"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Ушул аптада АКШ менен Британия расмий түрдө БУУнун Коопсуздук Кеңешине Иракты куралсыздандыруу үчүн күч колдонууну караган жаңы резолюциянын долбоорун сунуштаары күтүлүүдө. Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл дүйшөмбү күнү Пекинде кытай бийликтери менен сүйлөшүү өткөрдү.Ирактын бийликтери болсо учурда БУУнун "ал Самуд-2" үлгүсүндөгү ракеталарды жок кылуу жөнүндөгү талабын караштырып жатат.Ирак маселеси Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлеринин Брюсселде дүйшөмбүдө башталган жыйынынын күн тартибинде бар.Франция менен Германиянын лидерлери да Иракка байланышкан дипломатиялык аракеттерин координациялоону дүйшөмбүнүн кечиндеги жолугушуусунда талкуулайт.
Кипрдин грек бөлүгүндө жаңы президенттин шайланышы экиге бөлүнгөн аралдын биригүүсүнө байланышкан күмөнсүнүүлөрдү күчөттү.Тараптарга биригүү маселесинде мунасага жетүү үчүн берилген мөөнөт аяктаарына аз калганына карабай сүйлөшүүлөр кандай жыйынтык менен аяктаары азырынча белгисиз.
Ооганстан жакында расмий түрдө БУУнун Эл аралык кылмыш сотуна кошулду. Ооган бийликтеринин мындай чечими эл аралык укук коргоо уюмдары тарабынан кубаттоого алынууда.
Ирак кризиси жана ага байланыштуу НАТО уюмунда түзүлгөн кырдаал, Франция менен Германиянын Иракта инспекцияны кеңейтүү жөнүндөгү сунушу- Батыш басылмалары акыркы күндөрү талкуулап жаткан негизги темалар.
Бириккен Улуттар Уюмунун инспекторлорунун башчылары Мохамед эл-Барадейи жана Ханс Бликс Ирактын бийликтери менен өткөргөн эки күнкү сүйлөшүүлөр учурунда айрым бир оң жылыштарга жетишкенин билдиришти. Бирок, ошол эле учурда Ирактын куралсыздануусу боюнча чечилбеген маселелер да бар. Ал эми мунун аралыгында Германия жана Франция жума күнү БУУнун Коопсуздук Кеңешине Ирак боюнча өз планын берген жатат. Франция менен Германиянын сунушун АКШ кескин сынга алды, Орусия оң баалады.
Бириккен Улуттар Уюмунун инспекторлорунун башчылары Ханс Бликс менен Мохамед эл-Барадейи Багдадда Ирактын бийликтери менен сүйлөшүү өткөрүүдө. Алардын БУУнун Коопсуздук Кеңешине алдыдагы жума күнү бере турган отчету чечүүчү окуя катары күтүлүп жатат. Мунун аралыгында Франция жана Германия Ирак кризисин жөндөө боюнча өз планын даярдаганы белгилүү болду. Аталган эки өлкө АКШ менен Британиянын Иракка күч колдонуу демилгесине каршы. Ал эми Кошмо Штаттардын Чыгыштагы өнөктөштөрүнүн бири – Жапония Ирак инспекторлор менен толук кызматташпаганынан улам согуштан качуу мүмкүн эмес деп эсептейт.
Германия менен Франциянын каршылыгына карабай Европада, өзгөчө анын чыгыш бөлүгүндө АКШнын Иракка карата келишпес турумун колдогон өлкөлөрдүн саны көбөйүүдө. Ирак маселесинде АКШ менен тилектеш экенин эми Вильнюс тобуна кирген өлкөлөр жарыялашты. Иракка каршы согуш Улуттар Уюмунун жактыруусуз башталган учурда жогорудагыдай колдоо АКШга саясий калканч болуп бериши мүмкүн.
Югославиянын ордуна Сербия жана Черногориянын союзу түзүлдү.Шейшемби күнү Югославиянын федералдык парламенти жаңы аталыштагы мамлекеттин Конститутциясын кабыл алды.Эми жаңы мамлекеттин биргелешкен институттарын түзүү жараяны башталды.
АКШда кырсыкка учураган "Колумбия "космос кемесинин сыныктарын издөө иштери улантылууда. Курман болгон жети космонавттын сөөктөрү да табылып жатат.Кеме Жердин атмосферасына киргенде анын кыртышын ысыктан коргоочу плиталардын айрымдарынын керектен чыкканы кырсыктын ыктымал себептеринин бири катары аталууда. Бирок, АКШнын космос агенттиги –НАСАнын жетекчилиги азырынча жыйынтык жасоо эртелик кылаарын билдирди.