“Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.
Айрым бейөкмөт уюмдар жана оппозициялык партиялардын өкүлдөрү тарабынан бүгүнкү шайлоодо бурмалоолор болуп жаткандыгы айтылууда. Ал эми шайлоодо добуш берген мамлекет башчы Курманбек Бакиев бул жолку шайлоодо демейдегиден көп талапкерлер ат салышып жаткандыгын белгилеп, бүгүн шайланган жергиликтүү кеңештер эл үчүн кызмат кыларына ишенерин билдирди. Мындан тышкары Курманбек Бакиев БШКнын мурдагы төрайымынын билдирүүсү күтүүсүз болгондугун айтып, муну саясатчылар жергиликтүү кеңештерге шайлоонун алдында атайын жасашты, деген пикирин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып ачыктады.
Ушул тапта пахта терим кызуу жүрүүдө. Дыйкандар терип алган акбуласынын баасы өткөн жылга салыштырмалуу 5-6 сомго кымбат болгону менен, кеткен чыгашаны, тарткан мээнетти актабай жаткандыгына нааразылыгын билдирип жатышат.
Башкы прокуратура бүгүн БШКнын мурдагы төрайымы Клара Кабилованын видеокайрылуусунун негизинде козголгон кылмыш ишке ылайык Максим Бакиевди суракка алды. Клара Кабилова видеокайрылуусунда президенттин уулу коркутуп-үркүткөнү, орой сөздөр менен кемсинткени тууралуу билдирген эле. Максим Бакиев болсо ВРС маалымат агенттигине берген интервьюсунда бул ишке эч кандай тиешеси жоктугун маалымдады.
Башкы прокуратура БШКнын мурдагы төрайымы Клара Кабилованын кайрылуусуна байланыштуу кылмыш ишин козгоду. Башкы көзөмөл органынын башчысы Элмурза Сатыбалдиев бул ишке байланыштуу президенттин уулу Максим Бакиев менен президенттик администрациянын башчысы Медет Садыркулов да суралаарын билдирди. Ошондой эле бүгүн “Ата Мекен” партиясы БШКнын мурдагы төрайымынын кызматтан кетүү аракетин колдой тургандыгын маалымдаган билдирүү таратып, президент Курманбек Бакиев элдин кызыкчылыгынан үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгын жогору койду, деп белгиледи.
Бүгүн Беларуста өтүп жаткан парламенттик шайлоого кыргызстандык саясатчылардын пикирлери ар түрдүү. Кээ бир саясатчылар Беларус президенти Александр Лукашенконун акыркы убактардагы оппозицияга жумшара баштаган мамилесин эске алуу менен бул жолку шайлоо мурдагыларга караганда адилет өтөрү бышык, деп эсептешет. Ошол эле учурда беларус бийлиги бул жолу шайлоону демократиялык принциптердин негизинде эмес, Батыш менен мамилесин жакшыртуу кызыкчылыгы үчүн гана акыйкат өткөрүшү мүмкүн, деген пикирлер да жок эмес.
Кыргызстанда көмүр эң арзан баада сатылып жаткан аймак - Нарындын Жумгал району. Бул жерде “кара алтындын” 1 тоннасы 1600 сомдон сатылууда. Ал эми Талас, Чүй, Ысык-Көл облустарында, Нарындын башка райондорунда көмүрдүн тоннасы 2,5 миң сомдон кем эмес. “Азаттыктын” экономикалык “Адам жана базар” программасынын бул жолку чыгарылышында Кыргызстандын түндүк аймактарындагы көмүр баасын, кышка даярдык тууралуу кеп болмокчу.
Бүгүн (18-сентябрь) “Бирдиктүү Кыргызстан” коомдук-саясий кыймылы өлкөнүн экономикалык абалы боюнча форум өткөрдү. Анда азык-түлүк коопсуздугу, энергетикалык кризис жана каржы системасы тууралуу маселелер козголду. Аягында өлкөдө түзүлүп жаткан экономикалык оор кырдаалдан чыгуу боюнча сунуштар кыргыз элине жана мамлекет башчысына жолдонду. Ошол эле учурда тегерек үстөлгө байкоочу катары катышкан айрым саясатчылар “Бирдиктүү Кыргызстан” кыймылы тарабынан уюштурулган бүгүнкү форумдун негизин көбүнчө өткөн чакты эңсөө түзгөнүн билдиришүүдө.
