"Азаттыктын" кабарчысы. 2009-жылы Нарын мамлекеттик университетин аяктаган.
Нарын районунун Кара-Кужур аймагынан мыйзамсыз аңчылыкка чыккандар кармалды. Алардын жанынан алты тоо текенин эти табылган. Өкмөттүн токтомуна ылайык ар бир атылган тоо теке үчүн 100 миң сомдон айып төлөнөт.
Кант шаарында жол боюнда сөөгү табылган кызматкери, полковник Күнболот Касмалиевдин сөөгү бүгүн 12-январда Нарын шаарында жерге берилди. Жакындары милиция кызматкери киши колдуу болушу мүмкүн деп жоромолдоп жатышат.
2019-жылдын 10-январында болжол менен саат түнкү бир чамасында Кант шаарынан жол кырсыгы катталган. Анда белгисиз айдоочу 35-40 жаштагы жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден изин суутуп кеткен.
Нарын аймагында кыш ызгаары күчүндө. Бирок Нарын шаарындагы мындан жыйырма жыл мурда ачылган тоо лыжа спорту боюнча мектептин окуучулары кыш мезгилинде натыйжалуу машыгууга аракеттенишүүдө. Спортко ынтызар өспүрүмдөр өз күчү менен лыжа тебүүгө жол даярдап, бир топ убаракерчилик тартышат.
Нарын районунун Хутор Ак-Талаа айылына караштуу Тегерек-Кырчын кыштоосунда онго жакын үй-бүлө жашайт. Кар жааганда бул кыштоого барчу жол жабылып, беш чакырымдай жолду жөө басып өтүш керек. Жолу татаал, жашоосу катаал бул аймактагылар жаңы жылды кантип тосушат?
Нарын районунун Миң-Булак айылында үч жүздөн ашык киши Солтон-Сары жайлоосундагы алтын иштеткен кытайлык компанияга каршы чыгышты.
Нарын районунун Жан-Булак айылындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу Элдияр Кубанычбек уулу жакында эле жаш киночулардын арасында өткөн республикалык “Карек” кинофестивалында мыкты оператор наамын жеңип алды. Элдияр бул фестивалга "Оюнчу" аттуу тасмасы менен катышкан. Жаш режиссердун тасмасынд
Жаңы жылга даярдык жана балатынын жасалгасы тууралуу "Азаттыктын" апта түрмөгүн сунуштайбыз.
9-декабрда Жумгал районундагы эки айылдын окуучулары мушташып, бири ошол жерден каза болду. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, 14 жаштагы эки окуучу камакка алынды.
Нарын районундагы Эмгек-Талаа айылынын тургундары Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын белгилешти. Алар айылдын борбордук көчөсүнө Айтматовдун аллеясын уюштурган. Айылдагы эл залкар жазуучунун ар бир каарманынын образын бергенге аракет кылды.
Нарындык хирург Эркингүл Койбакова ишсиз калды. Ал буга дарыгерлердин айлыгы, социалдык абалы тууралуу ачык билдирүүлөрү себеп болгон деп эсептейт.
Кыргызстанда тармактык сооданын желесине илинип, алданган адамдардын катары калыңдады.
21-ноябрда Нарын дарыясынан Азирет Садакбек уулунун сөөгү табылды. Ал Нарын районунун Жылан-Арык айылындагы орто мектептин 9-классынын окуучусу болчу. Маркумдун жакындары буга мектептин жетекчилигин күнөөлөп жатат.
“Азаттык” Ак-Талаа районунун “Айыл турмушу” гезитинин редакциясынан кабар алды.
Депутат Камчыбек Жолдошбаев Ак-Талаа районундагы Кайыңды-Булак айылындагы кезинде менчиктеп алган союздан калган автобазаны мектепке бердим деп шардана кылды. Эл өкүлү 30 жылга жакын каралбай калган эски имаратты 200 млн. сомго баалады. Дегеле бул айылда мектептин жаңы имаратына болгон таңкыстык кан
Серб компаниясы Жогорку Нарын каскадынын курулушуна кеткен чыгымын кыргыз өкмөтүнөн өндүрө албай жатат.
Кыш босогодо турганда Нарын шаарындагы беш мектепке, эки бала бакчага жана беш кабаттуу алты үйгө жылуулук бериле элек.
Долбоорго ылайык акы алуу пилоттук аймак катары Кочкор-Кубакы жолунан башталат.
Жумгалдык Жамила Тойчубекова комбайн айдап, эгин чаап, элдин алкышына татып жаткан учуру. Жашы алтымыштан ашса да эр жигиттер менен тең тайлаша техника башкарган аялды жердештери бүгүнкүнүн Керимбүбү Шопоковасы дешет.
Миң-Куш айылында жети көмүр өндүрүүчү жеке компания иштеп жатат.
Дагы жүктөңүз