Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:58

"Пенсия алуу үчүн кезекте турушкан". Орус бомбасы Украинада ондогон өмүрдү жалмады


Яровая кыштагы. Орусия бутага пенсия алып жаткан жайкын тургундарды алды.
Яровая кыштагы. Орусия бутага пенсия алып жаткан жайкын тургундарды алды.

Украинанын президенти Владимир Зеленский орус аскерлери Донецк облусундагы Яровая кыштагына бомба таштаганын, 20дан ашык киши өлгөнүн Х социалдык тармагына жазды. Орус куралдуу күчтөрү бул окуяга байланыштуу комментарий бере элек.

Владимир Зеленскийдин жазганына караганда, сокку карапайым адамдар пенсиянын кезегинде турган жерге урулган. Украин президенти аны “ачыктан ачык мыкаачылык” деп атап, видео жарыялады.

«Орусия Донецк облусундагы Яровая кыштагына авиабомба менен ырайымсыз сокку урду. Адамдарды бутага алышты. Пенсия берилип жаткан маалда катардагы бейкүнөө адамдарга бомба ташташты. Баштапкы маалымат боюнча 20дан ашуун киши өлдү. Айтарга сөз жок», - деп жазды украин лидери.

Ал дүйнө коомчулугун Орусияга кысым көрсөтүү үчүн чечкиндүү кадамдарга барууга үндөдү.

Кийинчерээк «Суспільне. Студия» берүүсүндө Лиман шаардык администрациясынын башчысы Александр Журавлев каза тапкандардын саны 23 кишиге жеткенин айтты. Анын маалыматына караганда, жараат алган дагы 18 кишинин үчөө оор абалда ооруканага жеткирилди.

«Суспільне» басылмасы тактагандай, курман болгондордун көбү – пенсия курагындагы улгайган адамдар жана почта кызматкерлери.

Шаар администрациясынын кызматкерлери окуя болгон жерге жакын үйлөрдү кыдырып, каза тапкандардын жана жабыркагандардын так санын аныктоого аракеттенүүдө. Басылма бийлик пенсия жана почта берилген пунктту коопсуз жерге көчүрүүнү караштырып жатканын кошумчалады.

Украинанын ички иштер министри Игорь Клименко каза болгондордун тек жайын ДНК анализи аркылуу аныктоо иши башталганын билдирди. Жетекчи айылдын тургундары көчүрүлүп жатканын, 22 киши эвакуацияланганын жазды.

Донецк облусунун аскердик администрация башчысы Вадим Филашкин жергиликтүү жашоочуларды өлкөнүн коопсузураак аймактарына көчүп кетүүгө чакырды.

«Орусиялыктар пенсия берилип жатканда сокку урушту. Бул – аскердик аракет эмес, ачыктан ачык терроризм», - деп жазды Филашкин Телеграм-каналына.

Украинанын улуттук полициясы чабуул жергиликтүү убакыт менен эртең мененки саат 11лерде коюлганын билдирди.

Яровая Лиман шаарынын жанында, Донецк облусунун түндүк тарабындагы Краматорск районунда жайгашкан кыштак. 2022-жылы орус армиясы оккупациялап алган айылды кийин украин күчтөрү кайтарып алышкан. Яроваяны согуш майданынан 8 километрлик тилке гана бөлүп турат.

Орусиянын куралдуу күчтөрү бул соккуга байланыштуу комментарий бере элек. Алдыңкы күнү орус Коргоо министрлиги Яровая жана Ямполь кыштактарына жакын жерде “Украинанын улуттук гвардиясы менен куралдуу күчтөрдүн үч бригадасынын аскерлерине жана техникасына” сокку урулганын билдирген.

Яроваяда тартылган видеодо почтанын машинеси жанында жаткан сөөктөрдү, кыйроолорду, өрттүн издерин көрүүгө болот.

Почтанын бөлүмдөрү жабылып калган жерлерде пенсияны машина менен барып таратышат.

“Укрпочта” ишканасынын кызматкерлери ар дайым коопсуздук чараларын көрүшкөнүн, бак-дарактардын арасына жашырынууга аракеттенишкенин айтып беришти.

