Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Ноябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:04

Орусия Кыргызстанда телеканал ачты: Шордун карааны, Симоньяндын сүрөөнү


“Номад ТВ” аттуу жаңы телеканал олигарх Илан Шорго жана орус пропагандисти Маргарита Симоньянга байланыштырылууда.
“Номад ТВ” аттуу жаңы телеканал олигарх Илан Шорго жана орус пропагандисти Маргарита Симоньянга байланыштырылууда.

Кыргызстанда “Номад ТВ” аттуу жаңы телеканал ачылып, аудиторияга жергиликтүү медиа катары сунушталууда. Ага Орусияга таандык медиада иштеп кеткен бир катар кызматкерлер өтүп, башка маалымат каражаттарынан да журналисттер тартылды. Мунун фонунда телеканалды Кремлдин башкы пропагандисттеринин бири Маргарита Симоньяндын жакын шакирти сүрөп жатканы маалымдалды.

Бул жагдайды айрымдар Орусиянын Кыргызстандын маалымат мейкиндигиндеги өз катышуусун диверсификациялоо аракети катары баалашууда.

Таанымал журналисттерди тарткан жаңы канал

Бишкекте “Номад ТВ” деп аталган телеканал уюшулуп жатканы жөнүндө кабар журналисттер чөйрөсүнө бир нече ай мурда эле белгилүү болгон.

Алгач анда кызматкерлерди жумушка алууну Орусиянын Sputnik маалымат агенттигинин Кыргызстандагы кеңсесинде мурда иштеп кеткен редактор-журналисттер алып барып жатканы угулган. Кийинчерээк жергиликтүү телеканалдардагы белгилүү алып баруучулар ишке чакырылып, аларга салыштырмалуу чоң маяналар сунушталганы жөнүндө да маалымат жетти.

"Номад ТВ" телеканалы социалдык тармактарда "Номад", "Номад жаңылыктары" жана "Көчмөн ньюс" (Kochmon news) деген аталыштар менен чыгып жатат. Кайсы аталыш башкы бренд болору телеканалга старт берилген соң белгилүү болот.
"Номад ТВ" телеканалы социалдык тармактарда "Номад", "Номад жаңылыктары" жана "Көчмөн ньюс" (Kochmon news) деген аталыштар менен чыгып жатат. Кайсы аталыш башкы бренд болору телеканалга старт берилген соң белгилүү болот.

Айталы, Sputnik маалымат агенттигинин Кыргызстандагы редакциясынын мурдагы шеф-редактору Эркин Алымбеков “Номад ТВнын” жооптуу кызматтарынын бирине барды. Ал эми анын жубайы, Улуттук телерадио корпорациясынын (УТРК) журналисти Светлана Акматалиева болсо “Евразия” борборунда телеканалдын жаңы кызматкерлерин окутууда.

Эркин Алымбеков жана Светлана Акматалиева.
Эркин Алымбеков жана Светлана Акматалиева.

“Азаттыктын” кабарчылары Эркин Алымбековго байланышкан учурда ал телеканал жөнүндө маалымат берүүдөн баш тартты:

“Азыр силерге эч ким эч нерсе бере албайт. Комментарий бере албайбыз. Эч нерсе айта албайбыз”,– деди ал.

Сентябрдын ортолорунда Бишкектеги Кыргыз-Орус Славян университети “Номад ТВга” жаш журналисттерди жумушка чакырган жарыясын чыгарган. Кулактандырууда телеканал саясат, маданият, коом тууралуу баяндап, документалдуу тасмаларды жана оюн-зоок программаларды тартары айтылган. Жарыяда берилген номерге байланышканыбызда телеканалдын өкүлдөрү ушул күнгө карай жумуш орундары дээрлик толукталып бүткөнүн билдиришти.

Соңку маалыматтарга ылайык, мамлекеттик башкы телеканал – УТРКдан бир нече журналист, анын ичинде белгилүү алып баруучу Мирбек Молдакунов да “Номад ТВга” өттү.

Мирбек Молдакунов "Номад ТВнын" атынан Орусияда сыйлык алган учуру.
Мирбек Молдакунов "Номад ТВнын" атынан Орусияда сыйлык алган учуру.

Молдакунов ал тургай ачыла элек телеканалдын атынан Орусиядагы сынакка катышып, 300 миң рубль сыйлык алганга жетишти.

Жаңы медиага ЭлТР, “7-канал” сыяктуу башка каналдардан кызматкерлер тартылды.

“7-каналдын” директору, Кыргызстандын Журналисттер биримдигинин төрагасы Илязбек Балташев “Азаттыкка” берген комментарийинде буларга токтолду:

