"Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Ош шаарында соңку эки айдын ичинде жети бала сууга чөгүп каза болду. Алардын бешөө Ак-Буурага жана андан бөлүнгөн каналдарга агып кеткен. Адистер буга ата-энелердин шалаакылыгы себеп болгонун айтышат. Кантсе да соңку кырсыктар сууга этияттанып түшүүгө эскертүү болгон жок.
Ошто мүмкүнчүлүгү чектелгендер жашаган көп кабаттуу үйдүн жертөлөсү көчүп түштү. Тургундар бул кырсыктан кийин турак жай толугу менен кулап калбайбы деп кооптонушууда.
Ошто мүмкүнчүлүгү чектелгендер жашаган көп кабаттуу үйдүн жертөлөсү көчүп түштү. Тургундар бул кырсыктан кийин турак жай толугу менен кулап калбайбы деп кооптонушууда. "Анар" кичирайонундагы 45 батирлүү үй 2010-жылкы июнь окуясынан кийин Ош жанан Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясы тарабынан к
Ош шаарында "Мекендештер" форуму башталды. Үчүнчү жолу өтүп жаткан иш-чара эки күнгө уланат. Жыйында мигранттар Кыргызстанга инвестиция салууга даяр экендигин, бирок түйшүктөр көп экендигин ортого салышты. Ошондой эле алар кыргызстандыктарды “жатып ичерликтен” арылып, мигранттар салган акчаны пайдалуу коротууга чакырышты.
Чет жактагы кыргызстандыктардын башын бириктирген “Мекендештер” форумунун үчүнчү айлампасы Ош шаарында "Инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү" деген ураан алдында өтүүдө. Быйыл форумга дүйнөнүн түрдүү өлкөлөрүндө жашап, ийгиликкке жетишкен 600дөн ашуун кыргызстандык катышууда.
Кара-Суудагы Жаңы-Маале айылынын тургундары бала бакча курула турган жерди “бийликтер сатып жиберди” деп нааразы болушууда.
Ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаковго караштуу делген Оштогу спорт клубдун балдарынын жүрүм-турумуна нааразылыктар айтылууда.
Ош шаардык мэриясы Кубанычбек Нуранов аттуу жаран калаадагы 600 гектар жерге ээлик кылып, жер тилкелерди мыйзамсыз сатып жатканын ачыкка чыгарды. Ага чара көрүү мэриянын колунан келбей жатканын бийликтер да моюнуна алды.
Ош шаарындагы “Алымбек датка” эс алуу багы соода түйүндөрүнө толуп кеткенине шаардыктар нааразы.
Ош мамлекеттик юридикалык институтунун окутуучусу Сюита Маматова окуу жайда 100гө жакын студент такыр сабакка келбей бүтүп жатканын ачыкка чыгарды. Анын айтымында, студенттер Орусияда иштеп жүрүп эле акча менен баа ала беришет.
Кезектеги апта темасы балдардын коопсуздугуна арналды. Орусиянын Карелиядагы эс алуу лагеринде ондон ашык баланын өмүрүн алган кырсык балдардын коопсуздугуна кам көрүүнүн маанисин арттырды. Кыргызстандык балдар деле мындай тобокелчиликтерден корголгон деп айтуу кыйын.
“Азаттыктын” кезектеги апта темасында Кыргызстандагы өрт коопсуздугуна байланышкан көйгөйлөр жана көрүлүп жаткан чаралар тууралуу сөз болот.
Оштун Навои көчөсүндөгү эстакада көпүрөнүн плиталары туташкан жерлер оңдолуп, кайрадан асфальт басыла баштады. Бул шаардыктар арасында көпүрөнүн сапаты жөнүндө шекшинүүнү күчөттү.
Ошто бөлүп төлөө шарты менен батир сатып алгандар корей ишкерлерине алданып калышканын айтып чыгышты. Тургундар акчасынан кутулуп бүткөн үйлөрдү кыргыз-корей биргелешкен “Алим-Курулуш” фирмасы банкка күрөөгө коюп, андан ары башкаларга сатып жиберген. Ишкананын өкүлдөрү талаштуу маселе сот аркылуу чечилерин билдирүүдө.
Ошто ата-энелер өзбек тилдүү Панфилов мектебинин окуучуларын жана мугалимдерин башка мектепке көчүрүп жатканына нааразылык билдирип чыгышты. Бийлик бул убактылуу чечим болгонун айтып, муну саясатташтырбоого чакырууда.
Кытайга транзиттик жүк ташыган кыргызстандык айдоочулар чек арада Тажикстандын күч кызматтары алардан үзгүлтүксүз пара алып жаткандыгын айтып чыгышты.
Ошто киши колдуу болгон полковник Толкунбек Шоноевдин атасы Курманбек Шоноев уулунун өлүмүнө байланыштуу соттук териштирүүлөргө нааразы болуп чыкты.
2010-жылдагы Ош, Жалал-Абад дубандарында болгон июнь калабасына туура алты жыл толду. Беш жүзгө жакын адамдын өмүрүн алган улут аралык кагылыш Кыргызстандын тарыхында кара тамгалар менен калды. Окуяга күбө болгон дарыгерлер, милиция жана өрт өчүрүү кызматкерлери эскерүүлөрүн “Азаттык” менен бөлүштү.
Ошто 2010-жылкы июнь окуясынын курмандыктары эскерилди. Коогалаңда каза болгондорго арналып куран окулуп, окуядан сабак алуу керектиги белгиленди.
Дагы жүктөңүз