“Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.
Камбарата-2 ГЭСинин курулуш иштери жаңы жылдан тарта башталат. ГЭСтин 1-агрегатын ишке киргизүү милдетин алган “Нарынгидроэнергокурулуш” АК 2,5 млн долларлык жаңы техникалар сатылып алынгандыгын кабарлады. Ал эми бир жума мурда мамлекет тарабынан бөлүнгөн 300 млн сом “Электр станциялары” акционердик коому аркылуу которулмакчы. Ишкана алдына койгон милдеттенме боюнча Камбарата-2 ГЭСинин 1-агрегаты 2009-жылдын 22-декабрында ишке киргизилүүгө тийиш.
16-декабрда өтүүчү парламенттик шайлоо учурунда административдик ресурс колдонулат деген тынчсыздануулар азыртан айтыла баштады. Саясатчылардын айтуусунда бийлик өзүнө ыктаган саясий партияларды өткөрүү үчүн түрдүү жолдорго баруусу мүмкүн. Буга бир ай мурун болгон жалпы элдик Референдумдун жүрүшү жана жыйынтыгы далил экендигин белгилешет алар.
Апрель митинги учурунда массалык башаламандык уюштурган деп айыпталып жаткан Адилет Айтикеевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлбөй, мындан ары да камакта жата бермекчи. Бүгүн Бишкек шаардык соту анын актоочуларынын өтүнүчүн четке кагып, Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.
“Ак Жол” партиясы парламенттик шайлоого үгүт ишин мөөнөтүнөн мурда баштап, мыйзам бузду деген доомат арыз менен “Ата Mекен” партиясы бир нече күн мурун Борбордук Шайлоо Комиссиясына кайрылган. Буга 27-октябрь күнү Алатоо аянтында өткөрүлгөн концерт себеп болууда. “Ата Мекен” партиясынын арызы боюнча БШК мүчөлөрү эки ача пикирде. Айрымдары партиядан арыз келип түшкөндүгү тууралуу таптакыр кабардар болушпаганын билдиришсе, кээ бирөөлөрү доо арыз негизсиз деген пикирде.
Бийликке ыктаган «Ак жол» партиясын парламенттик шайлоого тизме боюнча Конституциялык Соттун төрайымы Чолпон Баекова баштап чыкмай болду. Мындай чечим партиянын 11-ноябрда өткөн курултайында кабыл алынды. Бир катар саясатчылар муну Конституциялык Соттун төрайымы менен президенттин ортосунда болгон соодалашуунун натыйжасы катары көрүп жатышат. Ошол эле учурда анын партиялык тизменин башына чыгарылышы тизмеде гендерлик жана аймактык теңчиликти камсыздоонун аракети деп эсептегендер да бар.
Аксы окуясына байланыштуу жаңы ачылган жагдайлар боюнча Бишкек гарнизондук соту өкүм чыгарды. Ага ылайык кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталып жаткан ИИМ министринин мурдагы орун басары Садырбек Дубанаев күнөөсү далилденбегендигине байланыштуу акталды. Ал эми Жалалабат облустук ИИБ жетекчиси Кубанычбек Токобаев жана Жалалабат облусунун мурдагы прокурору Зоотбек Кудайбергенов эки жылдык сыноо менен шарттуу түрдө беш жылга эркинен ажыратылды. Сот өкүмүнө ыраазы болбогон aксылыктар азыркы бийликтин тушунда Аксы окуясына акыйкат баа берилип, күнөөлүүлөр аныкталбайт деген бүтүм чыгарышууда.
Бүгүн Бишкекте “Жашылдар” партиясы “Ачка Кыргызстан Референдумга каршы” деген аталышта митинг өткөрдү. Митингге партия мүчөлөрү, жер-жерлерден келген пенсионерлер жана алданган аманатчылар катышты. Нааразылык акциясын өткөрүүгө бийлик тарабынан ачык бут тосуулар болбогону менен, үн күчөткүч аппаратуралар, ураан-чакырыктар жазылган плакаттар жүктөлгөн автомашина партиянын эки активисти менен кошо камакка алынды.
Бүгүн түшкө жуук ИИМдин алдындагы 9-бөлүмдүн кызматкерлери “Жашылдар” партиясынын Бишкектеги кеңсесин тинтүүгө алышты. Алар мунун себебин окуу жайларга эртеңки митингге чакырган баракчалардын таратылышы менен байланыштырышкан. Партиянын төрагасы Эркин Бөлөкбаев мындай кадамдар митингди болтурбай коюу үчүн бийлик тарабынан атайын жасалып жатат деген ойдо.
Президент Курманбек Бакиев кечээ Референдумга коюлган Башмыйзамдын долбооруна өзгөртүү киргизүү тууралуу жарлыгын чыгарды. Ага ылайык парламенттик шайлоодо өлкөнүн ар бир облусунан тизмедеги шайлоочулардын кеминде 0,5%, ал эми жалпы өлкө боюнча 5% добушун алган саясий партия гана Жогорку Кеңешке келе алат. Айрым партиялардын өкүлдөрү мындай жобо айрым оппозициялык партияларды парламентке келтирбөө максатында жасалууда жана кичинекей Кыргызстан үчүн 5% босого өтө эле чоң деген пикирлерин билдиришүүдө.
Адистердин айтуусунда Камбарата-2 ГЭСинин курулушу үчүн 350 млн долларга чукул каражат керек. Каракөл шаарындагы “Нарынгидроэнергокурулуш” акционердик коомунун коллективи Камбарата-2 ГЭСи курулушка бөлүнүүчү каражатты бат эле актай тургандыгын белгилешүүдө. Алардын айтуусунда Камбарата-2 ГЭСинин ишке кириши Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө чоң көмөк бермекчи.
