“Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.
Кара-Суу районундагы Жаңы-Кыштак айылынын тургундарында дээрлик 30% өздүгүн тастыктаган документи жок.
Бүгүн Бишкектеги юридикалык академияда Конфуций классы ачылды.
Сыртта жүргөн кыргыз ишкерлер Кыргызстандын экономикасына салым кошуу максатында түзгөн көп үлүштүү акционердик коом кандайча иштейт?
Кыргызстандагы тоо-кен тармагынын кесиптик кошууну коомчулукка тармактын ишине тоскоолдук кылбоону, өлкөдөгү пайдалуу кен-байлыктарды экономикалык өсүш үчүн казып, иштетүүнү жөнгө салуу сунушу менен чыгышты. Айрым баалуу кен байлыктар казылып жаткан аймактарда жергиликтүү тургундар экологияны сактоо үчүн тоо-кен тармагын иштетүүгө каршы чыгып келишкени белгилүү.
29-30-август күндөрү Түркиянын Стамбул шаарында кыргызстандык ишкерлердин дүйнөлүк 2-форуму өттү. Анда ишкерлер Кыргызстандын экономикасына салым кошуу максатында биргелешип, көп үлүштүү акционердик коом түзүү тууралуу келишимге кол коюшту.
1-августта Москвада мигранттарды депортацияга чейин кармай турган чатыр лагер ачылды.
Сочи олимпиадасынын алдында Орусияда мигранттарды текшерүү жана өлкөдөн чыгаруу чарасы көрүлө баштады.
Кыргызстанда ички учак каттамдары жандана баштады. Региондорго ачылып жаткан учак каттамдары өзүн актайбы, келечеги барбы?
Кыргызстан алтындан, гранттардан жана мигранттардын акчасынан көз карандысыз өнүгүү жолуна түшүүгө тийиш.
Кумар бизнесин Ысык-Көлдө жандандыруу туризм тармагынан түшкөн кирешени арбыта алабы?
Бул күндөрү Орусиянын күч кызматтары мигранттар жыш отурукташкан жайларды тинтип жатышат.
Москвада кыргызстандык жаш режиссер Бакай Эген «Мигрант» деген аталышта даректүү тасма тарта баштады. Тасмада жыйырма жылдан берки ички жана тышкы миграциянын Кыргызстанга, кыргыз элине тийгизген оң-терс таасири көрсөтүлмөкчү.
Москвада кыргызстандык мигранттардын балдарына орус жана кыргыз тилин үйрөткөн “Зирек” аттуу клуб бар. Анда отуз чакты балага үч мугалим сабак өтөт.
Москвада курулуш материалдары сатылган базарларда иштеген кыргызстандык мигрант жигиттер он айда беш миң доллар иштеп кетишет. Алардын жатаканасы, тамак-ашы жана жол кире чыгымдары жумуш берүүчүнүн моюнунда. Он айда иштеген акчасын жумуш берүүчү атайын банк аркылуу Кыргызстандагы үйүнө салып турат.
Москва шаарындагы “Мигранттарды колдоо борборунун” башчысы, ишкер, меценат Чолпон Осмонова
Орусиянын Самара шаарында кыргызстандык мигрант келин төрөгөн ымыркай жарык дүйнөгө келип, бир нече мүнөттө эле чарчап калды. Дарыгерлер мунун себебин эне кош бойлуу кезинде өзүнүн да, түйүлдүктүн да саламаттыгын бир да жолу медициналык жактан текшертпегенине байлашууда.
Бүгүнкү күнү жашы жете элек өспүрүмдөр да миграцияга аралашып, Орусиянын ар кайсы шаарларында чоңдор менен бирдей иштеп жүрүшөт.
Москвада “Жарандык көмөктөшүү борбору” деп аталган коомдук уюмдун алдында мигранттардын балдарына орус тилин жана башка сабактарды акысыз үйрөткөн кечки мектеп бар. Он жети жыл мурун бул мектеп Чеченстандагы согуштан качып келгендердин балдарын окутуучу жай катары ачылган. Азыр бул мектепте кыргызстандык мигранттардын балдары да орус, англис тилдерин окушууда.
Ушул тапта Москвадагы өлүкканаларда кыргызстандык эки жарандын сөөгү жатат. Орусиядагы кыргыз элчилигинин юристтери алардын аты-жөнүн аныктоо жана мекенине жеткирүү ишин уюштуруу менен алектенүүдө.
Кыргызстандан келген эмгек мигранттарын Орусиянын дээрлик бардык аймактарынан жолуктурууга болот.
Дагы жүктөңүз