"Азаттыктын" кабарчысы. 2009-жылы Нарын мамлекеттик университетин аяктаган.
Нарын районунун Кеңеш айылындагы 150дөй гектар айдоо сугарылбай куурап калды. Ага айылда жайгашкан аэропорттун каналды тосуп алган коругу себеп болууда. Союз тараган кезден бери иштебей турган Нарындагы аэропорттун тегерек-чети стратегиялык объект катары 2017-жылы корулган.
Нарын районунун Миң-Булак айылындагы Он-Арча суусуна агып кеткен алты жаштагы кыз беш күндөн бери табыла элек. Издөө иштерине Өзгөчө кырдаал министрлигинин адистеринен тышкары айыл эли түп көтөрүлө чыгышты.
"Агахан" фонду, ЮСАИДдин “демилгелүү жаштар” долбоору жана Билим берүү министрлиги республикадагы 24 мектепке компьютер программаларын тереңдетип окутуу ыкмасын киргизди. Азыр бул программа Нарын облусундагы 11 мектепте иштеп жатат.
Нарында өз алдынча балык чарбасын уюштуруп алгандар акыркы жылдары көбөйдү. Бирок алар өкмөттүн колдоосуна муктаж. Жер, суу маселеси балыкчылардын чечилбеген көйгөйү бойдон калып келет. Кочкор районунун тургуну Болотбек Бейшенбеков чакан чарбасында форель балыгын багып келет.
Кымыз даамына чыгышы үчүн, аны куйган саба менен чанач жакшы ышталышы керек. Улуттук суусундукка өзгөчө маани бергендер саба, чаначка куюлганын тамшанып ичет. Териден тигилген бул идиштерди кадимки карагайдын тобурчагын күйгүзүп, эки ай бою ыштоо керек.
Нарын шаарындагы Борбордук Азия университетинин окутуучулары учурда кыргыз тилин үйрөнүп жатат. Чет элдик окутуучулар тоо койнунда жайгашкан окуу жайдын кампусунда гана жүрө бербестен, Нарын шаарына чыгып, эл менен баарлашуу максатында тил үйрөнүү зарылчылыгы келип чыкканын айтышат.
Бактыгул Муканбетов үй-бүлөсү менен топоз саап, сүтүн дарылыкка колдонот. Анын кыштоосу Нарын районунун Орто-Нура айылынан он чакырымдай алыс. Жарым жапайы саналган топозду колго үйрөтүп сааган оңой иш эмес.
Памирлик кыргыздар Ооганстандан Нарынга келгенине эки жылдай болуп калды. Алардын балдары билим алуусун улантып жатышат. Ал эми чоңдору күнүмдүк тиричиликте өз оокатын жөндөп калышты.
Ак-Талаа районундагы Кара-Бүргөн айылынын тургуну Мирлан Мааданбеков түрдүү автоунаа тетиктеринен чакан трактор жасады.
Айыл чарба министри Нурбек Мурашев картөшкө тогуз сомго чыкканын айтты. Бирок министрдин сөзү менен дыйкандардын абалы коошпойт. Мисалы, картөшкөнүн мекени саналган Кочкордо анын баасы тыйынга да арзыбай, чирип, талаага тонналап ыргытылып жатат.
“Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсүнүн бул чыгарылышында Жогорку Нарын каскадында курулушу токтоп калган ГЭСтерге бетон заводун курууга жабдуу алып келген сербиялык “СИМИ ДОО” компаниясынын сотко чейин жеткен окуясы иликтенди.
Уста Кубат Жумагулов ээр чаап, боз үйдүн жыгачтарын жасайт. Ал устачылыкты атасынан мурастап алган. Кочкор районунун Туз айылында жашаган устага буйрутмалар Нарын облусунун бардык аймагынан түшөт.
Жумгал районунун Сары-Булуң айылында жүздөн ашык киши жашайт. Кыштакта мектеп, бала бакча, медпунктту мындай кой дүкөн, мончо дегендин изи жок. Мобилдик байланыш араң эле тартат. Айылдыктар электр энергиясынын бардыгына ыраазы.
Азамат жакында эле үй-бүлөсүн тапкан. Анын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү да табылып, паспорт алууга жол ачылган эле. Кесиптешибиз Улан Эгизбаев көзү тирүүсүндө Азамат тууралуу тасма тартып, кулчулуктун торунан бошотуп, коомчулукка алып чыкканда кызуу талкууга алынган.
Жумгал районундагы Калык Акиев атындагы музыкалык драма театрынын имараты кулайын деп араң турат. Кооптуу жайдан кооптонгон өнөрпоздор учурда бир бөлмөдө тыгылып отурушат.
Бул берүүнүн аркысы менен Азамат кулчулук торунан бошонуп, өз алдынча жашоо кечире баштаган. Жакында эле ал ата энесин издеп жүрүп акыры тапканын кабарлады.
Жаратылышты коргоочулар райондогу 680 миң гектар жерди байырлаган канаттуулар, айрыкча соңку кезде кескин азайып бараткан кекилик, чил, кыргоол сыяктуу канаттууларды камкордукка алышат.
Кыргызстанда учурда ишембилик өтүп жатат. "Азаттыктын" бүгүнкү апта түрмөгү таштанды көйгөйү, кантип таза жашоого үйрөнөбүз деген маселеге арналат.
Анын алкагында Индиядагы диний көп түрдүүлүк, байыркы маданияты менен искусствосу тууралуу кеңири маалымат берилип, жаштарга йога менен машыгуу уюштурулду. Дүйнө элине тараган йоганын философиясы, тарыхы жана сыры тоолуктар үчүн жаңылык болгону менен аны үйрөнүүгө кызыкчылык күчтүү экендиги байкалды
Кыргызстанда соңку жылдары той-ашка кеткен чыгымды азайтуу демилгелери көтөрүлө баштады. Бирок андан майнап чыгабы? "Азаттыктын" апта түрмөгүндө ушул маселени кеп кылабыз.
Дагы жүктөңүз