Президент Садыр Жапаровдун кичүү уулу Нурдөөлөт Нургожоев жана Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Марат Султанов Кыргызстанда жаңы түзүлгөн “Берекет банкынын” негиздөөчүлөрү болду.
Улуттук банк 10-октябрда “Берекет банк” жабык акционердик коомун уюштурууга уруксат берген чечим кабыл алган. Банк 20-октябрда Юстиция министрлигинен каттоодон өтүп, анын негиздөөчүлөрү катары президенттин уулу менен экс-спикер көрсөтүлгөн. Жетекчиси болуп Жаркынбек Сагындыков жазылган.
Президенттин администрациясы “Берекет банк” жана ага мамлекет башчынын уулунун байланышы боюнча комментарий бере элек.
Кыргызстанда 20дан ашык коммерциялык банк бар. (BTo)
Дагы караңыз
 
 
 
 
 
 
 
 
 
Шерине