"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Германиянын өкмөтү өлкөдө көрүлүүчү антитеррордук иш чаралар боюнча жаңы сунуштарын жарыялаганы жатат. Немец өкмөтү мындай кадамга Британиянын соңунан эле барууда. Антитеррордук чараларды өткөн айда Франция да сунуштаган болчу. Террорчулука каршы күрөшүү боюнча жаңы демилгелер Батышта ыктымал чабуулдарды алдын алуу үчүн полициядан башка чөйрөлөрдүн да тезинен иш жүргүзүү зарылдыгын көргөзүүдө.
Түндүк Кореянын өзөктүк программасы боюнча Пекинде өтүп жаткан алты тараптуу сүйлөшүүлөр үч аптага токтотулду. Тараптар кандайдыр бир макулдашууга жетишкен жок.
Түштүк Кореянын окумуштуулары дүйнөдө алгачкы итти клондоштурууга жетишкенин жарыялашты. Бул жаңылыктын маанилүүгү - буга чейин итти клондоштуруу дээрлик мүмкүн эмес деген да пикирлер өкүм сүрүп келген эле. Ит багындырылган соң эми адам клондоштурулушу мүмкүнбү?
Ирактын премьер-министри Ибрагим ал-Жаафари Нажаф шаарында шийиттердин башкы динаятчысы, улуу аятолла Али ас-Систани менен жума күнкү кездешүүсү учурунда өлкө Конституциясынын жаңы долбоорун да талкуулады. Укук коргоочулардын тобу болсо долбоорду даярдап жаткан комиссиядан анда аялдар менен эркектердин тең укуктуулугу кепилденишин талап кылышууда.
АКШ коргоо министрлигинин соңку отчетторунун биринде айтылган маалыматтарга караганда, Кытай өзү жайгашкан чөлкөмдүн деңиз державасына айланууну да көздөөдө. Мунун төркүнү эмнеде жатат?
Польша менен Орусиянын алакасы кайрадан бузула түшкөндөй болду. Москва Варшавада орусиялык дипломаттардын өспүрүм балдарынын токмок жеши Польшада антиорусиялык маанай күчтүү экенинин белгиси деп эсептейт. Расмий Варшава болсо, бул окуяга өкүнүч билдирүү менен анын саясатка эч байланышы жок экенин айтууда. Ал эми аналитиктердин пикиринде, мунун аркасында эки өлкө ортосундагы олуттуу пикир-келишпестиктер жатат.
Борбор Азиянын беш өлкөсү өзөктүк куралдан эркин аймакты түзүү жөнүндөгү келишимди мурда белгиленгендей ушул жылы кабыл алчудай. Эгер документ жактырылса, бул Борбор Азия өлкөлөрүндө коопсуздук жаатында Советтер Союзу тарагандан бери кабыл алынган алгачкы маанилүү документ болот.
Өзбекстан АКШдан өлкөнүн түштүгүндөгү Ханабад шаарчасында жайгаштырылган аскерий базасын чыгарууну расмий түрдө өтүндү. Өзбек бийликтери мындай чечимди АКШнын коргоо министри Дональд Рамсфелддин Кыргызстанга келип кетишинин соңунан эле кабыл алып олтурат. Бишкектеги сүйлөшүүлөрдө тараптар АКШнын бул жердеги аба базасы талап кылынганча турарын макулдашканы белгилүү. Ошентип эки коңшу өлкө америкалык аскерий базга эки башка мамиле жасады.
Акыркы эки ай ичинде Польша менен Беларусия ар кандай деңгээлдеги дипломаттарын чыгаруу менен алектенип жатышкан эле. Кечээ Польшанын Минскидеги элчисин чакыртып алышы эки коңшу өлкө ортосундагы кризисти жаңы деңгээлге көтөрдү.
Лондондо өткөн бейшембиде ишке ашпай калган экинчи жардыруулардан кийин британиялык мусулмандар калктын көпчүлүгү аларды күнөөлөп жатканына тынчызданышууда. Алардын айтымында, бейкүнөө адамдарды өлтүрүү исламга туура келбейт. Ошол эле учурда британ мусулмандары буга каршы эмне жасай аларын, экстремисттер делгендер кимдер экенин анык билишпейт.
Беларусиянын бийликтери өлкөдөн америкалык окумуштууну чыгарды. Профессор Терри Бэш Беларус мамлекеттик университетинде 2003-жылдан бери укук боюнча сабак өтчү. Беларус өкмөтү профессордун жана анын үй-бүлөсүнүн визасы эмне себептен узартылбаганы боюнча эч кандай түшүндүрмө берген эмес. Бирок окумуштуунун өзү муну алдыдагы парламенттик шайлоо алдында өлкөнү Батыштын таасиринен тазалоого багытталган кампаниянын бир бөлүгү деп эсептейт.
