“Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.
Палестин лидери, маркум Ясир Арафаттын ишмердиги тууралуу Кыргызстанда да кызуу сөз болууда. Айрым саясатчылар аны палестин элинин боштондугу үчүн өз өмүрүн сайган чыныгы эл уулу болгон дешсе, кээ бирлери тескерисинче Арафатты диктатор катары баалашат.
Кыргызстандын президенти Аскар Акаев бүгүн 60 жашка толду. Ал мамлекет башчылыгына 46 жашында келген. 14 жыл мамлекетти башкаруу мезгилинде Аскар Акаевдин кыргыз эли үчүн жараткан ийгиликтери жана кетирген кемчиликтери тууралуу коомчулуктун пикирлери кандай?
Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Дүйшөн Чотонов Кыргызстандын президенти Аскар Акаевге ачык кат жолдоду. Депутаттын айтымында буга себеп - алыскы Алайкуу өрөөнүнүн жолунда болгон автокырсыктар жана андан каза табышкан адамдардын ырасмий бийлик тарабынан күнөөлөнүшү. Дүйшөн Чотонов "бир эле эмес бир нече жолу болуп, элүүгө жакын адамдын өмүрүн алып кеткен автокырсыктар азыркы бийликтин начар иштеп жаткандыгынан улам болуп жатат" деп эсептейт.
Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны 5-ноябрда да кворум жоктугунан кезектеги отурумун өткөргөн жок. Буга дагы деле оппозициячыл маанайдагы жана айрым орточул депутаттардын өлкөнүн энергетика жана газ тармагын менчиктештирүүгө каршы болушуп, каттоодон өтпөй койгондугу себеп болду. Энергетика тармагын менчиктештирүүгө тиешеси бар «Концессия жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүү жана кошумчаларды киргизүү сунушу менен келишкен өкмөт мүчөлөрүнүн аргументтери оппозициячыл депутаттарды ынандыра алган жок. Маселе келерки шейшемби күнү - 9-ноябрда карала турган болду.
1-3-ноябрда Бишкекте SIDA уюму, ПРООН жана кыргыз өкмөтү биргелешип түзгөн “Гендерлик теңчиликке жетишүүдөгү аялдар менен эркектердин кызматташуусу” долбоорунун негизинде эларалык конференция болуп жатат. Анда аялдардын саясаттагы, ишкерликтеги, журналистикадагы, айыл чарба, өнөр-жай өндүрүшүндөгү жана үй-бүлөдөгү орду тууралуу маселелердин айланасында сөз болууда.
1-ноябрь күнү «Кыргызстандын элдик-патриоттук кыймылы» маалымат жыйынын өткөрдү. Анда кыймылдын жетекчилери Кыргызстандын президенти Аскар Акаевди бийликтен кетирүү үчүн атайын акция башташкандыгын билдиришти.
«Сорос» фонду Кыргызстандын каржы министрлиги менен бирдикте бюджеттин ачык-айкын болуусуна багытталган «Бюджет жөнүндө сүйлөшүү» деп аталган шериктештик долбоорун ишке ашырып жатат. Долбоор үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында ишин баштаган. Бүгүн аталган долбоордун негизинде ишкерлердин, атуулдук коом жана маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда «Бюджеттин ачык-айкын болуусунда коомчулукиун жана ММК нын ролу» деген темада тегерек үстөл болуп өттү.
Кыргызстандагы ири компаниялардын бири - «Шоро» компаниясы 3-сентябрь күнү маалымат жыйынын өткөрдү. Анда компаниянын «Тренинг жана консалтинг» борбору менен бирдикте аягына чыгарган бизнес тармагында иштөөчү кызматкерлерди даярдоо боюнча долбоор жана компаниянын иши тууралуу сөз болду.
Ошто түзулгөн «Ойгон Кыргызстан жаштары» кыймылынын мүчөлөрү Ноокат, Араван, Карасуу райондорун кыдырышып, эмдиги жылы болуучу шайлоолорго карата элдин маанайы жана даярдыгы менен таанышып кайтышкан. Алардын пикири боюнча элет калкы келерки жылы болуучу шайлоого кайдыгер жана шайлоо тууралуу түшүнүгү тескери. Бирок алардын ойлоруна каршы пикирлер да жок эмес.
Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө карата 30-август күнү Бишкек шаарынын четиндеги жаңы конуштардын бири «Ак өргөөгө» троллейбус жүргүзүлүп, беш жылдык башталгыч мектептин ачылышы болду. Бул салтанаттарга Кыргызстандын президенти Аскар Акаев, премьер-министр Николай Танаев жана мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов катышты.
