“Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.
ЕККУнун Бишкек кеңсесинин өкүлү Миклош Харашти Кыргызстандын тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаевге кат жолдоп, анда журналисттерге кол салуулар президенттик шайлоо алдында ойлордун эркиндигин чектейт деп билдирди. Ал ошондой эле бийликти мындай чектөөлөрдү жоюу чараларын көрүүгө чакырган. Буга байланыштуу "Азаттык" кол салууга кабылган журналисттердин бири Абдувахаб Мониевди маектешүүгө чакырды.
Шайлоого бир айдан ашыгыраак убакыт калды. 18-июндан баштап талапкерлер үгүт иштерин жүргүзүүгө киришет. БЭК бирдиктүү талапкери Алмазбек Атамбаевдин жер-жерлердеги штабдарына кысым көрсөтүлүп жаткандыгын айтып, коңгуроо кагууда. Шайлоо өнөктүгү маалында бирдиктүү оппозиция туш болгон кыйынчылыктар жөнүндө аталган кыймылдын басма сөз катчысы Жоомарт Сапарбаев билдирет.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын өкүлдөрү Ноокат окуясы боюнча соттолгондордун тууган-уруктарынын үйлөрүнө барып, аларды видео-маекте соттолгон жакындарын “Хизб-ут-Тахрир” партиясына тиешеси бар деп президент Курманбек Бакиевден кечирим сураганга жана ырайым кылсын деп айтууга мажбурлап жатышат. Бул жөнүндө “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдурасулова “Азаттыкка” айтып берди.
Орусиянын Екатеринбург шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун саммити өтүүдө. Бул уюмдун иш-аракети, Борбор Азиядагы кырдаал тууралуу “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев жооп берди.
Алдыдагы президенттик шайлоонун калыс өтөөрүнө эмитен эле күмөн саноолор күч. Эгерде добуштар бурмаланып, шайлоо мыйзам бузуулар менен коштолсо Кыргызстанда да Ирандагыдай эл толкуп чыгабы? Бул маселе боюнча “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна Бириккен элдик кыймылдын мүчөсү, саясатчы Мукар Чолпонбаев жооп берди.
АКШ баштаган антитеррордук күчтөрдүн “Манас” аба базасына байланыштуу кызуу кептердин аягы тыйыла элек. Айрым саясат талдоочулар “Манас” аба базасынын Кыргызстанда калуусуна Орусия өз кызыкчылыгынын негизинде макулдугун берди деп белгилешсе, бүгүн саясат талдоочу Александр Князев база боюнча жаңы келишим даярдалганын айтты.
Акыркы 16 жылдан бери Кыргызстанда демократиялуу, адилет шайлоо болгон жок. Бирок бул жолку президенттик шайлоодо бийлик элди алдай албайт. Социал-демократтар партиясынын мүчөсү, ЖК депутаты Роза Отунбаева "Азаттыктагы" маегинде ушундай пикирин билдирди.
Ооган президенти Хамид Карзай КР президенти Курманбек Бакиевге атайын кат аркылуу кайрылды. Анда Хамид Карзай Пакистан, Ооганстандагы кырдаалдардын курчушуна байланыштуу антитеррордук коалициянын аскердик “Манас” аба базасын Кыргызстанда калтыруу тууралуу өтүнүчүн билдирген.
Шаршембиде Бишкекте “Жарандык коом жана БШК: шайлоолорду уюштуу үчүн диалог” деп аталган жыйын өттү. Анда алдыдагы президенттик шайлоону акыйкат өткөрүүнү камсыздоочу маселелер каралып, тараптар бул боюнча түрдүү пикирлерин билдиришти. Айрым саясий партиялардын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү шайлоо жараяны ушул таптан тартып эле бузула баштаганын айтып чыгышты.
Кыргызстанда жазгы талаа иштери кызуу жүрүп жаткан кез. Эгин-тегиндер түштүктө дээрлик айдалып бүтүп калса, өлкөнүн түндүк аймактарында айдап-себүүлөр эми башталып жаткан жерлер да бар. Ошол эле учурда жаз аяктап жатса да, айрым жерлердеги айдоо аянттары иштетилбеген бойдон калууда.