Израилдин полициясы Газа секторун көздөй багыт алган миңдеген демонстранттардын нааразылык жүрүшүн токтотууга аракеттенип жатат. Шейшембиде демонстранттар менен полицейлер ортосунда кагылыш чыкты. Бирок Израилдин Газа секторунан кетүүсүнө каршылар нааразылык акциясын улантарын айтышууда.
Бейшембиде британ башкааласы Лондондо орун алган жарылуулар Чоң сегиздин тобуна кирген өлкөлөрдүн Шотландиянын Глениглс деген жеринде өтүп жаткан саммитинде глобалдык жылуулук жана дүйнөлүк соода маселеси боюнча алгачкы күнкү талкууларга тоскоолдук кылды. Жыйындын конок ээси, британ премьери Тони Блэрге сүйлөшүүлөрдү таштап, убактысынча Лондонго кайтууга туура келди. Блэр өз билдирүүсүндө жардырууларды Чоң сегиздин ушул жыйынына тушташ уюштурулган терракт катары мүнөздөдү.
2012-жылдын Олимпиадасы британ башкааласы Лондондо болот. Мындай чечим шаршембиде Эл аралык Олимпия комитетинин Сингапурдагы жыйынында кабыл алынды. Олимпия комитетинин мүчөлөрүнүн көпчүлүгү добуш берүүнүн төртүнчү айлампасында Лондонго артыкчылык беришти.
Пакистандын Жогорку соту бүгүн айылдагы аксакалдар кеңешинин буйругу менен зордуктоого кабылган аялдын аппеляциялык арызын карай баштады. Муктар Маи аттуу аялдын бир нече адамдын зордуктоосуна кабылганы жөнүндө коомчулулукка ачык айтып, күнөлүүлөр жазаланышына сот аркылуу жетүүгө умтулушу Пакистан үчүн адаттан тыш көрүнүш. Бул Пакистанда эл аралык коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурдурган окуялардын бири болду.
Иранда ушул аптада өтүүчү президенттик шайлоого Батыш өлкөлөрү кылдат байкоо салууда. Мунун бир жүйөөсү мамлекет башчысынын кызматы үчүн атаандашып жаткан талапкерлердин турумдары бири экинчисинен кескин айрымалангандыгы. Шайлоонун натыйжасында алдыдагы төрт жылда Ирандын тышкы саясатында да өзгөрүү болушу мүмкүн деп болжолдоого болот. Анткен менен талапкерлердин кимиси жеңип чыккан күндө да Ирандын диний башкаруу чөйрөсү киргизген чектөөлөрдүн алкагында иштөөгө мажбур.
Ушул аптада белгилүү болгондой Өзбекстан Евробиримдиктин аткаруучу органы- Еврокомиссияда тышкы саясатты тейлеген Хавьер Солананын адам укуктары боюнча жеке өкүлүнүн өлкөгө келүүсүнө уруксат берген эмес. Буга байланыштуу Брюсселден Ташкенге жөнөтүлгөн катта Өзбекстан эки тараптуу алаканын негизин түзгөн Өнөктөштүк жана Кызматташтык келишимине шек туудуруп жатканы ишара кылынган.
Казакстанда Грузия, Украина, Кыргызстандагыдай түстүү ыңкылап болушу мүмкүн. Бул тууралуу ушул шейшембиде казак президентинин кызы, парламент депутаты Дарига Назарбаева өзү жетектеген "Асар" партиясынын курултайында билдирди. Ал эми мурдарак Дариганын атасы, президент Нурсултан Назарбаев жана башка бийлик өкүлдөрү Казакстанда Кыргызстандагыдай окуялардын кайталанышы мүмкүн эмес деп айтышкан эле.
Шаршембиде Ооганстандын түштүгүндөгү Кандагар шаарында мечитте болгон жарылуудан кеминде 17 адам каза таап, 30дан ашууну жаракат алды. Жардыруу жанкечти тарабынан ишке ашырылган. Өлгөндөрдүн арасында Кабул шаарынын коопсуздук кызматынын башчысы да бар. Президент Хамид Карзай жардырууну айыптап, аны жасагандарды Ооганстандын жана Исламдын душмандары деп атады.
Тажикстанда суу маселесине арналган эл аралык конференция өтүүдө. Атап айтканда, анда чек араларды кесип өткөн дарыялардын суусун пайдалануудагы чөлкөмдүк кызматташттык маселелери талкууланып жатат. Бул эл аралык жыйында сууну биргелешип пайдалануу боюнча Борбор Азия чөлкөмүндө түзүлгөн жагдай жөнүндө да сөз жүрүүдө.
Дагы жүктөңүз