"Азаттыктын" Бишкектеги журналисти.
Күйүүчү май ташуучулар ассоциациясы аткезчиликке бөгөт коюу үчүн Казакстандан автоунаа менен май ташып өткөрүүгө убактылуу тыюу салууну сунуштоодо.
“Аялзат” программасынын бүгүнкү чыгарылышында кыздын абийир баалуулугу жана аны сактоодо медицина кандай роль ойноп атканы тууралуу сөз болот.
Соңку эки күндө Жогорку Сот “Республика Ата-Журт” партиясынан алты, “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан бир талапкеринин арызын канааттандырды.
Кыргызстанда көп аял алууну мыйзамдаштыруу демилгеси эми диний аалымдар тарабынан көтөрүлө баштады.
Эксперттер "Бир Бол", КСДП, "Мекен ынтымагы" партияларынын лидерлерин телетаймашта бири-бирине асылган суроолорго көбүрөөк басым жасады деп сындашууда.
Жарандык коом өкүлдөрү колу туткак, алкымы чоң аткаминерлердин узун тизмесин элге ачык айтууну сунуштоодо. Бул учурда өкмөт коррупциялашкан кызматтардын тизмесин түзүүгө киришти.
Үгүт кампаниясына көз салган байкоочулар бийликтеги партиялардын айрымдары административдик ресурсту колдонуп жатканын айтып чыгышты.
Бишкектеги окуучулардын мушташын иликтөө үчүн Дене тарбия агенттиги комиссия түздү.
16-сентябрда олимпиадалык резерв мектебинин жана №38 мектептин окуучулары мушташып, үчөө бычак жеп, ооруканага жаткан. Окуяны иликтөө үчүн Дене тарбия агенттиги комиссия түздү.
Орусияда өздөрүн “Патриоттор” деп атап алган топтун мүчөсү деген шек менен Ош шаарынын тургуну кармалды.
“Журтташтардын" бул жолку каарманы Жаннат Бектурова учурда Араб Эмиратынын Аскер-аба күчтөрүндө инструктор, стюардесса кызматын аркалап келатат.
Кыргызстандагы жеке менчик “Таяныч” профсоюздук уюму ар кандай кызматтагы аялдардын укуктарын изилдеп чыкты. Сурамжылоого катышкан кыз-келиндердин бир бөлүгү пара ордуна "көңүл" сураган көрүнүштөр көп экенин айтышкан.
Шайлоого чыккан партиялар тизмесине квотанын негизинде кирген, бирок аты-жөнү коомчулукка тааныш эмес аялдар көп.
Тажикстанда жашаган этникалык кыргыздар үчүн мындан эки жыл мурда Билим берүү жана илим министрлиги бөлгөн 14 миңге жакын окуу китеби дале дарегине жете элек.
Кыргызстандык тигүүчүлөр “Мадина” базарында сатылып жаткан кездеме, жип-шуу, топчу жана башка керектүү буюмдардын баасы бир нече эселеп кымбаттап кеткенине нааразы болушууда.
“Мадина” базарында ишкерлер нааразылыкка чыкты
Эркинен ажыратылган Ишенбек Жолдошбековдун жакындары анын 47-абакта ур-токмокко кабылып, катаал мамилеге туш болгонун айтып чыгышты.
Кыргызстанда экстремисттик кылмыштарга аралашып кармалгандардын ар бир төртүнчүсү аял. Кыз-келиндерди радикал уюмдарга тартуу аракети жылдан жылга күчөй баштады.
Келерки жылдан тартып эл аралык донор уюмдар кургак учук, ВИЧ-СПИД өңдүү жугуштуу ооруларды дарылоо каржысын кыскартат.
Бишкекте адам өлтүрүү боюнча чуулгандуу фактынын бети ачылды. Ички иштер кызматкерлеринин ырасташынча, дене-мүчөлөрү кесилип, аёосуз мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 34 жаштагы жарандын аялы шектүү катары кармалды.
Дагы жүктөңүз