Быйылкы кышта газ Бишкекте үзгүлтүксүз берилет, ал эми анын баасы 1 кубометрине 13-14 сомго айлануусу мүмкүн. Бул тууралуу “Бишкек Газ” ишканасынын жетекчиси Алишер Бейшеналиев кечээ журналисттерге маалымдады. Анын айтуусунда, буга чейин болжолдонуп келгендей 2008-жыл үчүн көгүлтүр оттун баасы миң кубометрине 300 долларга чыгуусу ыктымал. Айрым адистер кыргыз өкмөтү газдын наркы тууралуу өзбек тарап менен тиешелүү деңгээлде сүйлөшүүлөрдү жүргүзө албаганы –карапайым калктын эле чөнтөгүн жукартып жаткандыгын белгилешет.
Мурдагы баш прокурор, экс-депутат Азимбек Бекназаров башында турган Революциялык комитет өлкөнүн расмий бийлигин Конституциялык жол менен токтоосуз түрдө тактан кулатууну көздөйт. Бул тууралуу Кыргызстан элине кайрылуусун ревкомдун жетекчиси бүгүн маалымат жыйынында ачыктады. Анын айтуусунда 2005-жылы март ыңкылабынан кийин бийликке келген Курманбек Бакиев мамлекетти башкара алган жок. Айрым саясатчылар эгерде ыңкылап болсо ал кандуу болуусу ыктымал деген кооптоонууларын айтышууда.
Маалымат каражаттарында айтылгандай, бүгүн “Акыйкат үчүн” кыймылынын алдында түзүлгөн Коомдук парламент кезектеги жыйынына чогулат. Анда өлкөдөгү экономикалык жана саясый кырдаалга, сөз эркиндиги жана адам укуктарынын абалына баа берилмекчи. Мындан тышкары жыйындын катышуучулары Кыргызстандын өнүгүү концепциясын талкууга алышат. Ошол эле учурда оппозициянын мындай аракеттеринен эч майнап чыкпастыгын белгилеген саясатчылар да бар.
“Алиби” гезитинин мурдагы баш редактору, учурда “Ачык саясат” гезитин чыгарып жаткан Бабырбек Жээнбековго белгисиз адамдар тарабынан коркутуп-үркүтүүлөр уланууда. Бул тууралуу ал бүгүнкү маалымат жыйынында билдирди. Ошондой эле “Ата Мекен” партиясы “Алиби” гезитинин мурдагы баш редактору, партиянын мүчөсү Бабырбек Жээнбековдун шаардык кеңештин депутаттыгына талапкер катары кол тийбестик макамына карабастан мыйзамсыз камакка алган милиция кызматкерлеринин ишине байланыштуу прокуратурага кайрылмакчы. Кепти кабарчыбыз Замира Кожобаева улантат.
Кыргызстандагы энергетикалык кризис кыш жакындаган сайын калкты кантип отун-суу менен камсыз болуу түйшүгүнө салууда. Быйылкы жылы көмүрдүн баасы өлкөнүн түштүгүндө да кымбат. Ушул тапта алыскы Баткенде 1 тонна көмүр 6,5 миң сом болууда. Ошол эле учурда аткаминерлер “кара алтындын” баасы тоннасына 3 миң сомдон ашпайт деген убадаларды байма-бай берип келишет. “Азаттыктын” жекшембилик “Адам жана базар” аттуу экономикалык түрмөгүнүн бүгүнкү чыгарылышында мына ушул маселе тууралуу кеп болмокчу.
Бүгүн Бишкекте оппозициялык ири партиялар биригүү тууралуу чечимге келишти. “Ата Мекен”, “Ак шумкар” саясий партиялары менен чогуу жарандык биримдик түзүү демилгесине Социал-демократтар партиясы да кошулганын жарыялады. Айрым саясатчылар оппозициянын жаңы биримдиги мурдагы “Реформа үчүн”, “Бириккен Фронт” сыяктуу эле максатына толук жетпей калуусу ыктымалдыгын болжолдошууда.
