"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Британия Ирактагы аскерлеринин санын азырынча азайтпай турууну чечти. Буга өлкөнүн түштүгүндө кыянатчылыктардын кайра жанданышы түрткү берди. Өткөн аптада Ирактын --> http://azattyk.kg/rubrics/security/ky/2008/03/A20D3522-BC21-4640-BBFA-A1F6E682AFFD.asp түштүгүнөн оболу Басрада, андан соң башка шаараларда шийит согушкерлери менен өкмөттүк күчтөрдүн ортосунда айгышкан уруштар орун алган эле.
Бүгүн Бухаресте саммити башталып жаткан НАТО уюмуна тигил же бул өлкөнүн кошулуусунда коопсуздук маселеси ар убак негизги жүйөө болгон эле. Бул эски совет аймагынын НАТОго кирүүгө талаптанып жаткан Украина жана Грузия сындуу мамлекеттери үчүн да туура келет. Бирок аталган өлкөлөрдүн саясий реформачылары үчүн НАТОнун демократиялык институттарды, жарандык коомду куруудагы ролу да коопсуздукка теңдеш мааниге ээ болуп тургандай.
Кошмо Штаттардын Киевге иш сапары менен келген президенти Жорж Буш Украинанын НАТОго кошулуу аракеттерине кайрадан колдоо көргөздү. Анын визити НАТОнун саммити алдына туш келди. Украина менен катар Грузияны аскерий альянстын мүчөлүгүнө өтүү жараянындагы маанилүү баскычка киргизүү маселесин НАТО эртең Бухаресте башталуучу саммитте талкуулоого даярданууда.
Кубанын Гуантанамо аралындагы америкалык түрмөнү жабуу жөнүндөгү чакырыктар АКШнын өзүнөн азыр да айтылууда. Бул тууралуу жакында эле бийликтеги Республикалык партиянын президенттикке талапкери Жон МакКейн жана өлкөнүн мурдагы Мамлекеттик катчыларынын бешөөсү билдиришти. Алар Гуантанамо Кошмо Штаттардын эл аралык беделине шек келтирип жатат деп эсептешет. Андан буга чейин бошонуп чыккандар арасында Казакстандын жарандары да болгон. Алардын бири менен жакында биздин үналгынын кабарчылары маектеше алды.
Иракта дээрлик бир аптага созулган айгышкан уруштардан кийин шийиттердин радикал имамы Моктада ал–Садр өзүнүн Мехди армиясынын согушкерлерине көчөлөрдөн кетүүнү буюрду. Ирактын премьер-министри Нури ал-Малики ок атышуунун токтошун кубаттаганы менен өкмөттүк күчтөрдүн аскерий операциясы башталганда коюлган максат –милдеттер орундалбады, уруш натыйжасыз аяктады. Ал –Садр премьер- министрдин согушкерлерин куралсыздандыруу жөнүндөгү талабын аткарбоону улантууда, каршылашкан тараптардын баары кайра эле мурдагы турумдарына кайткандай. Анда алты күнгө созулган уруштун артында эмне жатат?
Кошмо Штаттарда Ооганстандын коопсуздук күчтөрүн ок-дары менен камсыздоо үчүн америкалык өкмөт менен миллиондогон долларга контракт түзгөн фирманын иши тергеле баштады. Бул тууралуу кечээ "Нью Йорк Таймс" гезити жазып чыкты. Флорида штатында жайгашкан фирманы текшерүү ооган тарап даттанган соң башталды. Анткени жөнөтүлгөн ок-дарынын бир бөлүгү Кытайда мындан 40 жыл мурда өндүрүлгөн жана жараксыз болуп чыкты.
Ушул аптанын башында Душанбеде Иран, Ооганстан жана Тажикстандын тышкы иштер министрлеринин эки күндүк жыйыны өттү. Анда экономика жана маданий чөйрөдөгү кызматташтык менен катар негизги көңүл үч өлкө ортосунда перси тилиндеги биргелешкен телеканалды түзүү маселесине бурулду. Бул, айрым байкоочулардын пикиринде, Ирандын маданий дипломатиясынын артында саясий жүйөө жатканын ишара кылууда.
Пакистанда демократиянын "жаңы доору" башталды. Бул тууралуу бүгүн президент Первез Мушараф билдирди жана Пакистандын жаңы өкмөтү --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/03/C9ED85C9-1B70-409D-AAEA-C23D9BEBEC45.asp анын "толук" колдоосуна ээ болорун белгиледи. Демократиянын жаңы доору башталганы жөнүндө президент Мушарафтын саясий каршылаштары түзүп жаткан коалициялык өкмөттү башкаруучу адамдын ысымы билингенден бир күндөн кийин айтылып олтурат.
Кытай бийликтери Тибеттеги --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/human_rights/ky/2008/03/66956EAE-0B0E-4E8A-8E89-1FBA88BF11DF.asp өткөн аптадагы толкундоого тиешеси бар деп эсептелген адамдардын тизмесин жарыялады. Ошондой эле андагы нааразылык акцияларын коштогон тополоңдо мерт болгон адамдарын расмий санын он үчтөн он тогузга көтөрдү. Ал эми сүргүндөгү тибеттиктердин ырастоосунда өлгөндөрдүн саны жүзгө жакын. Тибеттеги кан төгүү Бээжинде быйыл августта өтүүчү Олимпиаданын алдында орун алып олтурат. Буга байланыштуу эл аралык коомчулуктан тынчыздануу айтылууда.
