"Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Орусиялык укук коргоочу Виталий Пономарев Кыргызстанга эки күндөн бери кире албай жатат.
Башкы прокуратуранын имаратын куруу иштерине байланыштуу кылмыш иши козголгону маалым болду.
Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөн Чотоновдун сотуна экс-президент Роза Отунбаева келди.
Өткөн жылы 120 милиция кызматкеринин үстүнөн 48 кылмыш иши козголгон.
"Ак шумкар" партиясы курултай өткөрүп, лидери Темир Сариевди президенттик жарышка чыгарды.
15-октябрда өтө турган президенттик шайлоого талапкерлерин сүрөгөн саясий партиялардын ичинен "Ак шумкар" партиясы курултайын биринчилерден болуп өткөрүп, өз лидери Темир Сариевди президенттик жарышка расмий аттандырды.
Тажик бийлиги тойлорду көзөмөлгө алган мыйзам 18 млрд сомонини үнөмдөгөнүн айтып чыкты.
УКМК "жихадга" чакырган бул видеотасмаларды иликтей баштаганын кабарлады.
Бишкекте республикалык театралдык тогузунчу фестиваль башталды. Өлкө аймагынан чогулган 140 артист Токтоболот Абдымомунов атындагы улуттук драм театрында бир апта бою спектакль коюшмакчы. Иш-чара өнөрпоздор арасында тажрыйба алмашуу жана көрөрмандарды театрга тартуу максатын көздөйт.
Чоң-Алай районунда 3-майдан бери түрдүү магнитудадагы 20га жакын жер титирөө катталды, алардын 8и төрт баллдан жогору болду.
Өзгөндө жер көчкүдөгү жоготуулардан улам жүздөн ашык адам оор стресске кабылды. Он чакты адам таптакыр эс-учун жоготуп, ооруканага түштү.
Өзгөндө жер көчкүдөгү жоготуулардан улам жүздөн ашуун адам стресске кабылды.
Ошто мектеп окуучуларынын арасында биринчи жолу анимациялык фильмдердин сынагы өттү. Анын алкагында кырктай окуучу өз алдынча тасма тартууга жетишти. Жаңы технология өнүгүп жаткан заманда педагогдор мындай тажрыйба алардын кесип тандоосуна чоң өбөлгө болорун белгилешет.
Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы талаш участокторду тактоо иштери али аяктай элек. Эки тараптын расмий өкүлдөрү бул боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу азырынча маалымат таратуудан карманып турушат. Бирок ошого карабай Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын Оштогу көчмө жыйынынд
15-апрелде Ош шаарында мэр Айтмамат Кадырбаевдин катышуусунда велоспорт сүйүүчүлөрдүн жүрүшү өтүп, быйылкы велосезон расмий ачылды. Уюштуруучулардын билдиришинче, иш-чарага 1000ден ашуун адам катышты. Сергек жашоого жана спорттун бул түрүнө жаштарды тартуу максатында өткөн веложүрүштүн катышуучулары жалпысынан алты чакырым аралыкты басып өтүштү. Катышуучуларга жана шаар туругундарына ар кандай оюн-зооктор тартууланып, белектер тапшырылды.
Өзүн өзү атып алды делген жоокердин башка аскер аткан октон каза тапканы белгилүү болду.
Кара-Суунун Кыргызстан айылынын активисттери мектеп курулушу токтоп турганын айтып, наарызылыкка чыгышты. Алар окуучулар авариялык абалдагы мектепте билим алып, ага да батпай жатканына даттанышты. Ал эми жергиликтүү бийликтер мектеп курулушу бир-эки жылда бүткөт деп ишендирүүдө. Буга чейин өкмөт Тал
Ошто ички иштер кызматында иштеген кыз-келиндер эктремизм менен күрөшүү боюнча окутула баштады. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынан чогулган 80 милиционер аял радикализмдин алдын алуу жолдорун, мыйзамдагы жаңы нормаларды жана башка кесиптик көндүмдөрдү үйрөнүшүүдө. Анткени туура эмес диний агымд
Өзгөн районунун Зергер айыл аймагында түшкөн көчкү дале жылып жаткандыктан, жер басып калган үй-бүлөнү издөө иштери башталбай турат. Ушундан улам куткаруучулар башка жарандарды коркунучтуу аймактардан коопсуз райондорго көчүрүү менен алек болууда. Тургундар атайын тигилген чатырларга киргизилип, ала
Ош облустук ички иштер башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Абдылда Капаров Ош шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка киргизилди. Ага укук коргоо органдарына жалган көрсөтмө берген, конституциялык түзүлүшкө шек келтирген, президент Алмазбек Атамбаевдин сүрөтүн өрттөгөн деп айып тагылг
Дагы жүктөңүз