"Азаттык" радиосунун баяндамачысы, Кыргызстандын Эл акыны жана бир катар сыйлыктардын ээси.
“Дело №...” гезити “Президент өнөктөштөрүнөн кантип кутулуп жатат же эмне себептен шакирттерин душманга айлантууда” деген макала жарыялады. Бул гезиттин ” “Сенсация!” деп аталган дагы бир макаласында Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аттокуров мырза Маскөөдөгү такырбаштардын башчысы Демушкин менен жолугуп сүйлөшүп, алтургай достошо жаздап калганы баяндалат.
Бүгүн жарык көргөн гезиттердин дээрлик бардыгы жаңы дайындоолор тууралу ойлорун ортого салууда.
Жарык көргөн гезиттер турмуштун ар кыл жагдайын чагылдырган материалдарды окурмандарына туртуулады.
Кыргызстандын ММКлары АКШнын ишин жаңы баштаган 44-президенти Барак Обома тууралуу ой-пикирлердин, макалалардын топтомун жарыялоону дагы эле улантууда.
Бүгүн жарык көргөн орус тилдүү гезиттер Карачай диаспорасынын жетекчиси Исмаил Кочкаровдун түрмөдөн өлтүрүлгөндүгүнө байланыштуу макалаларды жана “Агым” гезитинин өткөн санындагы Ө. Текебаевди каралаган фотосүрөткө карата ой-пикирлерди жарыялады.
Бүгүн жарык көргөн “МСН” гезити башкы темасын салыктын жаңы түрлөрүнүн жагдайына арнаса, “Кыргыз туусу” мамлекеттик тил маселесин сөз кылды. “Ачык саясат” гезити макалаларынын басымдуу бөлүгүн “Ата Мекен” партиясынын Таластагы окуяларына арнады.
Бүгүн жарык көргөн гезиттер бийлик жана оппозиция, өлкөнүн саясый-социалдык абалы, калктын жашоо турмушу тууралуу жазып чыгышты. “Манас” аба майданындагы АКШнын авиабазасы жөнүндө да ойлор бар.
Жарык көргөн гезиттердин дээрлик баары президент Курманбек Бакиевдин кадрдык алмаштыруулары жөнүндө жазып жатышат.
“МК Кыргызстан” гезити көгүлтүр от маселеси Кыргызстан менен Тажикстан үчүн жыл сайын баш ооруга айланганын, ошентип өзбек газы барып-барып эле суу маселесине такаларын баяндаган макала басты. “Данияр Үсөновду президенттик админстрациянын жетекчиси болот деп эч ким күткөн эмес. Бакиевдин буйругу бомба жарылгандай эле болду” деп жазды “Дело №...” гезити.
Мурда гезиттердин көбү мына ушул шейшемби күндөрү чыгып келсе, эми алардын көбү бейшемби жана жума күндөргө ооп кетти.
Бүгүн жарык көргөн гезиттер күндүн башкы темасы катары өз ыктыяры менен отставкага кеткен президенттин администрация жетекчиси Медет Садыркулов жөнүндө жазып чыгышты.
Жаңы жылдык эс алуудан кайткан гезиттер бүгүндөн тартып кайрадан жарык көрө баштады.
Электрондук маалымат булактары акыркы күндөрү Борбор Азиянын үч өлкөсү -- Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстан сыртка экспорттоп келген жумушчу күчтөрдүн проблемалары тууралуу көбүрөөк жаза башташты. Ал эмне болгон проблема?
Айыл чарба кылууга жери жетишсиз өлкөлөр чет өлкөлөрдөн жер сатып ала баштады. БУУнун айыл чарба азык-түлүктөрүн өндүрүү уюмунун башчысы Жак Диуфтун айтымында, дүйнөдө “жаңы колониализмдин” карааны пайда болду.
Бүгүн массалык маалымат каражаттарынын катарын жаңыдан жарыкка аттанган дагы эки гезит толуктады. Беш миң нуска менен “Айгай” деп аталган коомдук-саясый гезит күркөлөргө түштү. Башкы редактору мурда “Агым”, “Аалам” гезиттерине жетекчилик кылып жүргөн таанымал журналист Кенжебек Арыкбаев. Экинчи гезиттин аты “Эл сөзү” деп аталат. Башкы редактору белгилүү ырчы Сагынбек Момбеков.
“Жаңырык апта” гезити “Оппозиция бириккен элдик кыймылын түздү” деп жар салып, А. Бекнзаров, Ө.Текебаев, И. Исаковдун сүйлөгөн сөздөрүнөн үзүндү келтирген. “Аалам” гезити гезит баяндамачысы Жолдошбек Зарлыкбековдун “Күйгөндөн айтам бир сабак” деген макаласын окурмандарга сунуш кылды.
“МК Кыргызстан” гезити демейдеги “президентке кат” деген рубрикасын бул ирет “Аяз атага кат” деп алмаштырып, макаланын атын “Биз бука эмеспиз, бука биз эмес” деп атады. “Дело №..” гезити “24 Kg” маалымат агенттигине шилтеме кылып, Британдык экономикалык чалгындоо кызматынын иликтөөсүнө ылайык президент К. Бакиев 2010-жылкы президенттик шайлоого чейин бийлигин туруктуулук менен сактап тура аларын кабарлады.
“Ачык саясат” гезити “Америкалыктар 80 млн. а орустарчы?” деген жана саясатчы Алмамбет Матубраимовдун “Өткөөл мезгилдин оорусу, түшү жана маселелери” деген макалаларды басты. “Кыргыз туусу” гезити “Чаткал, Ала-Бука райондорундагы алтын өндүрүүчүлөрдүн өзүмбилемдиктери”, “Диний экстремизмге жол жок”, “АКШ менен Россиянын тымызын тирешүүсү эрегишүүгө айланабы?” деген макалаларды жарыялады.
Бүгүн жарык көргөн гезиттердин дээрлик бардыгы УТРКнын айланасындагы окуяга байланыштуу ар түрдүү көз караштагы макалаларга, интервьюларга, ой-пикирлерге орун берди.
Дагы жүктөңүз