“Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.
Фонддун акчасы коммерциялык банктар аркылуу ири үстөк пайыз менен да берилбестигин Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация агенттигинин жетекчи орун басары А. Елисеев СДП фракциясынын жыйынында билдирди.
10-ноябрда Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев 65 жашка толду. Бул күнү анын дарегине жылуу сөздөр да, сын пикирлер да айтылды.
Коркунучтуу илдетке байланышкан өлкөдөгү жагдай боюнча суроолорго саламаттыкты сактоо министрлигинин санитардык-эпидемиологиялык борборунун башчысы Төлөн Исаков жооп берет.
7-ноябрь басма сөз күнүн утурлап, журналист, талдоочу Кубан Абдыменди улуттук журналистиканын абалы жөнүндө кепке тарттык.
Социал-демократтар партиясынын мүчөсү, ЖК депутаты Роза Отунбаева Президентти башкаруу реформаларын шылтоолоп өзүнүн гана үй-бүлөлүк бийлигин бекемдеп жатат деп сынга алууда.
“Улуу биримдик” партиясынын жетекчиси Э. Каптагаевдин айтымында, шайлоо учурунда тымпыйып ооз ачпай, эми "жоо кеткенден" кийин баатыр болгондор оппозицияга асылып сын айтууда.
Коркунучтуу илдетке байланышкан Кыргызстандагы соңку жагдай боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин эпидемиологиялык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Зуридин Нурматов айтып берет.
Бүгүн Октябрь райондук сотунда “Кумтөр оперейтинг компани” ишканасынын үстүнөн сот иши башталат. Иштин чоо жайын “Карек” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Эркингүл Иманкожоевадан сурадык.
АКШда жүргөн кыргызстандык саясатчы Равшан Жээнбеков "Азаттык" менен байланышка чыгып, соңку саясий окуялар боюнча ой-пикир бөлүштү.
Журналисттердин сабалышына жана өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалына байланыштуу суроолорго жаңыдан чыгып жаткан “Пресс.kg" гезитинин баш редактору Абдувахаб Мониев жооп берди.
Президенттин кенже уулу Максим Бакиев башында турган Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттик Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү үчүн төрт долбоорду ишке киргизмекчи.
Бүгүн парламентте 1-вице-премьер-министр А. Жапаров баштаган тиешелүү жетекчилер быйылкы жылы газ, энергетика боюнча кыйынчылык болбостугун билдиришти.
Экс-депутат, энергетика адиси Райымбек Мамыров Борбор Азиядагы бирдиктүү энергетика системасынан Казакстан менен Өзбекстан чыгып кетсе, Кыргызстандын түндүгүнө электр энергиясын ташып жеткирүү машакат иш болорун белгилейт.
Оппозициялык Бириккен элдик кыймыл азыркы реформаны бийликтин коомчулукту алдоо аракети жана көз боемочулугу катары баалап жатат.
Бүгүн бир катар мамлекеттик структуралардын жетекчилери алмашып, айрым жетекчи кызматкерлер кайра эле мурдагы кызматына дайындалышты.
Мурдагы мамкатчы, коомдук-саясий ишмер И. Абдуразаков президент баштаган реформада аткаруу бийлиги экиге бөлүнүп калганын белгилеп, негизги жоопкерчиликти ким көтөрөт деген суроо коюуда.
Эки жумадан ашуун газсыз калган Ош шаарына кайрадан көгүлтүр отун бериле баштады. Бишкекте карызы барлар көгүлтүр от пайдалануудан четтетилүүдө.
АКШнын Бишкектеги Транзиттик борбору кыргызстандык ишканалар менен тыгыз кызматташууну көздөйт. Бул үчүн жергиликтүү ишканалар өндүргөн товарлардын сапаты эл аралык нормаларга туура келүүгө тийиш.
Бээжин саммитинде ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары дүйнөлүк каржы кризисинен биргелешкен аракеттер менен чыгуу чараларын макулдашты.
Адвокат Сартбай Жайчыбеков Балыкчы окуясы боюнча кылмыш иши оппозицияны жана элди коркутуу максатында атайын, алдын-ала даярдалган, деп "Азаттыкка" билдирди.
Дагы жүктөңүз