“Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.
БУУнун баңзат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын маалыматы боюнча өткөн жылы баңзаттарды кармоо жана жок кылуу жагынан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан алдыңкы орунга чыккан. Ошентсе да Кыргызстан негизги наркотраффиктердин бири болуп калууда. Ооганстанда өндүрүлгөн маңзаттардын көпчүлүк бөлүгү Тажикстан жана Кыргызстан аркылуу Орусияга, андан ары Европа өлкөлөрүнө ташылып жатат. Ошол эле учурда элүү миңден ашуун кыргыз жарандары баңзат пайдаланышат. Алардын ичинен 12% жетиле элек балдар.
Эл аралык Reuters агенттиги Казакстанда алтын казып жаткан Eurasia Gold компаниясы Тажикстандын күмүш, ал эми Кыргызстандын алтын жана жез кендеринин допэмиссияларын Лондондогу дүйнөлүк биржага коюуну көздөп жаткандыгын жазып чыккан. Кыргызстандагы геология боюнча мамлекеттик агенттик бул маалыматты төгүнгө чыгарып, Жалалабад облусунун аймагында жайгашкан алтын-күмүш-жез кенин казууга Казакстандык “Демикс голд” компаниясы лицензия алгандыгын билдирүүдө.
Бүгүн эки шайлоо аймагынан: №40 Отузадыр жана №57 Кемин округдарынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү башталат. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча талапкерлерди көрсөтүү 23-мартка чейин созулат. Эки округдагы шайлоо өнөктүгүнө БШК 2,5 млн сомдон ашуун каражат сарптамакчы болууда.
Кыргыз өкмөтүнүн чечими менен Кыргызстан ХИПИК программасына кирбей калды. Буга байланыштуу коомчулукта түрдүү пикирлер айтылууда. Айрым адамдар бул программа менен Кыргызстанга мойнундагы 2 млрд 150 млн долларлык тышкы карызын жеңилдетип алуу мүмкүнчүлүгү туш келген, андан баш тартуу туура эмес болду дешсе, кээ бирлери экономиканы туура пайдалануу менен ХИПИКсиз эле тышкы карыздан кутулабыз деп үмүттөнүп жатышат.
Дүйнөлүк Банктын Борбор Азия өлкөлөрү боюнча жаңы дайындалган жетекчиси Аннетт Диксон менен аталган банктын Кыргызстандагы өкүлү Роджер Робинсон кечээ журналисттер менен жолугушту. Анда негизинен ХИПИК программасы тууралуу кеп болду. Айрым байкоочулар Анетт Диксондун Кыргызстанга келүүсүн кыргыз өкмөтүн ХИПИК программасын кабыл алууга макулдатуу максаты менен байланыштырып жатышат.
Өткөн жылдын күзүндө ЖК депутаты Өмүрбек Текебаевге байланыштуу болгон “Матрешка” окуясы боюнча депутаттык изилдөө улантылып жатат. Ал эми бул окуяга түздөн-түз тиешеси бар деп саналып, кызматынан кеткен Улуттук Коопсуздук Кызматынын жетекчиси Жаныш Бакиев өзүн жок жерден күнөөлөдү деген доо менен сотко кайрылып, парламентти кечирим суратууга жетишкен. Мына ушул маселелер боюнча ЖК төрагасынын орун басары, “матрешка” окуясына изилдөө жүргүзүүчү депутаттык топтун жетекчиси Тайырбек Сарпашев “Азаттыктын” кабарчысы Замира Кожобаеванын суроолоруна жооп берген.
Мындан ары Кыргызстандын жарандары Орусиянын аймагына ички паспорт же башкача айтканда ID карта менен кире алышат. Бул өткөн жылдын аягында эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин ортосунда түзүлгөн ноталык келишимдин негизинде ишке ашты. Бирок ошол эле учурда Кыргызстандын ички паспортун Казакстан менен Өзбекстан тааныбайт.
Бүгүн советтик аскерлердин Ооганстандан чыгып кеткенине он сегиз жыл болду. Ушул тапта Ооган согушунун Кыргызстанда жети миңге чукул ардагери бар. Аларга мамлекет тарабынан түрдүү социалдык жардамдар жана жеңилдиктер каралган. Айрым байкоочулар он жылга созулуп, бир нече миңдеген жоокерлердин өмүрүн алып кеткен Ооган согушунун максатсыз болгондугун айтышат.
“Ар-Намыс” партиясынын лидери, мурдагы өкмөт башчы Феликс Кулов бүгүн маалымат жыйынын өткөрөт. Ушул тапта коомчулук анын маалымат жыйынында айтар сөзүн божомолдоп, Куловдун мындан ары ээлей турган позициясына терең кызыгуу менен байкоо салып турган учур. Айрым пикирлер боюнча ал кайрадан оппозициянын катарына кириши ыктымал. Башка пикирлерге караганда, Феликс Кулов кийинки президенттик шайлоого катышууга катуу даярдык көрө баштайт дешет.
Кыргызстандын түштүк аймактарында кайрадан орусча үлгүдөгү фамилияга өтүүнү каалагандардын саны арбыды. Алардын көпчүлүгү Орусиянын, Казакстандын жарандыгын алууну максат кылгандар жана бул өлкөлөргө жумушка барууну каалагандар болууда.
