"Азаттыктын" кабарчысы. 2009-жылы Нарын мамлекеттик университетин аяктаган.
Нарын шаарында тоо этегиндеги коопсуз жерлерге салынган үйлөр көп. Ал үйлөрдүн кожоюндары кооптуу аймактан көчүп кетүү үчүн мамлекеттен компенсация да алып коюшкан. Бирок көчүп кетүүгө ашыгышпайт.
Нарын шаарынын Сагымбай Орозбаков атындагы көчөсүндөгү жыйырмага чукул үйдүн дубалдары жарылып, ичи көгөрүп, жашоого мүмкүн болбой калды. Тургундар бул көйгөйдү чечүү талабы менен шаар мэриясына төрт жылдан бери кайрылып, майнап чыкпай келатат.
Нарын шаарындагы Муратбек Субакожоев атындагы лицейдин 10-классынын окуучулары Казакстандын Алматы шаарында өткөн «Инфоматрикс - 2017» эл аралык олимпиадасында экинчи орунду ээлешти. Алар автопилот роботтордун мелдешине өз эмгектери менен катышкан.
Тоолуу аймак катары айлык маянасына 20%тик кошумча төлөмдөн куру калган Кочкор районундагы Семиз-Бел айылындагы мектептин директору жазаланышы мүмкүн. Мындай маселе мектепте Билим берүү министрлигинин өкүлү жана район акими катышкан жыйында көтөрүлдү. Министрликтин өкүлү ага мектептеги окууну үзгүлт
Нарындык дыйкандар көп жылдан бери жакшы түшүм ала албай убара. Бул көйгөйдү чечүү максатында үрөн чарба өкүлдөрү чогулуп жыйын курушту. Дыйкандарга адистер үрөндү жакшыртууну, жер семирткичтерди пайдалануунун сырларын айтып беришти.
Совет доорунда Кыргызстандын башкы байлыгы болгон уяң жүндүү ак койдун тукумун көбөйтүүнү Кочкорлук Уларбек Абдырасулов колго алды. Азыр анын короосундагы койдун саны миңден ашып калды. Ал өндүрүшкө жүнү абдан зарыл ак койду асыроо тажрыйбасын жаштарга үйрөтүп турат.
Нарын районундагы Оттук айылынын четинде турган 12 үй-бүлөнүн жыйырмага чукул баласы билим алуу үчүн тоодой тоскоолдуктан өтүшөт. Анткени алар жайы-кышы күнүгө төрт чакырым жолду жөө-жалаңдап басып барып окушат.
Нарын шаарында кыздар арасындагы күрөш күндөн күнгө өнүгүп, спорттун бул түрүнө кызыккан кыздардын саны көбөйүп жатканы байкалат. Маселен Нарын шаарындагы лицей интернаттын окуучу кыздары Казакстанда өткөн эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеште ийлигиликке жетишти. Өспүрүм кыздар арасында өткөн бул
Нарын облусунун Кочкор районунун тургуну Акылбек Сагынбековдун чарбасында учурда ондон ашык өзгөчө пародадагы уйлар бар. Ар бир уй күнүгө 20 литрден ашык сүт берет. Сагынбеков бул уйларды өткөн жылы тоолуу Алтай жергесининен алып келген.
Жаз келип, күн жылый баштаганы Нарында кыштай жааган кар тез эрий баштады. Мындан улам эриген кар короо-жайды каптап, тургундарды убара кылууда.
Кыргыз коомчулугу акчаны кантип табат жана аны кандай максаттарга жумшайт?
Нарында жаздын келиши менен кар астында катылып жаткан жолдун аң-дөңү ачыкка чыкты. Айылдар ортосундагы мындай жолдордун акыбалы кишинин зээнин кейиткен абалга кептелип, жүргүчүлөрдү жүдөтүүдө. Ал эми жергиликтүү бийлик иш акырындап жылып жатканын, жолдор кезек-кезеги менен оңдолорун убада кылууда.
Ат-Башынын Баш-Кайыңды айылынын тургуну Максат Ашырбаев кадимки сайдагы таштан конок үй салды. Эми ал чет өлкөлүк туристтерди таш үйгө тосууга даяр.
Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылынын тургуну Максат Аширбаевдин үйүндө колго үйрөтүлгөн жапайы тоо теке бар. Аширбаев аны тоодон улак кезинде таап алган.
Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов жана өкмөттүн Нарындагы өкүлү Аманбай Кайыпов башында турган топ, Ат-Башы районунун Ак-Сай кыштоосундагы малчылардын ал акыбалын сурап, гуманитардык жардам жеткирип барышты. Аталган кыштоого быйыл кар бир метрден ашык жаап 47 үй бүлөө бир айга чукул байла
Атайын топ Ак-Сайдагы малчылардан кабар алып, гуманитардык жардам жеткирип барды.
Нарында аутист балдарды коомго аралаштыруу кыйын. Анткени алар үчүн бул аймакта айтайын мектеп жок. Облустагы билим берүү тармагы да аутист балдарды окутууга атайын көңүл бурган эмес.
Кочкордогу мугалимдер айлык акы көбөйтүлбөсө иш таштарын эскертишти.
Нарындын Ак-Сай кыштоосундагы 147 түтүн менен байланыш болбой калды.
Нарын облусунун Кеңеш айылынын тургуну, сегиз баланын энеси Элмира Асекова документтери туура эмес болгондуктан Баатыр эне наамын ала албай жүрөт. Айылдагы жумушсуздуктун айынын өзү да, жолдошу да эч жерде иштебейт. Ал эми балдары үчүн мамлекеттен алган жөлөкпул тиричиликке өп-чап жетет.
Дагы жүктөңүз