Грузияда өкмөт менен оппозиция ортосундагы айгышкан тирешүүнүн азырынча аяктачыдай белгиси көрүнбөйт. Оппозициянын жоон топ активисттери май айына белгиленген парламенттик шайлоонун алдында өлкөнүн шайлоо мыйзамын өзгөртүү талабы менен жарыялаган ачкачылыгын улантууда.
Иранда ушул аптада тогуз журнал Батыштын, атап айтканда Голливуддун жылдыздарынын "бузуку сүрөттөрүн" жарыялагандыгы жана алардын жеке турмушу тууралуу жазганы үчүн жабылды. Мындан сырткары дагы он үч басылмага эгер ушундай кадамга барышса, лицензиясынан айрылары эскертилди.
Кошмо Штаттарда азыр президенттик шайлоо жараяны жүрүп жатат. Кокус Демократиялык партиянын алдыдагы шайлоого катыша турган талапкерлери: сенаторлор Хилари Клинтон менен Барак Обаманын бири республикачыл атаандашын жеңип, мамлекет башчылыгынына шайланып калса, америкалыктар туңгуч ирээт аял же ындыкара президентке ээ болот. Учурда Обама менен Клинтон өз партиясынан мамлекет башчылыгына талапкер болуу укугун алуу үчүн өз ара күрөшүп жаткан кези. Буга чейинки өнөктүктүн жүрүшүндө алар ички жана тышкы саясаттын маселелерине көбүрөөк көңүл бурушкан эле. Бирок талапкерлердин айрым таанымал жактоочулары расалык маселени да көтөрүп, кызуу талаш-тартышка жем таштады.
Дүйнөлүк экономикалык форум (World Economic Forum) деп аталган уюм жакында саякат жана туризм индустриясынын дүйнө өлкөлөрүндөгү абалына арналган отчетун жарыялады. Отчетто Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан да камтылып 130 мамлекеттин ичинен 113 - орун ыйгарылган.
Өткөн аптада БУУнун коопсуздук кеңешиндеги жыйында Ооганстандагы кырдаал талкууланган эле. Башкатчынын бейпилдик орнотуу иштери боюнча орун басары Жан–Мари Гуэнно ошол жыйынды утурлай даярдаган отчетто өлкөдө коррупция бийликтин ар бир баскычында бар экендиги жана бул көрүнүш коопсуздукка кандай коркунуч туудуруп жатканы белгиленген. Ошол жыйында айтылган айрым маселелер боюнча түшүндүрмө алуу үчүн "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун Нью-Йорктогу кабарчысы Никола Крастев Ооганстандын БУУдагы элчиси Захир Танинге айрым суроолор менен кайрылган.
Орусияда салттуу жана интернеттеги маалымат каражаттарынын ортосунда маазмун жагынан өтө деле чоң ажырым болбой калуусу мүмкүн. Өткөн жылдардын тажрыйбасы көргөзгөндөй, телерадио жана басма сөздүн көпчүлүгү бийликтин сөзүн сүйлөп, аны сындабайт. Ал эми Интернеттеги маалымат каражаттар мындан айрымаланчу. Бирок эми алар да салттуу маалымат каражаттарынын кейпин кийип калчудай. Кремлдин соңку аракеттери мына ушуну каңкуулоодо.
Быйыл адаттан тыш ызгаарды баштан кечирген Ооганстанда да азыр азык-түлүктүн, асыресе буудайдын баасы кескин кымбаттаган. Мындан улам Улуттар уюму өлкөнүн абал татаалыраак аймактарында гуманитардык кризисти алдын алуу аракетин көрүп, чукул жардам тарата баштады.
Орусиянын шайланган президенти Дмитрий Медведев кызматына май айында расмий киришери күтүлүүдө. Батыш лидерлери ичинен эң биринчилерден болуп өткөн аптада Медведев менен немец канцлери Ангела Меркел кездешип кетти. Москвадагы бул жолку иш сапары учурунда немец өкмөт башчысы анын өлкөсү Орусия ачык жана сынчыл диалогко артыкчылык берерин белгиледи.
Ооганстанда акыркы эки күндөн бери Дания менен Голландияга каршы демонстрациялар өттү. Албууттанып көчөгө чыккандар бул эки өлкөдө орун алган айрым соңку көрүнүштөрдү ислам динин кордоо катары баалашты. Даниялык гезиттер Мухаммед пайгамбардын келбетин чагылдырган карикатураларды жакында кайра басышкан эле, ал эми Голландиянын улутчул маанайдагы саясатчысы Куран тууралуу сынчыл көз караштагы тасманы ушул айда экранга чыгарарын билдирген.
Ирактын президенти Жалал Талабани жума жана ишемби күндөрү Түркияда болду. Ал бул коңшу өлкөгө түрк аскерлеринин Ирактын түндүгүндө күрд согушкерлерине каршы өткөргөн операциясы аяктагандан бир апта гана өткөн соң келип олтурат. Ирак президентинин Түркиядагы визитин жакындагы аскерий операцияга байланыштуу эки өлкөнүн оросунда жаралган чыңалууну жеңилдетүү багытындагы дипломатиялык аракет катары кароого болот.
Түркмөнстан менен Азербайжандын расмий өкүлдөрү соңку эки ай ичи эле үч ирээт жолугушту. Анын натыйжасында тараптар эки өлкөнүн алакасы оңолуусуна жолтоо болгон маселелердин бирин чечкендей. Мындан кийин эми алар Батыш кызыкдар болгон Транскаспий газ кууру долбоорунун үстүнөн биргелешип иштеп кете алабы? Бул азырынча толук белгисиз.
Дагы жүктөңүз