"Азаттыктын" журналисти. Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган.
Сегиз жыл бою сойкулуктун торунда жүргөн Снежана азыр үй-бүлө күтүп, эки баласын тарбиялап жатат. Ал бир эмес эки ирет Түркияга алданып барып, зордук-зомбулукка туш болгон. Жакындарынын колдоосу менен ал он жыл мурун жашоосун өзгөрткөн.
Улгайган курагында кароосуз калган Надежда Бежецких жарым жылдан ашык убакыттан бери Каракол шаарындагы аялдарды коргоо борборунда жашап келет. Соңку жети жылдан бери ар кайсы жерде баш калкалап калган эне кыздары менен катташпайт. Өз ара келишпестиктен улам алар тил табыша албай жүрүшөт.
Апта темасы бул ирет кыздардын эл аралык күнүнө арналат. Бириккен Улуттар Уюму 11-октябрды кыздар күнү деп 2012-жылы жарыялаган. Кыргыз коомундагы кыздарга болгон мамиленин айрым өңүттөрүнө аймактардагы кабарчыларыбыз көз салып көрүштү.
«Кумтөр» алтын кен ишканасынын жергиликтүү жумушчулары өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушууда пенсияга чыгуу мөөнөтүнө жана пенсия өлчөмүнө байланышкан маселени көтөрүштү.
Ысык-Көлдө айылдык кеңештин депутаттыгына аттанган эркек талапкерлер аялдарга квота берүүгө каршы чыгышты.
Ысык-Көлдө 150дөн ашык ыктыярчы көлдүн жээгин тазалап чыгышты. Алар Бишкектен жана чет өлкөлөрдөн да келишкен. Биосфералык аймакты таза сактоого багытталган иш эми салтка айланып, жыл сайын өтөт. EUBeachCleanup акциясы Ысык-Көл облусунун Бостери айылында өттү.
«Аялзат» берүүсүндө ала качууга дуушар болуп, ай айланбай кордук көргөн келин тууралуу кеп кылабыз.
10 сентябрь күнү болгон катуу шамалдын кесепетинен Каракол шаарында болжол менен 43 турак жай жабыр тартты. Мындан тышкары Ак-Суу районунда 4 турак жай жана бир күнөскана жапа чеккен. Күнөскананы ээси 20 млн сомдон ашык чыгым болгонун билдирүүдө. Гидромед борборунун маалыматына ылайык, ошол кун
10-сентябрда Каракол шаарында болгон шамалдын кесепетинен бир нече турак жайдын чатырлары талкаланды.
Ысык-Көл облусундагы Каракол, Балыкчы шаарларында кенже жана мектепке чейинки курактагы кеминде 3 миӊ баланын ата-энеси муниципалдык жана тармактык балдар бакчаларына кезек күтүүдө.
Айнагүл Аблакеева 47 жашында онунчу кызын жарык дүйнөгө алып келген. Бостери айылында турган бул үй-бүлө балдарын жаштайынан эмгекке, бир тууганга кайрымдуу болууга үйрөтүүдө. Көп балалуу ата-эненин бир күндүк турмушу тууралуу видео баяндан көрүңүз.
Ысык-Көлдөгү №1 төрөт үйү жылына 5 миңге жакын ымыркайдын жарык дүйнөгө келишине жардам берет. Бирок акыркы жылдары жаш энелердин саламаттыгы начар болгондуктан ара төрөлгөн, жүрөк кемтиги менен жарык дүйнөгө келген балдар көбөйүп баратканын айтып, дарыгерлер коңгуроо кагышууда. Өз саламаттыгына көң
Быйыл Кыргызстан боюнча 15 мектептин курулушу бүтүп, ишке кирди. Курулушу бүтө эле дагы 124 мектеп бар. Демөөрчүлөрдүн колдоосу менен курулган жеке менчик мектептер да быйыл окуучуларга эшигин ачты. "Азаттык" баш калаадагы жана аймактардагы жаңы ачылган мектептердин сүрөттөрүн чогултту.
Жаңы окуу жылынын башталышы менен «Китепканалар окурманы үчүн канчалык шарт түздү, жагдай жакшырдыбы?» деген маселе кайрадан көңүл борборуна чыкты.
Кыргызстанда быйыл мектепке барчу окуучулардын жалпы саны 1 миллион 300 миңге жакын экени маалым болду.
Туризмди өнүктүрүүгө багыт алган Ак-Суу районунун Шахты-Жыргалаң айылында туристтик фестиваль өттү. Нукура кыргыз элинин каада-салтын, үрп-адатын көрсөткөн иш-чарага 300гө жакын чет элдик турист катышты.
Каракол шаарынын, Түп жана Ак-Суу райондорунун элүүдөн ашык тургуну банк кызматкерине алданып калганын айтып чыгышты.
Кыргызстандын аймагын 34 миң чакырым жол бириктирип турса, алардын 15 миң чакырымдан ашыгы ички жолдор түзөт. Бирок ички жолдордун абалы ал жолдо жүргөн жүргүнчүлөр менен айдоочуларды толук канааттандыра элек.
21-августта Караколдо желим, кагаз, картон жана айнек таштандыларды өзүнчө бөлүп чогулткан ишембилик өттү. Шаар бийлиги чогултулган кагаздын килограммын 6, картонду - 3, айнек – 2, желим - 5 сомго сатып алды.
Шаардын так ортосунда колго жасалган жандыктардын сөлөкөтү пайда болду. Караколдун жашылдандыруу чарбасы бугу, аюу, акыра жана таш баканы жасоо үчүн үч айга жакын эмгек кылган.
Дагы жүктөңүз