"Азаттыктын" кабарчысы. 2009-жылы Нарын мамлекеттик университетин аяктаган.
7-июнда Ат-Башы районунун Кара-Суу айылында катуу шамал болуп, андан 81 жана 55 жаштагы жубайлар жабыр тартты. Кулаган бактын алдында калган байбиченин 12 кабыргасы сынып, учурда абалы оор.
Балдар жазуучусу, акын Ысмайыл Кадыров Ат-Башы районунун Жаңы-Күч айылына чакан китепкана ачты. Анын аркасы менен айылдыктардын китепке болгон кызыгуусу артып, күнүгө китепканага каттаган кишинин саны үзүлбөй жатат. Китепке дилгир акын болсо, элди китепке кайра кызыктыруу үчүн көркөм адабияттарды ал
ФИНКА банкынын Нарындагы филиалында иштеп кеткен кызматкерлер беш жылдан бери банк менен соттошуп келатат.
Нарын облусунун жайыт жерлерин кара чегиртке басты. Эгин жаңыдан баш бакканда эмитен мындай кара чегирткенин көп болушу дыйкандарды кабатыр кылып жатат. Алар "эртелеп чара көрүлбөсө күздө эгин менен тоюттан куру калабызбы" деп өкмөткө коңгуроо кага башташты.
Нарында кулчулукка каршы күрөш боюнча жыйын болуп, ага киши сатууга каршы күрөшкөн мамлекеттик кызматтардын жана жарандык кооомдун өкүлдөрү катышты. Жыйында кыргыз өкмөтүнүн кулчулукка каршы күрөшкө багытталган 2017-2020-жылдардагы программасы, аны ишке ашыруунун чаралары тууралуу сөз болду.
Кочкор районунун Ак-Кыя айылындагы орто мектептин имараты оор абалда турат. 2006-жылы жер титирөөдө дубалдарынан жарака кеткен имаратта дагы эле окуучулар билим алууда.
Нарын районунун Кара-Жылга айылындагы жүзгө жакын окуучу мектепке жетүү түйшүгүн тартып келишет. Алар үйүнөн 30 чакырымдай алыс коңшу Лахол айылындагы мектепке ата- энелери уюштурган кичи автобуска тыгылып араң барышат.
Насыпбек өз алдынча китеп окуу демилгесин Кочкор районунун эки айылына жана Ат-Башы районунун Ак-Талаа айылындагы орто мектебине сунуштап, башталгыч класстын окуучуларын шар окууга жана дүйнө таанымын кеңейтүүгө ашыгып келет.
15-майда Нарын районундагы Эмгекчил айылында жүздөй киши чогулуп, Солтон-Сары жайлоосуна алтын кен комбинатын курууга каршы чыгышты.
Ак-Талаа районундагы төрт айыл жана Казарман району байланышсыз калды. Анткени бул айылдарга каттаган жолго салынган Казарман Акталчат унаа жолундагы көпүрөнү суу жууп кетти.
Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Акталчат – Куртка - Тоголок Молдо - Казарман айылдарын байланыштырган көпүрө чала курулган бойдон бүтпөй турат. Айылдыктар жамгыр жаап, суу киргенден бери эки жакка аркан менен өтүүгө аргасыз.
Дене тарбия мугалими Руслан Жапаңов Нарын шаарынан он чакырым алыс жайгашкан коңшу Кеңеш айылына барып келип иштейт. Алган он миң сом айлыгы жашоосуна өп чап жеткендиктен жумуштан кийин шаардын көчөсүнө чыгып, эл ташыйт.
Нарын шаарында манасчы Жусуп Мамай уулунун 100 жылдык мааракеси белгиленип жатат.
Тарых мугалими окуучуларга жооптору даяр китептер сатылып жатканын айтып чыкты.
Кочкордун Семиз-Бел айылындагы мектеп мугалимдери айлыктын азайганына нааразы.
Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгү дыйкандардын техникасын кароодон өткөрүп жатат.
Нарын шаарында "Энелер лигасы" уюштурган 40 жаштан өткөн аялдардын арасында волейбол оюну өттү. Ага Нарын облусунандагы командалардан сырткары Ысык-Көл жана Талас облустарынын үй кожойкелеринен куралган жалпы 12 команда катышты.
Кочкор районунун Туз айылындагы мектепте окуган окуучулардын ата-энелери 2-апрелде балдарын мектепке жиберген жок. Буга өткөн жумада мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти мектептин имаратында окуу мүмкүн эмес деген бүтүм чыгарганы себеп болду.
Кемероводогу өрт Кыргызстандын коомдук жайларындагы коопсуздук маселесин эске салды.
Дагы жүктөңүз