"Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Оштун Араван районунда жергиликтүү эки айдоочунун урушунан чыккан чыр калкты кыйла бейпайга салып койду.
Ошто коогалаңда жабыркагандарга үй салып жаткан маалда Бөрүбай Мамашевдин бутун 3 тонналык бункер басып калган.
Кара-Суу районунун Агартуу айылындагы мечит имараты эми наристелердин үйү болуп калды. Айылдыктар демилге көтөрүп, 2 мечиттин бирин оңдоп-түзөп, бала бакча кылып алышты.
Кара-Кулжанын Алайкуу өрөөнүндөгүлөр жолдун катаалдыгынан 20 жылдан бери азап тартып келет.
Англис тили боюнча адис, илимдин кандитаты Азизбек Жумашев Кытай менен чектеш Алайкуу өрөөнүнүн алыскы Көк-Арт айылында мугалим болуп эмгектенет.
Тагай Раимкулов союз таркагандан калган ак койлорун көбөйтүп отуруп азыр 2 миңден ашырды. Учурда койлорунун жүнүнөн эле анын жеке чарбасына жылына 300-400 миң сом киреше түшөт.
Көк-Арт айылында “Азаттык аке” аттуу киши бар. Үналгыдан уккан жаңылыктарын элеттиктерге жеткирип турганы үчүн Абдыманап Өмөшевди бул жердегилер ошентип атап коюшкан.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгы Ошто былтыркыга салыштырмалуу өзүнө өзү кол салгандар эки эсеге өскөндүгүн ачыктады.
БУУнун азык-түлүк жана аялдар фонду Ошто жолдошу жана балдары мигрант болуп жалгыз бой калган аялдарга жашылча-жемиш өстүрүп, бизнес кылуу жагынан көмөк көрсөтүүдө.
Өзбекстан тарапка чек аранын жабыктыгынан улам Кыргызстандын түштүк аймагында соода айлантуу 50 пайызга кыскарды.
Ош шаарында жүргүнчүлөр акысы бир сомго көтөрүлдү. Шаардык кеңештин токтомуна ылайык, эми чоң автобустарга 6 сомдон, кичи автобустарга 8 сомдон жол кире төлөнөт. Шаар сыртындагы каттамдарга болсо 9 сомго көтөрүлдү.
20-июнда Оштогу нааразылык жыйында НТС каналынын оператору менен журналистин митингдин катышуучулары сабап салгандыгы тууралуу кабар тараган.
Бул борбордо элеттик жаштар чогулуп, компьютер курстарын окуп чет тилдерин үйрөнүшмөкчү. Жергиликтүү бийлик Жаштар үйү өзбек-кыргыз жаштарынын ынтымагына данакер болот деп үмүт артууда.
Өзгөн районунун Большевик айылындагы шаккашааны бул аймакта билбеген адам жок. Ал эмес кашаанын атагы чет элдиктерге чейин жетип, сырттан атайын көргөнү келгендер да бар.
Былтыркы коогалаңда жакындарынан ажыраган айрым тургундар эскерүү иш-чарасына чакырылбай калганына нааразы болушту.
Ошто ар улуттун өкүлдөрү чогулуп “Жети токоч баабедин” өткөрүштү. Алар май токочторду жасап, жакшы ниеттер менен элге жетиден таратып беришти.
Коогалаңда 435 адам каза таап, 2244 адам жарадар болгон. Кандуу окуяда каза болгондордун артында балдары жетим, аялдары жесир калды.
Былтыркы кандуу кагылыштарда жакындарын жоготкондор ошол каргашалуу күндөрдү азыр оор үшкүрүк менен эскерип отурат.
Ош шаарында тартип коргоо органдары жарандардын паспортторун текшерүүгө алат. Мындай чечимди коомчулукта ар кандай ушак-айың таркаткан шектүү адамдарды аныктоо максатында кабыл алынды.
Бир канча бейөкмөт уюм жана диаспора өкүлдөрүнөн түзүлгөн “Тынчтык кербени” Ош шаарын кыдырып, калкты ынтымакка чакырды.
Дагы жүктөңүз