Кыргызстанда көзү ачыктарга алданып калган учурлар дагы деле токтобой келет. Жакында Бишкекте алдамчылыкка шектелген аял кармалды. Милициянын маалыматына караганда, жаш кыз үч жыл бою “жол ачтырам” деп ошол аялга барып жүрүп, жыйынтыгында 100 миң долларынан кол жууган.
Батыштын бир катар өлкөлөрү Палестина мамлекетин тааныды. Айрым эксперттер менен саясатчылар муну символикалык ишарат деп баалашса, башкалары олуттуу укуктук, саясий жана дипломатиялык мааниге ээ кадам катары сыпатташат.
Израилдин бийлиги Газа шаарынан чыгып кетүүнү эскерткенден кийин миңдеген киши анклавдын түштүгүнө агылды. Айрымдары согуш башталгандан бери ушуну менен 20-30 жолу жер которууга аргасыз болду. Бир катар өлкөлөр ЦАХАЛдын анлкавдын ири калаасын басып алуу аракетин сындашууда.
Айзирек Эралиеваны өлтүрүүгө шектүү күйөөсү 18 жылга кесилди. Киевге жасалган соккудан набыт болгондор сегизге жетти, 80ден ашыгы жараат алды. Ош мэриясы "Келечек" базарында соода кылып келген 150дөн ашык адамга жаңы муниципалдык базардан орун берилгенин айтты.
Бишкектеги ботаникалык бакта дарактар эмнеге куурап жатат? Газа тилкесине Египет тараптан гуманитардык жардам жеткириле баштаганы кабарланууда. Биринчи май райондук соту Ташовду 25-июлда үй-мүлкүн конфискациялоо менен тогуз жылга кескен эле.
Газа тилкесине Египет тараптан гуманитардык жардам жеткириле баштаганы кабарланууда. Анын алдында айрым мамлекеттердин, БУУ баштаган эл аралык уюмдардын кысымына кабылган Израил палестин анклавынын үч жеринде тактикалык тыныгуу жарыялап, гуманитардык жардам үчүн коридор ачарын убада кылган.
Бишкектеги Улуттук госпиталдын жамааты дарыгерлери сабалган окуялардан улам бийлик башчыларына кайрылды. ЮНИСЕФ уюму Газадагы согушта күнүнө кеминде 28 баланын өмүрү кыйылып жатканын эскертти. Кыргызстан 12 жылдык окутууга өтүп, тиешелүү министрлик ага даярдыктарын дале улантууда.
Сириянын Сувейда чөлкөмүндө армия менен этностук друз азчылыгынын кошуундарынын кармашы жанданды. Ок атышууну токтотуу режими бир нече саатка гана созулду. Сириянын Ички иштер министрлигинин расмий өкүлү муну "дин аралык чыр-чатак эмес, мамлекет менен бандиттер ортосундагы жаңжал" деп мүнөздөдү.
26-майда Ош облусунун Кара-Кулжа районунда беш балалуу келиндин мыкаачылык менен өлтүрүлүшү аялдар кабылган зомбулук темасын кайра козгоду. 38 жаштагы келиндин өлүмүнө шек саналып күйөөсү камалды. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы эркектерге кайрылып, аялдарды коргоого үндөдү.
АКШнын лидери Дональд Трамп Украинанын президенти Владимир Зеленский менен Ватиканда Папа Францисктин мамлекеттик тажыясынын алдында жолугушту. Эки лидердин тең Украинадагы урушту токтотуу үчүн тынчтык сүйлөшүүлөрүндө ийгиликке жетебиз деген үмүтү бар.
Кыргызстанда бетин толук жаап жүргөн, ушундан улам анын ким экени аныкталбаган адамдар мамлекеттик жана муниципалдык имараттарга, мекемелерге киргизилбей турган болду. Бийлик бул талапты бузгандар айыпка жыгыларын эскертүүдө.
Дагы жүктөңүз