"Азаттык" радиосунун баяндамачысы, Кыргызстандын Эл акыны жана бир катар сыйлыктардын ээси.
Бүгүн жарык көргөн орус тилдүү гезиттер алдыдагы шайлоо, дүйнөлүк кризис жана өлкөнүн ага даярдыгы тууралуу жазып чыкты.
Бүгүн жарык көргөн “Кыргыз туусу” гезити президенттин “Жаңы багыты”, коррупция, ысырапкорчулук ж.б. жөнүндө сөз кылса, “Ачык саясат” гезити президенттик шайлоону, партиялардын калк ичиндеги кадыр-баркын, демократия жана элитанын вазийпасын талкууга алды.
Саясат, экономика, алдыдагы шайлоо, элдин, жердин тагдыры... Бүгүн жарык көргөн гезиттердин башкы темалары ушул маселелердин айланасында болду.
Бүгүн жарык көргөн гезиттердин дээрлик баары эле президенттик жарышка кимдер түшө тургандыгын талкуулай башташты...
Бүгүн жарык көргөн “МК Кыргызстан” менен “Дело №...” гезиттери Кыргызстандын геосаясаттагы абалы жана ички турмушу тууралуу жазып чыгышты.
Жарык көргөн гезиттер өткөн митингдин күңгөй-тескейин, жер маселесин кеп кылып, президенттин кийинки кайрылуусун талкууга алууну улантты.
“Репортер Бишкек” гезити Азимбек Бекназаров менен маек курду. “Жаңы ордо” гезити “Трибуна” гезитинин башкы редактору Ырысбек Өмүрзаковдун: ”Садыркуловдун өлгөнүнөн күмөнүм бар” деген интервьюсуна орун берген
“Айат пресс” гезити бүгүнкү санын “Сагынганда бир келээрсиң, Ала-Тоону көргөнү” деген рубрика алдында “Байболовдор АКШдан башпаанек сурайт” деген чакан макала менен ачса, “Учур” гезити “Тарых кайталанабы?” деген суроо коюп, “Акаевди аңтарган Атамбаевчилер” деген аталышты алгачкы бетине алып чыкты. “Жаңырык апта” гезити “Анвар Алиевди өлтүрүүгө буйуртма бергендер аныкталабы?”, “Президент шайлоону бурмалоого катуу даярданып жатат”, “Көпчүлүктүн “аллергиясы” күчөп турган учуру”, “Молдомуса мырза, милицияларды тескегенге күчүңүз жетеби?”, “24-мартты шермендечилик күнү деп жарыялайм. Президент болсом...”, “Көшөгө артындагы “көз айнекчен оюндар” деген аталыштар менен жарык көрдү. Ал эми “Аалам” гезити бул санында “Баткен кимдин жери?” деген суроо койду.
“Дело №...” гезити “Анвар Алиевдин өлүмүнө байланыштуу башталган сот иши оңой болбойт”, “Жекшенкуловдун бир тууганын эмне деп күнөөлөп жатышат?” “Боштондукка чыгарында ... колониядан качып кетти”, “Токмоктогу шумдуктуу киши өлтүрүү”, “Документсиз көчөгө чыкпагыла”, “Медет Садыркуловдун жарыяланбай калган интервьюсу” деген аталыштар менен жаңы санын ачты.
Бүгүн жарык көргөн “Кыргыз туусунунан” бөлөк гезиттер 24-март эмне күн экенин эскеришкен жок.
Жарык көргөн гезиттер өлкө ичиндеги коомдук-саясый, социалдык, экономикалык турмуштун түрдүү жактарына байкоо салган макала, интервью, ар кандай көз караштагы материаларды окурмандарга сунуштады.
“Жаңырык апта” гезити “эки президентте тең конструктивдүү кайра жаралуу идеялары болгон жок” деген ат менен КР Коопсуздук Кеңешинин мурдагы катчысы, белгилүү чекист Мирослав Ниязовдун маегине орун берди. “Учур” гезити гезит кабарчысы Семетей Талас уулунун “Медет Садыркуловдун өлүмү саясый буйрукпу?” деген макаласын жарыялады.
Кыргызстанда жарык көргөн орус тилдүү гезиттер да башкы тема катары президенттин мурдагы администрация башчысы Медет Садыркуловдун каргашалуу өлүмү жөнүндө жазып чыгышты.
“Ачык саясат” гезити Өмүрбек Текебаевдин:”... аларды кыйнап өлтүрүп туруп, тоого алпарып өрттөп жиберишкен”, Топчубек Тургуналиевдин: “Куугунтук-репрессия, террорго айланды” деген аталыштагы интервьюларын окурмандарга тартуулады. Садыркулов менен анын көзү тирүүсүндө Алматыдан акыркы ирет жолугуп, сүйлөшкөнү жөнүндө орусиялык журналист-эксперт Аркадий Дубнов “Немис толкуну” үналгысындагы маегинде айтып берген.
Өкмөттүк “Кыргыз туусу” гезити “Жаз жарышы башталды, даярдыктар такталды” деген жалпы ат менен жарык көрсө, “Ачык саясат” жана “Айгай” гезиттери “27-мартта бүткүл өлкө боюнча нааразылык акциясы башталат” деген ат менен жарык көрдү. “Кыргыз руху” гезити баш макаласынын атын: “Акаевдин түбүно Аксы менен Бекназаров жетти эле, Бакиевдин түбүнө Кочкор менен Жекшенкулов жетеби?” деп атады. Ушул эле гезит белгилүү саясатчылардын ой-пикирлерин да ортого салды.
Жарык көргөн гезиттердин дээрлик баары А. Жекшенкуловдун камалышы жана оппозицияга куугун-сүргүнгө байланышкан окуялар жөнүндө жазып чыгышты.
“Дело №…” гезити “Кожоюндун өзүнө атылган тапанча” деген ат менен оппозициядагы саясый ишмер Аликбек Жекшенкуловдун камалышына байланышкан макаланы 1-бетке жарыялоо менен жаңы санын ачты.
“Аалам” гезити экс-министр, Оштун мурдагы губернаторлорунун бири Бекболот Талгарбековдун “Бул жол кайда алып барат?” аттуу өткөн сандан бери чыгып келаткан интервьюсун уланткан. “Ачык саясат” гезити Жаныбек Жанызактын “Интернет жайыгына – кыргыз жапырыгы” деген аталыштагы макаласын басты. Макала жакындан бери карай гезиттер чуу салып чыккан интернеттин “Kg” алкагындагы домен аталыштарын көзөмөлгө алуу ниетин көздөп аткан “Кыргызпатентттин” айланасындагы жагдай тууралуу сөз кылат.
Бүгүн жарык көргөн гезиттердин баары Кыргызстандык Энелерди, жалпы эле аялзатын ЖАЗ МАЙРАМЫ менен куттуктап, бакты-таалай, тынчтык, ырыс-кешик, үйбүлөлүк жакшылык каалаган ой-тилектер менен жарыкка чыкты.
Бүгүн жарык көргөн гезиттер журналист Сыргак Абдылдаевдин өмүрүнө кол салууну эркин сөзгө кол салгандык деп айыптап чыгышты.
Дагы жүктөңүз