Ал мыйзамга ылайык, чет өлкөлүк радиолордун берүүлөрү Армениянын коомдук телерадиосунун толкундардында обого чыгуусуна тыюу салынмак. Жеке менчиктеги радиостанциялар андай берүүлөрдү тараткан учурда ири өлчөмдө салык алынмак. Мыйзам буга чейин биринчи окуудан өткөн эле.
ЕККУ уюму мыйзамды сынга алуу менен ал "Азаттык жана Эркин Европа" радиосун тыюу салгандыкка барабардыгын, 2008-жылдын жылдын мартындагы президенттик шайлоо эркин жана адилет өтпөшү ыктымал экендигин билдирген.
Виктор Далакян – парламенттин көз карандысыз депутаты, мыйзамды катуу сынга алган парламентарийлердин бири. "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун армян кызматына ал буларды айтты:
-Азчылык сапат сандан маанилүү экенин көргөздү жана бул парламенттик көпчүлүк үчүн сабак болот. Алар эң маанилүү укукту - эркиндикти сакташы абзел.
Бирок, мыйзамдын экинчи окууда өтпөй калышы азчылыктын эле аракети эместей. Анткени, шейшембиде добуш берүүгө келгенде парламент жыйынын көз карандысыз, оппозициячыл жана кээ бир өкмөтчүл депутаттар да бойкоттошту.
Армян парламенти 131 депутаттан турат. Кворум болуш үчүн 66 депутаттын добушу зарыл эле. Документ эки ирээт колго салынып, биринчисинде 63ү колдоп, бир депутат каршы, бирөөсү калыс, экинчисинде да кайра эле 63ү колдоп, экөөсү калыс болду. Эми өкмөт мыйзамды өткөргүсү келсе, кайра биринчи окуудан киргизиши керек.
Добуш берүүнүн алдында, ушул дүйшөмбү күнү АКШнын Мамлекеттик департаменти күндөлүк басма сөз жыйындан кийин билдирүү таратып, сунуш кылынган мыйзам Армениянын демократиялык жараяндарды өнүктүрүү ниетине ылайык келээри күмөндүү экенин белгилеген болчу. АКШнын Армениядагы элчилигинин басма сөз катчысы Том Миттнэчт мындай дейт:
-Биз жарандык коомдо бул маселени армян депуттаттары менен талкуулоосуна эми көбүрөөк убакыт болоруна кубанычтабыз. Биз парламент төрагасы менен өткөн мазмуундуу жана жигердүү сүйлөшүүлөрдү жогору баалайбыз. Биз "Азаттык" радиосу берүүлөрүн таратууну уланта аларына сүйүнүчтөбүз.
Армян парламентинин төрагасы Тигран Торосян жана башка расмий өкүлдөр мыйзамдын "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунуна терс кесепети тийбей турганын айтышкан.
Бирок документтин формулировкалары өлкөнүн ичинде да тышында да байкоочуларды кабатырлантып жаткан эле. Себеби, анда "Азаттык жана Эркин Европа" сыяктуу чет өлкөлүк радиостанциялардын берүүсүн тараткан жеке менчик радиолор үчүн курч тоскоолдуктар ачык–айкын көргөзүлгөн. Алар ар бир жолу тараткан программасы үчүн 200 доллардан ашуун салык төлөмөк. Бул жергиликтүү радионун берүүсүн обого чыгарууда талап кылынган каражаттан 70 эсеге көптүк кылат экен.