13-август күнү Сокулук райондук соту тарабынан 19-түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Феликс Куловдун арызы каралды. Сот ушул 19-түрмөнүн өзүндө, жабык эшик артында өттү. Ишти караган Сокулук районунун соту Бекешов Куловдун арызы канааттандырууга жатпайт деп тапты.
Мамлекеттик коопсуздук кызматынын Чүй облустук башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз миграция агымынын бети ачылды. Бул агым Бангладештин атуулдарына алгач Борбор Азияга, андан Европа өлкөлөрүнө мыйзамсыз чыгып кетүүсүнө мүмкүнчүлүк берүүгө аракет жасаган. 12-август күнү Коопсуздук кызматынын Чүй облустук башкармалыгынын кызматкерлери бул окуя тууралуу маалымат жыйынын өткөрүштү.
Жамааттык коопсуздук келишими уюму тарабынан өткөрүлүп жаткан «Чек-2004» деп аталган аскердик машыгуу бүгүн аягына чыкты. Машыгуу Балыкчы шаарынын жанындагы тоодо жайгашкан «Мамыры гүлү» талаа полигонунда өттү.
Өткөн жуманын аягында Тажикстандагы көз карандысыз басылмалардын башында турган, тажик өкмөтүнө оппозициялык маанайдагы «Рузи-нав» гезитинин редакторун белгисиз адамдар сабап кетишкен. Гезит редакторунун айтымында бул катар-катар жарыяланган бир нече макалалардан кийин болгон окуя. Тажикстанда сөз эркиндиги жок дешет журналисттер. Ал эми Кыргызстанда абал кандай?
БУУнун өнүгүү программасынын жана Азия өнүгүү банкынын жардамы менен Кыргызстанда суу көйгөйүн чечүүгө аракет жасалып жатканына карабастан, түштүк аймагында ичүүчү жана сугат суунун таңсыктыгы бүгүнкү күнгө чейин маанилүү маселелердин бири болуп калууда. Оштун Араван районунун Акшар айлынын жашоочулары сугат суунун тартыштыгынан эгиндери болбой калгандыгын, ичүүчү таза суу жоктугунан адамдар ар кандай жугуштуу ооруларга тушугуп жатышкандыгын айтып, даттанып келишет.
29-июль күнү башталган «Маалымат алуудагы кыйынчылыктар жана келечек» деп аталган конференция 30-июлда уланды. Бүгүн «Жарандарга маалымат берүү» жана «Саясий маанилүү чечимдерди кабыл алууда жарандардын катышы» деген темалар боюнча сөз болуп, бийлик органдарынын маалымат кызматтары менен массалык маалымат каражаттарынын ортосундагы карым-катыш тууралуу кызуу сөздөр айтылды.
АКШнын борбордук командачылыгынын башчысы Жон Абизейд Кыргызстанга иш сапары менен келди. 28-июль күнү ал Кыргызстандын коргоо министри Эсен Топоев жана чегара кызматынын төрагасы Калмурат Садиев менен жолугушту. Анын жүрүшүндө эки өлкөнүн аскердик мамилелеринин абалы жана аны өнүктүрүү боюнча сөз болду.
Бүгүнкү күндө жаштар саясатка, мамлекеттин келечегине кайдыгер деген сын-пикирлер айтылып келет. Бирок жаштардын көпчүлүгү Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясат аларды да кызыктыраарын айтышып, бул дооматты четке кагышат. Анткени жаштардын саясатты өзгөртүүгө тиешелүү аракеттери көбүнчө улуу муундардын бут тосуусуна дуушар болот.
Алай районунун Сарымогол аймагы узак убакыттар бою Тажикстанга малга жайыт катары арендага берилип келген. Мындан эки жыл мурун кыргыз жана тажик өкмөттөрүнүн чечими менен аймак кайрадан Кыргызстанга өткөң. Жакында Ош облусунда иш сапары менен болгон премьер-министр Николай Танаев Сарымогол айылынын жагдайы менен таанышып кайткан. 26-июль күнү өкмөттүк аппараттын кызматкерлери маалымат жыйынын өткөрүп, Сарымоголдогу маселелер жана алардын чечилүү жолдору тууралуу маалымат беришти.
21-июлда Украинанын Кыргызстандагы иштери боюнча убактылуу ишенимдүү өкүлү Владимир Соловей маалымат жыйынын өткөрдү. Анда өкүл жүрналисттерди Украина республикасындагы саясий-экономикалык кырдаал менен тааныштырып, эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтык тууралуу айтып берди. Ал эми Украинанын Кыргызстанга болгон 27 миллион доллардан ашуун карызы тууралуу суроого так жооп айтылган жок.
Дагы жүктөңүз