Мал ылаңынын көбөйүшүнө жана нандын кымбаттагандыгына байланыштуу өкмөттүн иш-аракети тууралуу Жогорку Кеңештин токтому бүгүн кабыл алынган жок. Токтомдун долбоору боюнча депутаттар бир пикирге келе албай жатышат. Айрым депутаттар өкмөттүн ишине канааттандырбайт деген баа берүү керек деген сунуш менен чыгышты.Өкмөт башчы болсо аткаруу бийлиги менен парламент чогуулап иштегенде гана кыйынчылыкты жеңүүгө болот деп моюн бербей турат.
“Кыргызстанда укук коргоо органдары укук бузуучу органга айланып, өлкө Архипелаг Гулаг болуп калды”. Мындай билдирүү менен чыккан “Бириккен фронттун” мүчөсү, “Жашылдар” партиясынын жетекчиси Эркин Бөлөкбаев азыркы бийлик өзүнүн чексиз үстөмдүгүн бекемдөө, жарандарды баш көтөртпөө максатында адамдарды куугунтуктоого, атууга да даяр деген оюн билдирип, коомдогу күчтөрдү биригүүгө, “үй-бүлөлүк” башкаруу системасына каршы күрөшүүгө чакырууда.
Акыркы эки-үч ай ичинде азык-түлүк баасынын кымбатташы Кыргызстанда саясий-экономикалык олку-солкулукка алып келүүсү мүмкүн. Айлык акыларды жана пенсияны 15-20% көбөйтүү менен кыргыз өкмөтү өлкөнү экономикалык кризистен чыгара албасын белгилеген адистер чыдамы кеткен эл көчөгө чыгарын болжолдошууда.
Аксы окуясы боюнча кошумча козголгон дагы эки кылмыш иши боюнча тергөө жүрүп жатат. Ага ылайык дагы бир нече мурдагы жетекчилерге, анын ичинде экс-президент Аскар Акаевге да кылмыш иши козголуусу мүмкүн.
Кыргызстандагы “Кайыңды кант” заводу жабылып жаткандыгы тууралуу маалыматтар айтылууда. Аталган завод өлкөдөгү кант өндүрүүчү монополист ишкана болуп эсептелчү. Кызылча айдаган дыйкандар жайды жайлай кылган мээнети менен алган түшүмүн кайда алып барууну билбей баш катырып жатышат. Адистер болсо заводдун жабылышы менен Кыргызстанда канттын баасы көтөрүлөрүн айтышууда.
Жогорку Кеңештин депутаты, Аксы окуясын иликтеген депутаттык комиссиянын төрагасы Дооронбек Садырбаев өзүнүн өмүрүнө коркунуч туулуп жаткандыгын бүгүн парламентте жарыя кылды. Анын айтуусунда комиссия жүргүзгөн иликтөөнүн жыйынтыгынын ачыкка чыгуусун каалабагандар депутаттын көзүн тазалоону кылмыш дүйнөсүнүн адамдарына тапшырышкан. Парламент Дооронбек Садырбаевдин билдирүүсү боюнча атайын токтом кабыл алып, анын коопсуздугун камсыз кылууну Ички иштер министрлиги менен Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке тапшырды.
Кыргызстандагы укук коргоочулар көз карандысыз соттук-медициналык экспертиза зарылдыгын белгилешүүдө. Алардын айтуусунда мамлекетке баш ийбеген соттук-медициналык экспертиза болмоюнча, күч структураларында коррупция токтобойт. Ал эми Адилет министрлиги соттук-медициналык экспертиза соттор сыяктуу эле көз карандысыз экендигин билдирүүдө.
Каракече көмүр кени кайрадан талашка түшүү коркунучунда турат. Кенди иштетип жаткан ишкана ээлеринин айтуусунда “Жоомарт” кыймылынын жетекчиси Нурлан Мотуев Каракечени мыйзамсыз ээлеп алуу аракеттерин кайрадан баштоодо. Алардын белгилөөсү боюнча кенди Мотуев ээлеп отурган бир жарым жыл ичинде мамлекеттик бюджет 16 млн сомго зыян тарткан. Нурлан Мотуев болсо мындай дооматтардын баарын жокко чыгарып келе жатат.
Күч колдонуу милиция кызматкерлеринин кызматтык милдетинин бир бөлүгү болуп калды деген тынчсыздануу менен укук коргоочулар добулбас кага башташты. Алар күч колдонуу менен айрым учурларда кишини өлүмгө чейин жеткирип жаткан тартип сакчылары тиешелүү түрдө жоопко тартылбай, мыйзамдан тыш калып жатканын айтышууда. Акыркы бир жыл ичиндеги эле милиция кызматкерлеринин кыйноолоруна туш болгон жана табышмактуу өлүм менен каза тапкан жарандар ондоп саналат.
23-августта Каракече көмүр кенинде болгон окуя боюнча прокуратура иликтөө жүргүзүп жатат. Жумгал районунун Башкууганды айлынын тургуну Сапарбек Бактыбеков өзүн Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев баш болгон жоон топ киши опузалап, машинасына карата ок аткылагандыгы тууралуу арыз менен Жумгал райондук прокуратурасына кайрылган. Учурда Каракече көмүр кени милиция кызматкерлери тарабынан кайтарууга алынды.
Дагы жүктөңүз