Бүгүн Чехиянын борбору Прагада Жакынкы Чыгыш менен Борбор Азия ортосунда узак мөөнөттүк энергетика жана транспорттук байланыш түзүүгө арналган саммит башталды. Мына ушул саммит, Борбор Азиядагы суу-энергетикалык, экологиялык маселелер тууралуу гидро-энергетик адис Райымбек Мамыров “Азаттыкка” кеп салып берди.
4-май күнү “Казакстан” социал-демократиялык партиянын мүчөсү Марина Сабитова менен журналист В. Ковтуновский Кыргызстанга киргизилген жок. Казакстандык жарандар Кыргызстанга “Ата Мекен” партиясынын чакыруусу менен келе жатышкан. “Ата мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев “Азаттыкка” берген маегинде жогорудагы окуяны Кыргызстандагы саясий куугунтуктун жана адам укуктарынын басмырланышы катары айыптады.
Башкы прокуратура 13-мартта Аламүдүн капчыгайында болгон кандуу окуя боюнча тергөө иши аяктап, сотко жиберилгенин жарыя кылды. Ал эми ЖК депутаты Санжарбек Кадыралиевдин өлүмүнө байланыштуу иш тергөөдө.
Кыргызстандын акыйткатчысы Турсунбек Акун кечээ Петровкага барып, абал менен таанышып, жергиликтүү кыргыз-орус эли менен күрт улутундагылардын жолугушуусуна күбө болуп келди. Акыйкатчы Петровкадагы улуттар аралык жаңжалга чейин өсүп жеткен тополоңго жергиликтүү бийлик менен күч органдарынын күнөөсү бар, ошондой эле айыл аксакалдары мындай окуялардын алдын алып, жаштарды тыйууга тийиш болчу, деп эсептейт.
“Намыс” уюмунун лидери, укук коргоочу Уран Рыскулов Петровка айылындагы болгон окуяга күнөөлүү деп айыпталып үч күн камакта отуруп чыкты. Милиция аны негизсиз камаганы аз келгенсип, күнөөсүн териштирбей туруп, “ууру мышыктай” кылып, тымызын чыгарып жиберген. Уран Рыскулов “Азаттык” менен байланышып, ал жактагы соңку кырдаалды баяндап берди.
Дүйнөнү дүрбөлөңгө салып аткан чочко оорусунун алдын алуу боюнча Кыргызстандын медициналык мекемелеринде аракеттер болууда. Бул маселе боюнча Бишкектеги травматология жана ортопедия борборунун жетекчиси, профессор Сабыр Жумабеков “Азаттыкка” айтып берди.
"Азаттыктын" таңкы түз обосундагы талкууда бул жолу “Манас” аскердик аба базасынын Кыргызстанда калуу мөөнөтүн узартуу тууралуу кыргыз-америка сүйлөшүүлөрү, “Ак жол” партиясынын курултайы жөнүндө сөз болду.
Бир нече күндөн бери дүйнөнү дүрбөлөңгө салып жаткан чочко тумоосу аз убакытта эле Америка континентинен Европага тарап, бир нече кишинин өмүрүн алып кетти. Бул коркунучтуу тумоо Кыргызстанга да келбейт деп эч ким кепилдик бере албайт. Кыргызстандын саламаттык сактоо министрлиги чочко тумоосуна каршы кандай аракеттерди көрүп жаткандыгы тууралуу санитардык-эпидемиологиялык департаменттин жетекчиси Төлөн Исаков “Азаттыктын” түз обосунда сөз кылды.
БЭКтин мүчөсү, президенттик шайлоого талапкерлиги жарыялангандардын бири Исмаил Исаков Петровка окуясынан кийинки кырдаал жана шайлоо алдындагы тоскоолдуктар тууралуу “Азаттыктын” түз обосунда кеп салып берди.
Бүгүн Петровкадагы эл нааразылык акциясын улантмакчы. Ошондой эле айылга бүгүн ЖК депутаттарынан турган топ барышы күтүлүүдө. Бул тууралуу Петровкадагы окуя боюнча түзүлгөн элдик комитеттин төрагасы Баялы Саркулов “Азаттыкка” таңкы түз ободо маек куруп берди.
Дагы жүктөңүз