"Азаттык" үналгысынын редактору, журналист.
Ички иштер министри Зарылбек Рысалиевдин айтымында, өлкөдө криминалдык лидерлерди өрнөк туткан жеткинчектер арбыды.
Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 2012-жыл Кыргызстан менен чек араны тактоодо чечүүчү жыл болорун билдирди.
Түрмөлөрдө он күндөн бери уланып жаткан ачкачылыкты токтотуу максатында өзгөчө чаралар колдонулушу мүмкүн.
Жогорку Кеңеште мечит-медреселерди, сыйынуучу жайларды жер салыгынан бошоткон мыйзам долбоору даярдалууда.
Кыргызстандын түрмөлөрүндө 9 күндөн бери уланып жаткан ачкачылык акциясы өлкөдөгү негизги маселе бойдон калууда.
Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы, Бишкек шаарындагы №35 жатак абагында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Акмат Бакиев 24-январда шаардык алтынчы ооруканага жаткырылды.
Кыргызстан Франциядагы эл аралык суу форумунда аймактагы суу маселесине башка мамлекеттердин көңүлүн бурууга аракеттенет.
Кыргызстанда токтоп калган сот реформасын алдыга жылдыруу аракети көрүлүүдө.
20-январда журналисттер дүйшөмбү күнү тополоң болгон №1 тергөө абагына кирип, абал менен таанышып чыкты.
18-январда түштөн кийин Кыргызстандагы бир нече абактарда ачкачылык акциясы башталды.
Түркияда кыргызстандык жүздөгөн студенттер окуп, миңдеген мигранттар ар кандай жумуштарда иштешет.
Ушул тапта президент Атамбаев менен кошо Түркияда расмий сапарда жүргөн тышкы иштер министр Руслан Казакбаев "Азаттыкка" маек курду.
Президент Алмазбек Атамбаевдин Түркияга төрт күндүк расмий сапарындагы негизги иш-чаралар бүгүнкү күнгө пландалган. Бул тууралуу ал жерде жүргөн кабарчыбыз Зайырбек Бактыбаев билдирди.
Өзбек тектүү укук коргоочу Азимжан Аскаров 10-январга белгиленген ачкачылыктан баш тартты. Бул тууралуу акыйкатчы Турсунбек Акун билдирди.
Бишкекте Болот Мамбеткаримов аттуу ишкер 30-декабрдын түнүндө айдоочусун травматикалык тапанчадан алты ирет атканы бүгүн ачыкка чыкты.
Кыргызстандын түштүгүндө, айрыкча Баткен аймагында ар түрдүү диний агымдардын аракети күчөп жатат.
Кытайдын Үрүмчү шаарында документи жоголуп, барар жери жок калган Кылычбек Мергенбаев мекенине кайтуу үчүн 38 миң сом айып төлөөгө мажбур.
Кытайда кыргызстандык жарандардын абалы тууралуу Кыргызстан Тышкы иштер министрлигинин Кытайдын Үрүмчү шаарындагы өкүлү Азат Эркебаев кеп салды.
Ош жана Бишкек шаарларында айрым кумарканалар жана оюн автоматтары тыюу салууга карабай иштеп жатканы айтылууда.
Парламентте түпкү теги кыргыздар үчүн жарандык алууну жеңилдеткен мыйзам долбоору даярдалууда. Ага ылайык, жарандык алуунун шарттары бир топ жеңилдемекчи.
Дагы жүктөңүз