Украинанын темир жол компаниясы 17-сентябрга караган түнкү чабуулдан улам бир катар поезддер маршрутун өзгөртүп, айрым каттамдар кечигип аткарылып жатканын билдирген.
Вице-премьер Алексей Кулеба дрон соккулары темир жолдордун подстанцияларын бутага алганын, орус аскерлери жүргүнчүлөр менен товарларды ташууну, транспорттун ишин үзгүлтүккө учуратууну, экономикага зыян келтирүүнү көздөгөнүн Телеграм-каналына жазды.
"Мындай соккулардын максаты бирөө гана — жүргүнчү жана жүк ташууну кыйындатуу, транспорт системасынын туруктуу ишин үзгүлтүккө учуратуу, адамдарга жана экономикага кошумча басым көрсөтүү", — деп белгиледи Кулеба.
Украин куралдуу күчтөрү шаршембиге караган түнү каршы тарап 172 пилотсуз учак жана эки ракета менен чабуул койгонун, 136 дронду атып түшүрүшкөнүн маалымдады. Жергиликтүү бийликтер бир нече киши жарадар болгонун билдирүүдө.
Орусиянын Коргоо министрлиги украиналык 8 пилотсуз учак атып түшүрүлгөнүн кабарлады.
16-сентябрда украин президенти Владимир Зеленский Sky News телеканалына берген интервьюда Орусиянын чабуулга өтүүнү көздөгөн үч операциясы ишке ашпай калганын, алар дагы эки кампанияны пландап жатканын айтты.
Өткөн дүйшөмбүдө Украинанын куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Сырский фронттогу позицияларды тарттырып жибергени үчүн Запорожье, Донецк жана Днепропетровск облустарындагы эки корпустун кол башчыларын иштен алды.
Ошол эле күнү Орусиянын Коргоо министрлиги сөз болгон эки багытта тең чабуулга өткөнүн билдирген.
Майдандагы кырчылдашкан кармаштар тууралуу кабарлардын фонунда тараптар жоготууларды адатта ачыкка чыгарбайт. Июнда АКШдагы Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борбору 950 миң орусиялык аскер каза тапкан же жарадар болгон, украин тараптан 400 миң жоокер өлгөн же жабыркаган деген статистикасын жарыялаган.
Украинанын тургуну Анастасия Цветкованын күйөөсү Ярослав Качемазов Покровск шаарынын жанындагы кармаштарда дайынсыз жоголгонуна бир жылдан ашты.
"Мен аны күтүп жатам, Ярослав тирүү кайтып келет деп күтөм. Чөнтөк телефонунун номери өчүп калбасын деп ай сайын акча салып турам. Күнүгө кат жазып, эмне кылганымды, кайда барганымды айтып берем. Кайтып келгенинде ансыз өткөргөн күндөрдүн хроникасы сакталып калат", - дейт Цветкова.
Орусия туткунга алынган же өлтүрүлгөн украиналык аскерлер тууралуу кабардар кылбайт. Кызыл чырым уюму да Ярославдын тагдыры жөнүндө маалыматы жоктугун айтууда.
Ушундай эле абалга 70 миң украиналык аскер менен карапайым киши туш болду.
37 жаштагы жоокер дайынсыз кеткен чөлкөмдү азыр орусиялык армия ээлеп турат.
Акыркы төрт айда украиналык 7 миң жоокердин сөөгү мекенине алынып келген. Ушу тапта алардын тек жайын аныктоого полиция, жергиликтүү жана эл аралык эксперттер, ыктыярчылар катышууда. Бирок ДНК анализдерди текшерип чыгуу бир нече айды талап кылмакчы.
"Биз бир, эки, көп болсо 10 сөөктүн экспертизасын жүргүзүүгө көнгөнбүз. Бир убакытта сөөктөр жапырт келе баштаганда дендароо калдык. Репатриация болгондордон тышкары биз фронтто курман болгондорду да аныктайбыз. Мисалы, жоокердин каза тапканын жанындагылар көрсө да ДНК анализин жүргүзбөстөн тергөөчү сөөктү башка бирөөгө берип коем деп коркот", - деп айтат Украинанын Соттук экспертиза борборунун жетекчи орун басары Руслан Аббасов.
Украинанын ички иштер министри Игорь Клименко Орусия сөөктөрдү башаламан тапшырганын, кээ бир учурларда орусиялык аскерлердики да табылганын сындаган.
Ал арада АКШ Европадагы союздаштар менен макулдашылган жаңы схеманын алкагында Украинага курал жөнөтүү пакетин жактырганы кабарланды.
Быйыл жазында Украинанын “Жашагым келет” долбоору Орусия тарапта украиндерге каршы согушка катышкан деп 360 кыргызстандыктын аты-жөнүн жарыялаган. Долбоордун маалыматы боюнча, алардын 38и каза болгон. “Азаттык” буга чейин Украинадагы согушта теги кыргызстандык кеминде 70 адам набыт болгонун өз алдынча аныктаган. Алардын басымдуу бөлүгү кыргыз жарандары.
Украинадагы согушка Орусия тараптан катышып жүрүп көз жумган кыргызстандыктар тууралуу алгачкы маалыматтар 2022-жылы жай айларында пайда болгон. Алардын ичинде айрымдары согушка Орусиянын абактарында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан жеринен кеткени аныкталган. Андай жарандарга согушка катышуу эркиндик жана акча кепилдигин бергени ачык булактарда деле айтылган.
Кийинчерээк Украинадагы кан майданга эркиндикте жүрүп эле кеткендер тууралуу маалыматтар көбөйө баштаган. Айрым эксперттер буга акыркы жылдары Орусия мигранттарга мамилесин катаалдаштырып, документинде мүчүлүштүгү бар мигранттарды деле түрдүү себептер менен кагаздарга кол койдуруп, согушка катышууга мажбурлаганын айтып келишет.
Шерине