“Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.
КТРКнын Байкоочулар кеңеши аларды таратуу аракеттеринин арты өкүнүчтүү болору жөнүндө президентке жана коомчулукка кайрылуу менен чыкты.
Энергетика министрлиги кышкы жылуулук мезгилине Кыргызстан даяр деп билдирүүдө.
“Бүтүн Кыргызстандын” саясий кеңешинин мүчөсү Марат Кайыпов партия шайлоочуларынын нааразылыгына үч мыйзам бузуу себеп болгонун айтат.
Конституциялык кенештин мүчөсү Данияр Нарымбаев эгер парламентте кеңейтилген коалиция түзүлсө эл туура тандоо болгонуна ынанмак деп эсептейт.
Апрель окуясы боюнча айыпталып жаткандардын жактоочуларынын бири Кайрат Загибаев элге ок аткан бир да снайпер кармалган жок деп эсептейт.
7-апрелде окко учкандардын жакындары “Ата Журт” партиясын парламентке жолотпоо талабы менен мөөнөтсүз нааразылык чарасын улантууда.
Кыргызстанда кайсы партия бийликке келбесин АКШ аны менен кызматташаарын Мамдепартаменттин расмий өкүлү Сьюзан Эллиот билдирди.
Шайлоодо жеңген партиялар коалиция түзүү боюнча активдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
Коомдук-саясий ишмер И. Абдыразаков уткан партиялар баягыдай эле тытышып, орун талашып отурса, анда эл үмүтү акталбайт деп эсептейт.
10-октябрда боло турган парламенттик шайлоого көз салуу үчүн сырттан келген байкоочулардын саны миңге чукулдады.
Тажикстандын Рашт аймагындагы өкмөттүк аскерлер менен мурдагы талаа командирлеринин куралчан топторунун кармашы уланууда.
Шайлоого аттанган саясий партиялардын жана алардын жактоочуларынын ортосунда бири-бирин каралоо күрөшү күч алды.
Орусия Чек ара кызматынын жетекчиси Владимир Проничев баштаган топ Кыргызстанга келип кетти. Анын натыйжасында Орусия Чүйдө жайгашып турган ыкчам чек ара тобунун басымдуу бөлүгүн Ошко көчүргөнү маалым болду.
Шайлоо жарышына түшкөн саясий партиялардын лидерлеринин чет мамлекеттердин башчыларына барып жолугуп колдоо алып жатышы, шайлоочуларга арзан пайыз менен кредит берүү убадалары сыяктуу азыркы шайлоодогу үгүт өнөктүгүнүн өзгөчөлүктөрү "Азаттыктын" тегерек үстөл талкуусунун кезектеги темасы болду.
Башкы прокуратура Конституциялык Соттун мурдагы жетекчилигине жана судьяларына кылмыш ишин козгоду. Башкы прокуратура бул кадамын Конституциялык Сот 1996, 1998, 2003 жана 2007-жылдары референдум өткөрүү аркылуу ошол убактардагы президенттердин ыйгарым укуктарын мыйзамсыз арттырууга көмөктөшкөн деп негиздөөдө.
20-сентябрь күнү саясат таануучу Нур Омаровду белгисиз бирөөлөр сабап кетишкен. Укук коргоочулар муну анын ишмердүүлүгүнө байланыштырып жатышат.
Ушул күндөрү Орусия Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штаб башчысынын орун басары, генерал-полковник Валерий Герасимов баштаган аскердик делегация менен кыргыз тараптын аскердик кызматташтык тууралуу сүйлөшүүлөрү жүрүп жатат.
Энергетика министри Осмонбек Артыкбаев электр энергиясынын учурдагы өздүк баасы 1 сом 40 тыйын деп билдирди. Ушул тапта карапайым калкка сатылган баасы 70 тыйын, ал эми ишканалар үчүн 1 сом 50 тыйын. Электр энергиясынын чыныгы өздүк баасы канча?
Орусия менен аскердик кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөр учурунда Кыргызстан орустардан курал-жарак сураганы аныкталды. Кыргызстандын аймагында жайгашкан бир нече аскер базалары үчүн Орусия ижара акысын аскердик техника менен төлөгөнү кыргыз армиясы үчүн чоң утуш болорун талдоочулар да белгилешүүдө.
Кыргызстандын түштүгүндө Орусиянын аскердик машыгуу борборун ачуу боюнча расмий сүйлөшүүлөр кайра жанданды. Айрым серепчилер муну Орусиянын геосаясий кызыкчылыгы катары баалашууда.
Дагы жүктөңүз