектин базарларында картошка, пияз жана капуста сыяктуу жашылча баасы өсүп, картошка бир жума мурдагыдан эки эсеге чейин кымбаттады.
Бишкекте картошка, пияз, капуста жана башка жашылча-жемиштер кымбаттады. Ош базардагы сатуучулар анын себебин соодагерлер Казакстан жана Тажикстанга дүңүнөн алып кетип жатканы менен түшүндүрүүдө.
шайлоодо колдонулган автоматташтырылган урна
Өкмөттүн туруксуздугу ишкерликке терс таасир этип жатканы “Бизнестин абалы: кечээ, бүгүн жана эртең” деген аталышта Бишкекте өткөн талкууда айтылды.
Кыргызстан 2015-жылдагы парламенттик шайлоону адилеттүү өткөрүү камылгасынан кечигүүдө. Бул тууралуу 15-апрелде Туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйынында айтылды.
Кыргызстанда жаздын кап ортосунда кар жаап, күн кескин сууп кетиши мөмөлүү өсүмдүктөргө зыян келтирип, эрте эгилген жашылча жемиштерди үшүк алып кетти.
2010-жылдын 7-апрелине чейин мурдагы президент Курманбек Бакиевдин укук жана тартип боюнча кеңешчиси, экс-баш прокурор Элмурза Сатыбалдиев "Азаттыкка" маек курду. Сатыбалдиев Апрель соту боюнча айыпталып жаткандардын бири.
2010-жылдын 7-апрелине чейин мурдагы президент Курманбек Бакиевдин укук жана тартип боюнча кеңешчиси, экс-баш прокурор Элмурза Сатыбалдиев “Азаттыкка” маек курду. Сатыбалдиев Апрель окуясы боюнча айыпталып жаткандардын бири.
2013-жылы 476 кыргызстандык чет өлкөдөн качкын макамын сурап кайрылган. Бул маалымат БУУнун качкындар боюнча жогорку комиссариатынын жаңы баяндамасында көрсөтүлгөн.
Кышкы жылытуу мезгили аяктаганы менен Токтогул суу сактагычында суунун аздыгы келерки кыш энергетиктер үчүн оор боло турганынан кабар берүүдө.
Кыргызстанда чет элдик диний уюмдардын түзүлүшү жана калыптанышы мамлекет үчүн кооптуу. Мындай пикирин пакистандык белгилүү жазуучу жана журналист Ахмад Рашид "Азаттык" менен маегинде билдирди.
Бакай-Атадагы нааразычылыктан улам Шыралжын кенин иштетүүгө укуктуу «Алтын Күмүштак Майнинг» компаниясы өз ишмердигин токтотуу чечимине келди.
Жаңы коалиция түзүлдү
Парламенттеги башкаруучу коалицияга КСДП, “Ата Мекен” жана “Ар-намыс” фракциялары кирди. Алар бүгүн жаңы коалиция боюнча келишимге кол коюшту.
Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүктү түзүү кийинки аптага калды. Буга башкаруучу коалицияга кирүүгө ниеттенген фракциялардын орток пикирге келе электиги себеп болууда.
Социологиялык изилдөөлөр Кыргызстанда Бажы биримдигине кирүүнү жактагандардын саны былтыркыга караганда кыйла кыскарганын көрсөтүүдө.
Тогуз жыл мурда Жалал-Абадда башталган элдик толкундоолор 24-мартта Бишкекте Аскар Акаевдин президенттиктен кетүүсү менен аяктап, анын ордуна Курманбек Бакиев келген.
“Манас” аба майданынын кеминде 51 пайыз акциясы орус ишканасына сатылып кетиши мүмкүндүгүнөн чочулаган жарандык активисттер өкмөт үйүнүн алдына каршылык акциясына чыкты.
“Манас” аба майданына байланыштуу митинг өттү
Президент Алмазбек Атамбаев парламенттеги коалициялык көпчүлүк ыдырашына байланыштуу Жантөрө Сатыбалдиев баштаган өкмөттү отставкага кетирди.
Дагы жүктөңүз