Бүгүн “Де-факто” гезити Бишкек шаардык сотунун чыгарган жана күчүнө кирген чечимин токтото туруу арызы менен Жогорку Сотко кайрылды. Ушундай эле арыз менен дагы бир басылма - “Алиби” гезити да Жогорку сотко кайрылат. Бишкек шаардык соту жакында Биринчи Май райондук сотунун бул гезиттерден президенттин бир тууганы Жаныш Бакиевдин уулу Асылбек Бакиевдин пайдасына 1 млн сом өндүрүп берүү тууралуу чечимин күчүндө калтырган эле. Жергиликтүү укук коргоочулар бул көрүнүштү сөз эркиндигине жасалып жаткан басым катары баалашууда.
Түштүк Осетиядагы кырдаал кыргызстандык саясатчылардын да көз кырында турат. Кавказдагы согуш отунун тутанышына негизги себеп Грузия менен Орусиянын ортосундагы бир топтон бери айыгышып келе жаткан мамиле болду деген пикирлер айтыла баштады. Айрым саясат талдоочулар бул кырчылдашка Жамааттык коопсуздук кызматташуу уюмунун (ЖККУ) аскерлери да тартылышы ыктымал деген пикирлерин билдиришсе, кээ бирлери Грузия -Түштүк Осетия чатагынын алкагында Кыргызстандан АКШнын “Манас” аскерий аба базасын чыгаруу тууралуу сунуштар болушу ыктымал деген ойлорун айтышууда.
“Азаттыктын” апталык “Адам жана базар” экономикалык берүүсүндө мал этинин баасы тууралуу сөз болмокчу. Байкоочулар тоюттун жетишсиздигинен акыркы убактарда малдын баасы бир топ ылдыйлаганын айтышууда. Бирок базарларда, дүкөндөрдө сатылып жаткан эт жана эт азыктарынын бааларында эч кандай өзгөрүү жок. Керектөөчүлөр мунун себебин ортомчу кызыл кулактардан көрүшүүдө.
”Ата Мекен” партиясы Афинада өткөн социалисттик интернационалдын жыйынына катышып келди. Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен Кыргызстан алгачкылардан болуп Социалисттик интернационалдын мүчөсү болуп кирди. Аталган конгрессте жер жүзүндө климаттын жылышы, экономикалык жаңы саясат жана коопсуздук маселелери каралган. Эки кылымдык тарыхы бар Социалисттик интернационал уюмуна мүчө болуусу –“Ата Мекен” партиясы үчүн чоң жетишкендик, деген пикирлер айтылууда.
Ушул тапта өлкөнүн түштүгүндө күздүк арпа-буудай оруу кызуу жүрүп жатат. Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигинин маалыматы боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы республикадагы буудайдын 7% орулду. Ар жекшемби сайын обого чыгуучу “Адам жана базар” аттуу экономикалык программабыздын бүгүнкү чыгарылышында мына ушул маселе тууралуу кеп болмокчу.
Бүгүн Бишкекте КМШ мамлекеттеринин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйыны болду. Анда министрлер аскердик-техникалык кызматташуу, абадан коргонуу боюнча чечимдерди кабыл алышты. Аягында шериктештик мамлекеттеринин коргоо министрлери журналисттер үчүн кыскача маалымат жыйынын өткөрүштү.
1-июлдан тартып электр энергиясына жана жылуулукка баалар кошулду. Электр энергиясы карапайым калк үчүн бир килловат сааты 70 тыйынга, ал эми өнөр жай ишканалары үчүн 96 тыйынга чыкты. Ал эми жылуулук менен ысык суунун баалары этап-этабы менен көтөрүлмөкчү. Баалардын минтип бир убакта кымбатташы өзгөчө шаардыктардын тынчсыздануусун жаратууда. Адистер болсо баалардын көтөрүлүшүнө бийликтеги коррупция менен өкмөттүн баа саясатынын жоктугу себеп деп эсептешет.
Дагы жүктөңүз