"Азаттыктын" кабарчысы. 2009-жылы Нарын мамлекеттик университетин аяктаган.
Памирлик кыргыздардын Нарынга келгенине үч айдан ашып калды. Бул убакытта алардын жергиликтүү калк менен аралашып, Кыргызстандын жашоо-шартына көнүп кетүүсү оңой болгон жок. Туулган жерине болгон кусалык, сагыныч сезимдери ар биринин көзүнөн байкалат. Учурда кесиптик лицейде окуп жаткан Нурулло Турд
Нарын районундагы Төш-Булак айылындагы жыйырма беш түтүндүн балдарынын мектепке жетиши азап. Айрыкча кыш чилдеде таң атпай жөө-жалаңдап жолго чыгууга туура келет. Анткени алар жашаган айылдагы мектеп башталгыч класстар үчүн гана болгондуктан, 5-класстан баштап жети чакырым алыс жайгашкан коңшу Ийри
Нарын облусунда малга тиш салган карышкыр алып келген зыян 10 млн сомго жетти. Мамлекет ар бир атылган жырткычтын башына алты миң сомдон сыйлык уюштурган. Бирок аңчылар бул каражат оңой менен колго тийбей тургандыгын, убарасы көптүгүнөн эмгектери акталбай жатканын айтышууда.
Ат-Башы районунда көчөдө жүрүп үшүп калган наристелердин апасы энелик укуктан ажырап кала жаздады.
Быйылкы жыл Кыргызстанда Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланды. Бул тууралуу жарлыкка мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков кол койду. Элетти өнүктүрүү үчүн бийлик эмнеге көңүл буруш керек деген суроо менен "Азаттыктан" кабарчылары облус тургундарына микрофон сунушту.
Ат-Башы районундагы Кара-Суу айылынын тургуну Ишенбек Акматов алты баласын өзү жалгыз багып жатат. Балдардын улуусу он экиде, кичүүсү үч жашта. Эркек кишиге балдарды багып, тарбиялоо түйшүгү оор экени анын жашоосунан көрүнүп турат. Бирок жалгыз бой ата баарына чыдап, алты чүрпөсүн татыктуу адам кыл
Ат-Башы районунун Ат-Башы айылында эки жүздөн ашык мектеп окуучусу жарандарды жолдо жүрүү эрежесин сактоого чакырган жөө жүрүшкө чыкты. Алар жолдо жүрүү эрежесин сактоого чакырган ураандар жазылган транспаранттарды колдоруна кармап алып, айылдын борбордук көчөсүн бойлой бир чакырым жол басышты.
Мындан үч жыл мурун жаш дарыгерлер депозити программасынын негизинде Жумгал районунун Чаек айылына убактылуу келген Тельман Бакиев азыр шарты жакшы башка жерде иштөө тууралуу такыр ойлонбой калды.
Расмий маалыматтар боюнча кыргызстандыктардын мойнундагы чакан насыялар 12 миллиард сомго жетти.
Нарында салбуурун боюнча облустук беттеш болуп, мүнүшкөрлөр менен тайганчылар аңчылык оюндардын алты түрү боюнча күч сынашты.
Жумгал районундагы Калык Акиев атындагы музыкалык драма театрынын имараты жарактан чыгып, жаңысын куруу планын өкмөт жактырган. Бирок курулуштун долбоорунда театрдын аты белгисиз себептерден улам маданият үйүнө алмашып кеткендиктен театрдын жамааты жоюлуп кетеби деп кооптонуп жатышат.
Нарын облустук ооруканасында эмгектенген жаш дарыгерлер өз алдынча демилге көтөрүп “Жаш дарыгерлер” тобун түзүштү. Алардын максаты - жаратылышы катаал жерде аз маянага иштеген дарыгерлерди ар кандай иш-чаралар аркылуу жумушка шыктандыруу.
Нарын шаарында хоккей оюну боюнча Кыргызстандын чемпионатынын биринчи айлампасы башталды. Таймашка Ысык-Көл, Чүй жана Нарын облустарынан жети команда катышып жатат. Бул жолку таймаш үч айлампадан туруп, этап-этабы менен өтөт. Ал эми финалдык оюндарын Бишкек шаарында өткөрүү пландалууда.
Нарында милиция кызматкерине кол көтөргөн адам кармалып, камакка алынды. Тескөөчүлөр автоунаанын айдоочусуна барып, ал жол эрежесин сактабай жатканын эскертишкенде, айдоочу тартип сакчыларына баш ийбей, аларга кол көтөргөн.
Кара-Кечеден көмүр тарткан автоунаалардын салмагын текшерген транспорттук көзөмөл бекетинде учурда жетимиштен ашык автоунаа жылбай турат.
Нарын облустук администрациясынын алдында онго жакын аял жөлөкпулдар боюнча жаңы мыйзамга каршы ачкачылык жарыялап чыгышты.
Кочкор районунун Туз айылындагы орто мектепте окуган окуучулар мектептин имаратында баштары ооруп, айрым убактарда эстерин жоготуп, жыгылып калышкандарын айтышууда.
Нарын жылуулук ишканасы көмүр ташып келип берген ишкердин акысын төлөй албай жатат.
Кара-Кече көмүр кенинде ушул тапта иш кандай? Өткөн жылы Нарын облусунда көмүр тартыш болгон. Быйыл бул көрүнүш бүт өлкөгө жайылбайбы деген кооптонуу эл арасында күчтүү.
Нарын шаарында бүгүн жөлөкпулдар жөнүндө жаңы мыйзамга каршы нааразылык акциясы өттү. Элүү чакты киши облустук акимчиликтин алдына чогулуп, балдары үч жаштан өткөндөн кийинкилердин жөлөкпул алуу тартибин туура эмес болгонун айтышты.
Дагы жүктөңүз