Путин АКШ Киевди "Томагавк" ракеталары менен камсыздаса арты жаңы эскалацияга алып келерин эскертти. Зеленский сураган бул ракетанын түрү 2.5 миң чакырымга чейин учууга кудуреттүү. Бишкектин Биринчи май районунун аймагында митинг-пикет өткөрүүгө салынган тыюу кайрадан узарды.
Украин куралдуу күчтөрү жумага караган түнү Орусия 416 пилотсуз учак жана ракета менен сокку урганын билдирди. Бутага негизинен Полтава жана Харьков облустарындагы энергетикалык жайлар алынды. Орусиянын Пермь крайында жайгашкан "Азот" химия заводу дрон чабуулуна кабылганы кабарланды.
Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 17 жаштагы окуучу кыз Айсулуу Мукашеванын өлүмүнөн соң президент Садыр Жапаров Баш мыйзамга өлүм жазасын кайтаруу демилгесин көтөрдү. Маселе коомчулукта талкууланып, ача пикирлер айтылууда.
17 жаштагы Айсулуу Мукашева киши колдуу болгон соң соң өлкөдө өлүм жазасын киргизүү маселеси көтөрүлдү. Украинада Орусия оккупациялаган Запорожье АЭСде абал курчуду. Ал арада АКШнын президенти Дональд Трамп согушту токтотуу үчүн Зеленский менен Путин жолугушууга тийиш деп кайталады.
Шаршембиге караган түнү Орусия 49 дрон менен сокку урганын, алардын 44ү атып түшүрүлгөнүн украин куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы билдирди. Маалыматка караганда, орус аскерлери "Искендер" баллистикалык ракеталары менен кемелерге каршы "Оникс" ракетасын пайдаланган.
Орусиянын акыркы массалык соккуларынан улам Киевде бир нече адам каза болду. Украин президенти Зеленский дүйнөлүк коомчулукту Орусияга каршы чараларды күчөтүүгө чакырды. Ал арада АКШ Украинага алыс аралыкка учуучу ракеталарын берүү маселесин карап жатат.
Молдовада 28-сентябрда өткөн парламенттик шайлоо өттү деп жарыяланды. Бюллетендердин басымдуу бөлүгү эсептелгенден кийин президент Майя Сандунун Европаны жактаган "Аракет жана тилектештик" (PAS) партиясы алдыга озду. Анын партиясы добуштардын 50% ашыгын алды.
Даниянын аба мейкиндигин дрондордун кайра бузуп киришине байланыштуу НАТО Балтика деңизинде зениттик фрегат жана кошумча чалгын жабдыктарын жиберди.
Казак президенти Касым-Жомарт Токаев БУУнун Башкы ассамблеясына катышып келгенден кийин тышкы иштер министри Мурат Нуртлеуну жана АКШдагы элчи Ержан Ашикбаевди кызматтан алды. Буга казак делегациясынын Нью-Йоркко сапарынын жыйынтыгы негиз болдубу же башка да себептер барбы?
Дагы жүктөңүз