Кыргызстанда күйүүчү май 50 тыйынга арзандады. Дүйнөлүк нефть базарында баанын төмөндөөсү менен кыргыз базарында күйүүчү майдын баасы дагы төмөндөөсү мүмкүн. Ал эми Кыргызстандагы нефтетрейдерлер ассоциациясы жазгы талаа жумуштарынын учурунда да баа көтөрүлбөй тургандыгын белгилешүүдө.
Орусия менен Кыргызстандын достук-кызматташтык мамилеси мындан ары да өнүгө берет. Анткени, эки мамлекет тең бир нече эл аралык шериктештик жана кызматташтык уюмдардын мүчөсү. Мындай пикирин Орусиянын Кыргызстандагы жаңы дайындалган элчиси Валентин Власов кечээ маалымат жыйынында билдирди. Анын айтуусунда чет элдик эмгек мигранттарына байланыштуу орус өкмөтүнүн токтому миграция жараянын тартипке келтирүү максатында жасалган кадимки көрүнүш, мындан эки өлкөнүн ортосундагы алака өзгөрбөйт.
Жогорку Кеңеш 30-январда алкоголдук ичимдиктер жана спиртти өндүрүү, сатуу боюнча мамлекеттик агенттиктин ишине байланыштуу мыйзамды кароодон баш тартты. Айрым депутаттар аталган агенттикте коррупциялык көрүнүштөр орун алгандыгын белгилешип, мыйзамды кароону өкмөттүн жаңы структурасы бекитилгенден кийинкиге калтырууну сунушташты. Депутаттардын айтуусу боюнча учурда Кыргызстанда алкоголдук ичимдиктердин 80% көмүскөдө өндүрүлөт.
Өткөн жуманын аягында Башкы прокуратура 2006-жылкы ишинин жыйынтыгы боюнча кеңейтилген коллегиясын өткөрдү. Аталган тармактын коррупцияга каршы күрөш, буйрутма киши өлтүрүүлөрдүн ачылышы жана башка кылмыш иштери боюнча аткарган иштери, Башкы прокурордун Аксы окуясы боюнча айткан бүтүмү коомчулук тарабынан сынга алынууда. Айрым коомдук уюмдар Башкы прокуратуранын жыл ичинде жасаган иши канааттандырбай тургандыгын билдирип жатышат.
Жаңы жыл алдында президент кол койгон жарлыкка ылайык, 2007-жылы дарыгерлердин, мугалимдердин, маданият жана илимий кызматкерлердин айлык акылары 30 пайызга, ал эми Ички иштер министрлиги менен жаза аткаруучу тармакта иштеген кызматкерлердин айлык акылары 50% көбөйтүлдү. Каржы жана экономика министрлигинин маалыматы боюнча быйылкы орточо айлык 2005-жылкы орточо айлык акыдан 2,5 эсеге өстү. Ал эми айрым адистер 2005-жылдан бери инфляция дагы эки эседен ашуун өскөндүгүн айтышууда.
Акыркы үч жылдын ичинде Кыргызстанда 29 киши жалданма киши өлтүрүүчүлөрдүн курмандыгы болушту. Беш кишини буйрутма жол менен өлтүрүүгө аракеттер жасалган. ИИМдин уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын маалыматы боюнча булардын жетөө гана сотко ашырылган.
Башмыйзамдын жаңы редакциясы менен Кыргызстандын кыргыз жарандары кош атуулдук алуу укугуна ээ болушту. Буга ылайык, Кыргызстанда төрөлбөгөн чет элдик кыргыздар да Кыргызстандын атуулу боло алышат. Ал эми ушул тапта башка мамлекеттин атуулдугун алууну каалаган кыргыздарга Кыргызстандын атуулдугунан чыкпай туруп, башка атуулдукту алууга мүмкүнчүлүк болмокчу.
Кочкордогу жана Баткендеги жер титирөөдөн жабыркаган аймактар боюнча 17-январда Жогорку Кеңештин өзгөчө кырдаалдар, токой чарбалар жана экология боюнча комитети кеңейтилген жыйын өткөрдү. Ага өкмөт мүчөлөрү жана Нарын, Баткен облустарынын губернаторлору катышып, кырсыктан жабыркагандарга берилип жаткан жардам тууралуу маалымат беришти. Айрым депутаттар өкмөт жер титирөөдөн жабыркагандарга жакшы көңүл бурбай жатат деп нааразы болушту.
15-январдан тарта орус өкмөтү чет элдик ишкерлерди өлкөдөн чыгара баштайт.Буга ылайык учурда Орусиянын шаарларында соодагерлик кылып жүргөн 200 миңге жакын Кыргызстандык жарандар да ишкерлигин токтотуп, кайра мекенине кайтып келүүгө аргасыз болушат. Ушундан улам көптөгөн кыргызстандыктар кайтып келүүнүн ордуна Орусия жарандыгын алууга аракет жасашууда.
Анжиян коогалаңына байланыштуу мекенинен качып чыгып, Кыргызстанда баш калкалап жүрүшкөн Өзбекстандык качкындардын абалы оор болууда. Аларга айрым эл аралык уюмдар тарабынан берилип келген батир үчүн төлөнүүчү каражат жана жан башына эсептелип берилүүчү тамак-аш берилбей калды. Качкындарга мындай жардам берип келген уюмдардын бири - “Адилет” укуктук клиникасы бул бир жолу гана көрсөтүлүүчү жардам экендигин белгилеп, бирок жаңы жылдан тарта Өзбекстандык качкындарга дагы колдоо болорун билдирүүдө.
Дагы жүктөңүз