"Азаттык" радиосунун баяндамачысы, Кыргызстандын Эл акыны жана бир катар сыйлыктардын ээси.
Баяндамабыз бүгүн жарык көргөн төрт гезит аркылуу болмокчу.
“Московский комомолец Кыргызстан” гезити “Кандайча, кимге, эмнеге жана эмне үчүн?” деген суроолордун алдында Коомдук палата өкүлдөрү, Бейөкмөт уюмдарынын башчылары жана Укук коргоочулардын катышуусунда тарифтер менен коммуналдык төлөмдөрдүн кымбатташына байланыштуу өткөргөн жыйынынан баяндама басты. “Дело№...” гезити министр кызматынан кеткен Качыбек Ташиев “Менин тагдырым жана өмүрүм коркунучта” деп айтып жиберди деп жазды. .
“Эл сөзү” гезити куугунтукталгандарды, башына калканч издеп, чет өлкөлөргө чыгып кеткен кыргыз жарандары тууралуу баяндады.“Назар” гезити Айтматовдун туулган күнүнө өкмөттөн киши келбегенин, бир гана маданият агенттигинен Султан Раев, Талас облусунун губернатору Бейшен Болотбеков катышканын, ашка баратканда “Алиби”, “Назар” гезиттерин бир далайга чейин милийсалар өткөрбөй баштарына жаңгак чакканын кейиш менен кеп кылды.
“Агым” гезити “Үч канат” аттуу демилге көтөрүп чыгышкан аттуу-баштуу адамдардын: “уруучулдук, тууганчылык аркылуу биригүүнүн” жолун издеген идеяларын сынга алды. “Кыргыз руху” гезити “Жылдын мыкты саясый идеологу деп Оксана Малеванаяны атап, ага арнаган макаланы биринчи бетине басты.
Бүгүнкү баяндамабыз кыргыз жана орус тилдүү төрт гезиттен болмокчу.
“МК Кыргызстан” гезити Кыргызстандын тышкы карызы 2,5 млрд. долларга жеткенин, ушул эле карыз Акаев убагында 1,9 млрд. доллар болсо, 2005-жылы негедир 1,8 млрд. долларга азйып барып кайра өсүп, 2007-жылы – 2, 076 млрд. доллар, 2008-жылы -2,13 млрд. доллар болгонун кабарлады. “Дело №...” гезити белгилүү ислам таануучу Кадыр Маликовду сөзгө тартты. Ал шариат укуктары аял-эркекке бирдейлигин, ал тургай турмушта эркекке салыштырмалуу аялзатынын укугу көбүрөөк экендигин белгилеген.
Бүгүнкү баяндамабыз кыргыз тилинде жарык көргөн алты гезит менен болмокчу.
Гезиттер негизинен кымбатчылык, саясат, өлкөнүн ички жана сырткы турмушундагы окуялар тууралуу жазып чыгышты.
Бүгүн орус тилдүү эки гезит жарык көрдү.
Өлкөбүздүн ички жана сырткы турмушу бүгүн жарык көргөн гезиттердин башкы темасына айланды.
Бир карасаң, кезинде жээгине батпай, ашып-ташып аккан дайра тартылгандай, муун алмашкан сайын кыргыздын кулак кумарын кандыра сүйлөгөн мурунку мууну улам кийинкиси менен алмашып, сөздүн куну кетип баратканын байкоого болорун айтышат.
Тарифтерге “талкуу” гезит беттеринен жакын арада түшө турган эмес.
Гезиттердин башкы темасы тарифтердин көтөрүлүшү жана мамлекеттик саясат бойдон кала берүүдө.
“Московский комсомолец Кыргызстан” жумалыгы непотизм деген эмнеси менен коркунучтуу?” деп суроо коюп, “...кызмат даражаларын бөлүштүрүп алган үйбүлө мүчөлөрү өлкөнүн рулуна олтурат дагы, өз ара руль талашканга өтөт...,- деп маалымдады. Кыймылсыз мүлккө салынуучу салык тууралуу “Аргументы и факты в Кыргызстане” гезити жазып чыкты.
“Дардаңдаган Давыдов, үшүк жүргүзгөн Үсөнов” деген баш тема менен бүгүнкү санын ачкан “Агым” гезити Жогорку Кеңештин 70 жылдыгы бүгүн “Алтын казына” ресторанында өтүп, бир нече жылкы союларын кулак кагыш кылды да, энергетика жаатындагы жагдайларды талкууга алган макалаларга, ой-пикирлерге орун берди. “Кыргыз руху” гезити Өкмөт башчысы Данияр Үсөновду “жамандыктын жарчысы” деп баалаган гезит “Ата Мекен” партиясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаевдин “Алкы бузук бийлик адилетсиз баа бычат”деп аталган интервьюсун сунуш кылды.
Гезиттер тарифтердин көтөрүлгөнүн жазууну улантууда.
“Калк жылуулуктан баш тартууга даяр” деген баштема менен жаңы санын ачты “Аргументы и факты в Кыргызстане” гезити. "МК-Кыргызстан" гезити: "Бийлик бизге жылуулук менен жарыкты да ыраа көрбөй калды, эми кезектеги алмашуу келе жаткан жылдын башында, кымбатчылык ансыз да карайлаган калктын кысчу жерин кысып, электр жарыгына, жылуулук менен ысык суунун ажыдаардай оп тартканы турган алгачкы эсеп-кысабын төлөй баштаган маалда болушу мүмкүн, ошондо “баарын кылган ушул болчу” деген Үсөновдун ордун, тыбыттан жумшак, түгү түлөйлек Түлеев басат” деп жазды.
Экономикалык, юридикалык же медициналык терминдерди кыргызчалатуу, же иш кагаздарын кыргызча жүргүзүү ошол тармактагы айрым бир адамдардын жеке аракеттеринен ары кыр ашалбай келе жатат.
Бардык басылмалар кымбатчылык тууралуу жазып кирди.
“Элге убал болду, кош эзүүдө калгандай болуп калды",-деп жазып чыкты "Эл сөзү" гезити. “Кыргыз туусу” гезити жаңы жылдан баштап электр энергиясына, жылуулук менен ысык сууга болгон бааларды кымбаттатуу боюнча өкмөт кабыл алган чечимди чечмелеп баяндады.
Дагы жүктөңүз