Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:13

Мамлекеттик дума Кыйноолорго каршы Европа конвенциясын денонсациялады


Орусиядагы абак. Иллюстрация
Орусиядагы абак. Иллюстрация

Орусиянын Мамлекеттик думасы президенттин Кыйноолорду алдын алуу боюнча Европа конвенциясынан чыгуу сунушун бир добуштан колдоду.

Юстиция министрлиги денонсация адам укуктарын бузууга алып келбейт, Орусия бул жааттагы негизги эл аралык келишимдерге катыша берет деп ишендирди.

Президент Владимир Путин сөз болгон конвенциядан чыгуу тууралуу мыйзам долбоорун Мамдумага сунуш кылганы 8-сентябрда белгилүү болгон. Бул кадам өлкөнүн 2023-жылдан бери Европарламенттин комитетинде өкүлсүз калганы менен түшүндүрүлгөн.

Кыйноолорду, ырайымсыз, адамдын ар-намысына шек келтирген мамилени алдын алуу боюнча конвенцияга Европа кеңеши 1987-жылы кол койгон. Документ кыйноолорго тыюу салуу менен кошо андай учурларды болтурбоо механизмдерин киргизген.

Анын аткарылышына көз салуу үчүн атайын комитет түзүлгөн. Эксперттер каалаган убакытта түрмө, колония, оорукана жана жабык жайларга барып, айыпкерлердин шарттары менен таанышууга мүмкүнчүлүк алат. Кийин өз докладдарын чыгарып турат. Конвенцияга кол койгон мамлекеттер эксперттер менен кызматташууга жана кемчиликтерди жоюуга милдеттүү.

Орусия документке 1996-жылы, Европа кеңешине киргенде кошулган. Ошондон бери комитет оурсиялык абактарда, убактылуу кармоочу жайларда кыйноо, катаң шарттарды каттап келген.

Эми өлкө конвенциядан чыккандан кийин эл аралык текшерүүчүлөрдү киргизүүгө милдеттүү болбойт. Соттолгондордун Европа комитетине берилген арыздары каралбайт. Тышкы көзөмөл жоюлуп, жаза аткаруу кызматынын жана орус сотторунун гана көзөмөлү калат.


Шерине

XS
SM
MD
LG