"Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Июнь айында болуп өткөн каргашалуу окуя балдардын психологиясына чоң таасирин тийгизди. Психологдордун айтымында, айрым коркуп калган балдар эмдигиче өздөрүнө келе элек болсо, кээлери ошол күндөрдү эстеп азыр да кыжаалат болушат. Бийлик өкүлдөрү бир нече бейөкмөт уюмдар менен биргеликте Ош жана Жалал-Абаддагы балдарга атайын эс алуу лагерлерин уюштуруп, психологиялык жардамдарды беришүүдө.
Оштуктар азык-түлүк кымбаттап жатышына кыжаалат. Аймактык монополияга каршы комитети кымбаттоолордун себебин борбордук базардын көчүрүлүшү менен түшүндүрүүдө.
Июнь айындагы этникалык кагылышууда Ош шаарында өрттөнүп кеткен мектептердин окуучулары жакын жайгашкан мектептерге которулуп, үзгүлтүксүз түрдө окуусун улантарын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришти. Алардын айтымында, жараксыз абалда калган мектептер эмдиги жылы гана тикеленип бүтөт. Ал эми мектеп жамааты жана окуучулар мындай чечимдерге нааразы болушуп, мектепти мурунку абалына келтирүүнү өтүнүшүүдө.
Жаңы окуу жылына даярданып жаткан Ош шаарындагы мектептерге 350дөн ашуун мугалим жетишсиз. Ошондон улам Ошто жайгашкан жогорку окуу жайлардын студенттери да мугалимдикке тартылмакчы. Мындай демилгени серепчилер колдоого алганы менен, мектеп жетекчилери студенттердин кесиптик тажрыйбасынын аздыгын айтып кейишүүдө.
Ош шаарына көп кабаттуу турак жайлардын курулуп башташы жаштарды жумуш менен камсыз кылууга шарт түзмөкчү. Бул тууралуу жергиликтуу бийлик өкүлдөрү билдиришүүдө. Алардын айтымында, учурда башталган көп кабаттуу 2 турак жайдын курулушуна жумушчулар алына баштады. Ал эми курулушчулар салына турган жалпы 10 турак жайдын курулушунда жүздөгөн жаштар жумуш менен камсыз болушу мүмкүн деп кабарлашууда.
Июндагы коогалаңдан кийин түштүктөгү айыл жаштарынын спортко кызыгуусу солгундап кеткендиги айтылууда. Анткен менен серепчилер буга чейин деле айыл жергесинде жаштарды спортко тартуу жакшы деңгээлде жүргүзүлбөгөндүгүн айтып келишкен.
Учурда Оштун тургундары бир топ кабаттуу үйлөргө газдын берилбей жаткандыгына нааразылыктарын билдиришүүдө. Алардын айтымында, көп кабаттуу үйдө жашагандар электр менен тиричилик өткөрүүдө көп кыйынчылыктарды тартышууда. Ал эми шаардын газ чарба башкармалыгы айрым кабаттуу үйлөргө газдын берилбей жатышын, тургундардын коопсуздугу менен түшүндүрүшүүдө.
Июнь айында болгон коогалаңда Ош шаардык жана областтар аралык бириккен клиникалык ооруканаларга жалпысынан 612 адам жабыр тартып кайрылып, алардын 419у жаткырылган. Жаракат алгандардын бардыгы акысыз медициналык дарылануудан өтүшүп чыгып кетишкен.
Июндагы кагылышуудан бери бир айдан ашык убакыт өтсө да анын кесепеттери ушул күнгө чейин унутула элек. Коогалаңдан калган өчөшүүлөрдүн айынан кээде эки улуттун өкүлдөрү чатакташып кеткен учурлар бар. Оштун айрым тургундары ар кандай имиштерден улам үйүнөн сыртка чыгуудан кооптонушууда.
Акыркы бир айда эле Ош облусунан миңдеген жаштар чет өлкөгө чыгып кетишти. Көпчүлүгү жумуш издеп кетип жатканын айтса, кээ бирлери Оштогу абалдан кооптонуп, сыртка чыгып кетүүгө аргасыз экендиктерин билдиришүүдө.
Жергиликтүү укук коргоочулар жаңжалдан кийинки аймактагы балдардын билимге болгон укугун камсыздоо өтүнүчү менен өлкө башчысына кайрылды. Ош жана Жалал-Абадда айрым ата-энелер жаңы окуу жылы жакындап калса да балдарын мектепке берүүдөн кооптонуп жатышат.
Июндагы коогалаң Оштогу борбордук базардын биротоло жабылышын шарттады. Мунун айынан жумушсуздардын саны кескин көбөйүп, базарда эмгектенген жүздөгөн жаштар чет өлкөгө карай агылууда. Ошол эле учурда шаар жетекчилиги жакын арада жаңы базарлар ишке киришсе улан-кыздар жумуш менен камсыз болот деп үмүттөндүрүүдө.
Түштүктөгү этностор аралык жаңжалдан кийин жергиликтүү жогорку окуу жайлардан билим алууну каалаган абитуриенттердин саны кескин азайганы байкалууда. Окуу жай жетекчилери болсо жергиликтүү медиа аркылуу ата-энелерге жана мектеп бүтүрүүчүлөрүнө кайрылып, мындан ары студенттердин коопсуздугу толугу менен көзөмөлгө алынарын, Ошто кырдаал турукташып калганын айтышууда.