Облустук прокуратура "согуш салттарын бузуу" беренеси менен сотко чейинки териштирүү баштады.

Расмий Киев Яроваяга урулган соккуга чечкиндүү реакция билдирүүгө чакырууда.

Украин тышкы иштер министри Андрей Сибига: «Бул жийиркеничтүү кылмышты бүтүндөй дүйнө айыпташы керек. Биз дүйнө мамлекеттерин реакция билдирүүгө, дароо чара көрүүгө үндөйбүз. Европалык өнөктөштөрдү, АКШны, "Чоң Жыйырманы", адам өмүрүн баалаган жана БУУнун уставын урматтаган тараптарды чара көрүүгө чакырабыз», - деп Х социалдык тармагына жазды.

Министрдин айтымында, тышкы саясий мекеме өнөктөштөрдү жана эл аралык уюмдарды чабуулдун чоо-жайы тууралуу кабардар кылып жатат.

«Орусиянын пропагандасы Донецк облусунда жашагандарды "куткарып жатканын" айтууда. Иш жүзүндө пенсия алганы келген тынч адамдарга бомба ташташты. Орусия өлүм, кыйроолорду алып келип жатат», - деп улантты Сибига.

Ал санкциялар жана Украинанын өзүн коргоо дараметин колдоо «Орусиянын террорун токтото алат жана токтотушу керек» деген оюн кошумчалады.

Көптөгөн далилдерге карабай Москва пилотсуз учактар, ракеталардын түрлөрү менен Украинада жарандык жайларды бутага алганын танып келет.7-сентябрга оогон түнү Орусия кошуна өлкөсүнө мурда болуп көрбөгөн сандагы дрон менен чабуул койгон. 810 пилотсуз учак менен баллистикалык ракеталардын соккусунан Киевдеги көп кабаттуу үй жарым жартылай ураганда үч киши каза тапкан. Үчүнчү маркумдун сөөгүн куткаруучулар дүйшөмбү күнү уранды астынан алып чыгышты.

Андан тышкары Өкмөт үйүнүн имаратында өрт тутанган. Буга чейин ал жерге дрон тийгени айтылып келген. Бирок украин президентинин администрация башчысы Андрей Ермак 8-сентябрда АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен сүйлөшкөндө өкмөт жайгашкан имаратка "Искандер" баллистикалык ракетасы менен сокку урулганын билдирди.

Украинанын чукул кырдаалдар кызматынын жетекчиси Андрей Даниктин айтымында, зыяндын өлчөмү аныкталып бүтө элек:

"800-900 чарчы метр аянтка залака тийди. Экспертиза аяктаганда так сандарды атай алабыз. Имараттын бир бөлүгүн бузуп, боштуктарды толтуруп жатабыз. Бирок келтирилген зыяндын масштабы кеңейиши мүмкүн. Өрт кабаттар ортосундагы жыгачтан жасалган бөлүктөрдү да чалган болушу ыктымал".

Орусиянын Коргоо министрлиги аскердик жайлар бутага алынганын, «Киевдеги башка жайлар аткыланбаганын» айтууда.

Сөз болгон чабуул согуш жакын арада токтобойт деген пессимисттик маанайдын чыгарына май тамызды. Анын үстүнө Орусиянын президенти Владимир Путин ок атууну токтотуу чакырыктарын четке кагып, өз шарттарын коюп келатат.

Москвага басым көрсөтүү үчүн Батыш жаңы санкцияларды киргизүүнү көздөп жатат. Европа Биримдигинин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О'Салливан эксперттер тобунун коштоосунда Вашингтондо америкалык кесиптештери менен сүйлөшүү жүргүзүүдө.

АКШнын каржы министри Скотт Бессент 8-сентябрдын кечинде О'Салливан менен кездешкенин, "тынчтык сүйлөшүүлөрүн колдоо боюнча президент Дональд Трамптын стратегиясы" алкагында бардык варианттар каралып жатканын билдирди.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков санкциялар Орусиянын Украина саясатын өзгөрттүрө албайт деп комментарийледи.

7-сентябрда Трамп Орусияга каршы чектөөлөрдүн экинчи айлампасына өтүүгө даярдыгын билдирген.

Шерине

XS
SM
MD
LG