"Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Өзбек өкмөтүнүн атынан Ош шаарына конокко келген делегацияны жергиликтүү бийлик "Достук" чек ара бекетинен тосуп алды. 140 адамдан турган топту эртең менен вице-премьер-министрлер Мухамедкалый Абылгазиев жана Жеңиш Разаков баштаган расмийлер күтүп алышты.
Ааламды курчаган интернет кызматынан пайдалангандардын саны Кыргызстанда 5 миллионго чамалап барды.
Кыргызстандан Кытайга 600дөй эшек экспорттолгону ачыкка чыкты. Расмий эмес булактар бул сан алты-жети эсе көп экенин билдирүүдө.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы талаштуу участоктор боюнча сүйлөшүүлөр жанданып, эки өлкөнүн бийлиги тактала элек 55 тилкени жеринде көрүп, изилдеп чыгышты.
Ош шаарындагы унаа тетиктерин саткан менчик базардын соодагерлери экинчи жолу бийликтин кысымына кабылганын айтышууда. Буга чейин экотехинспекция айып коюп келсе, эми сатуучуларга санэпидем кызматы жабышканын билдиришти. Ишкерлер бул аракеттин артында калаа жетекчилери турат деп шектенүүдө. Анткени
Өзбекстан чек арасы жабык болгондуктан, бир нече жылдан бери Кыргызстанга жашылча, мөмө-жемиштер анча келбей калган. Ошол себептүү жергиликтүүлөр арасында коон, дарбыз, кулпунай, гилас жана анар өндүрүү көбөйгөн. Маселен Кара-Суунун Кызыл-Кыштак айылындагы Абдунасыр Нышанов муктаждыктан улам алты со
Кыргыз-өзбек бийликтеринин Анжияндагы келишиминен кийин чек ара тилкесинен өтүү аз-маз жеңилдегендей болду. Буга чейин Өзбекстан адамдарды жалаң сөөк коюу зыйнатына гана кое берип келсе, эми жарандар тойго жана туугандарынан кабар алганы да каттай баштады. Натыйжада чек арадан өткөндөр эки эсеге арб
Транспорт министрлигинин Оштогу бөлүмүнүн жетекчиси Болот Тезекбаевдин ишмердүүлүгүнө нааразылыктар күчөдү.
Көп жылдык салкын мамиледен кийин Өзбекстан биринчи жолу Кыргызстанга эшик ачты. Өздөрүнүн чакыруусу менен барган кыргыз делегациясын коңшулар болуп көрбөгөндөй жылуу кабыл алды. Алар алгач конокторду Анжиянды түрө кыдыртып, ыр-бий менен дасторкон толтуруп коноктоду. Сапардын соңунда тараптар эки
Көп жылдык салкын мамиледен кийин Өзбекстан биринчи жолу Кыргызстанга эшигин ачты.
Көп жылдык муздак мамиледен кийин Өзбекстан биринчи жолу Кыргызстанга эшигин ачты. Өздөрүнүн чакыруусу менен барган кыргыз делегациясын коңшулар болуп көрбөгөндөй жылуу кабыл алды.
Ошто ондогон коомдук ишмерлер, аксакалдар сотунун өкүлдөрү, кварталдык комитет жетекчилери жана профессорлор бийликтин конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгесин колдоп чыгышты. Алар ал тургай муну өтө зарыл деп да белгилешти. Бирок удаама-удаа маалымат жыйынга чогулгандардын жүрүшүн байкоочулар эск
Кара-Суу районунун тургуну Айсалкын Бөрүбаева 58 сотых үлүш жери анын макулдугусуз шылуундук менен сатылып кеткенин айтып чыкты. Бөрүбаеванын ырасташынча, ал Хусанбай Мусаев аттуу айылдык кеңештин депутатына жерди узак мөөнөткө ижарага берип турган. Бирок Мусаев жасалма документтер аркылуу үлүштү ба
Ош мамлекеттик университетинин филология факультетинде "Өткөндү коргоо - келечекти жандандыруу" аттуу тарыхый шаарлардын сүрөт көргөзмөсү өтүүдө.
Оштогу мектептерде биринчи жолу талапка ылайык курулган пандустун ачылышы болду. Эми мүмкүнчүлүгү чектелген балдар да башка окуучулар сыяктуу мектепке келип окуп баштамакчы. Шаарда мындан сырткары дагы төрт-беш мектепте гана пандус болсо, алар талапка толук жооп бербей келген. Ал эми калган элүүдөй
Кара-Кулжа районунда экинчи жолу “Тоо балы” фестивалы өттү. Аймактардан чогулган элүүдөн ашык балчы өз продукцияларын элге жайып, аарынын жаңы породаларын өстүрүүнү үйрөнүштү. Фестиваль алкагында атайын форум өтүп, анда балды өндүрүүнүн жана экспорттоонун көйгөйлөрү талкууланды.
Интернетте кызуу талкууланган сүрөттөгү картон кагазда уктап жаткан баланын аты-жөнү аныкталып Ош шаарындагы реабилитациялык борборго жаткырылды. Үч жаштагы Исхак, эки бир тууганы жана апасы Зульфия Үсөнова менен чогуу Кара-Суу шаарына жакын батирде жашашат экен. Эки жолу турмушка чыгып, ажырашып ке
Оштогу "Тешик-Таш" базарынынын сатуучулары базарга кирген жолдун жабылышына нааразылык билдирип чыгышты. Алар кире беришке бетон коюу аркылуу мэрия соодагерлерди мажбурлап башка жакка көчүргүсү келип жатат деп даттанууда. Жергиликтүү бийликтер болсо жашылча-жемиш базарындагы блок-пост коопсуздуктан
17 жаштагы Юлдуз Байбабаеваны Ошто “машинанын кардиологу” деп атап коюшат. Анткени ал автоунаанын моторун ийне-жибине чейин билет. Айрым эркектер түшүнө бербеген карбюратор, инжектор, коллектор деген тетиктерди Юлдузхан бир заматта оңдойт. Байбабаеванын мындан башка да өнөрлөрү тууралуу ушул видеоба
Кара-Суудагы Мамажан айылында чөөлөр көбөйүп, адамдарга тиш сала баштады. Жырткычтар мүрзөдөгү сөөктөрдү казып жеп, айбандарга асылган. Ошого карабай ушу кезге дейре мергенчилер жардамга келе элек. Айласы кеткен жергиликтүү тургундар чөөлөр менен өз алдынча күрөшө баштады.
Дагы жүктөңүз