Илязбек Балташев
Илязбек Балташев

“Алар бир-эки ай мурдараак, жай айларында биздин бир-эки кызматкерди “Евразия” деген уюм аркылуу Орусияга пресс-турга алып барып келишти. Анан кайра келишкенден кийин эле кызматка чакырып, “бизге салыштырмалуу чоң маяна сунуштап жатат” дешти. Ошо менен бизден бир-эки кызматкер кетти. Бул эми журналисттердин өзүнүн тандоосу экен да, алардын тандоосун сыйладык. Ал телеканалдын жетекчилери кимдер экенин, каяктан каржылана турганы жөнүндө так маалыматым жок. Болгону “Номад ТВ” деген канал ачылат экен, аны Орусия тарап каржылайт экен” деп гана уктум. Негизи медиа талаасында даяр журналист жок да. Даяр журналисттерди алар УТРК, ЭлТР же башка телеканалдарда мурдатан иштеп келгендерди, тажрыйбалуу журналисттерди алышат да баары бир. Албетте, бизге, жетекчилерге өкүнүчтүү, кадрларды таптайсың, аларга үмүт артасың, пландарды түзөсүң, анан соңунда келип, “башка жумушка кеттим” десе ыңгайсыз абалда калат экенсиң. Негизи президенттин колдоосу менен мамлекеттик телеканалдардын маяналары жогорулатылган, жеке телеканалдар биз да ошолорго теңеп, айлыктарды көтөрүүгө аракет кылып келебиз. Бирок минтип сырттан чоң бир медиа кирип телеканал ачканда атаандаштыкка туруштук бере албай калат экенбиз. Алар, мисалы, журналисттерди чакырып туруп эле “канча маяна аласың?” деп сурайт экен. Мисалы, “50 миң сом айлык алам” десе, “анда мен сага 100 миң сом берем” деп эле тартып кетет экен”.

Симоньяндын шакирти

“Номад ТВ” журналисттерди Кыргызстандын ичинен тартканы менен аларды окутуп-машыктырууну Орусиядан чакырылган журналисттер аркылуу жүргүзүүдө. Азырынча алардын биринин аты-жөнү ачыкка чыкты.

Октябрдын аяктарында Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Темир Сариев “Номад ТВ” телеканалынын продюсери менен жолугушуп, кызматташууларды талкуулаганын маалымдады:

“Жаңы маалыматтык-маанайшат телеканал “Номад ТВнын” продюсери Анна Абакумова айым менен жолуктум. Канал Кыргызстанда 24/7 форматында иштеп, өлкөбүздүн Борбор Азиядагы ролун, ЕАЭБ, ЖККУ, ШКУ алкагындагы кызматташууну, ошондой эле кыргыз-орус мамилелеринин өнүгүшүн объективдүү, заманбап жана сапаттуу контент менен чагылдырууну көздөйт. Биз палата менен биргеликте жасалчу бир катар долбоорлорду талкууладык”, – деп жазды Сариев Фейсбуктагы баракчасында.

Темир Сариев менен Анна Абакумова баштаган топтун жолугушуусу. 22-октябрь, 2025-жыл.
Темир Сариев менен Анна Абакумова баштаган топтун жолугушуусу. 22-октябрь, 2025-жыл.

Анна Абакумова Орусиянын жараны. Ачык булактардагы маалыматтарга таянсак, ал Орусиянын Russia Today (RT) – “Орусия Бүгүн” медиатобунда башкы продюсер кызматында иштеп келген.

Орус аскерлери Украинага кол салгандан кийин Абакумова фронттун алдыңкы чегине барып, согуштун жүрүшүн чагылдырган.

Анна Абакумова Украина менен Орусиянын согушунун чегинде. 22-июнь, 2022-жыл.
Анна Абакумова Украина менен Орусиянын согушунун чегинде. 22-июнь, 2022-жыл.

2022-2023-жылдары Украинанын Орусия басып алган аймактары Луганск жана Донецк облустарынан, анын ичинде ойрон болгон Мариупол шаарынан түз баяндарды берип турган. Ишиндеги жетишкендиктери үчүн Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустиндин колунан бир нече ирет сыйлык алган.

Кеп болуп жаткан Russia Today телеканалында Кремлдин негизги пропагандисттеринин бири Маргарита Симоньян 20 жылча убакыттан бери башкы редактор экени маалым. Ал муну менен катар “Орусия Бүгүн” жана Sputnik маалымат агенттиктеринде да он жылдан бери редакторлукту аркалайт.

Маргарита Симоньян 2024-жылдын январындагы постунда Абакумова жөнүндө жазган.
Маргарита Симоньян 2024-жылдын январындагы постунда Абакумова жөнүндө жазган.

Изилдөө көрсөткөндөй, Симоньян согуштагы орус аскерлерине калктан акча чогултуу өнөктүгүн жүргүзгөн мезгилде Абакумованы телеканалдын башкы продюсери катары тааныштырып, каражаттарды ошонун эсебине которууну сунуштаган. Мунун өзү Абакумова Симоньяндын шакирти экенин же жакын өнөктөшү экенин ырастап турат.

Кремлдин башкы пропагандисттери Дмитрий Киселев жана Маргарита Симоньян Орусиянын президенти Владимир Путин менен. Архивдик сүрөт.
Кремлдин башкы пропагандисттери Дмитрий Киселев жана Маргарита Симоньян Орусиянын президенти Владимир Путин менен. Архивдик сүрөт.

Саясат талдоочу жана медиа эксперт Руслан Акматбек буларга токтолду:

Руслан Акматбек
Руслан Акматбек

Маргарита Симоньян Орусиянын пропагандасынын эң мокочосу. Ашынган радикал, башкалардын жашоосун тааныбаган, “Русский мир” идеологиясынын маалыматтык өкүлү. Соловьев, Киселев, Симоньян орус пропагандасынын авангарддары. Эгер анын жардамчысын биякка алып келип жаткан болсо анда булар биздеги маалыматтык эркиндикти пайдаланып, бизден кийин балким кошуна өлкөлөргө да жайылуу максатын көздөп жатышат окшойт. Укканым боюнча алар биздеги алдыңкы журналисттерди өзүнө тартып алыптыр. Себеби, бизде журналисттердин көбүнүн кирешелери аз эмеспи, ошону пайдаланып жакшы айлыктарды сунуштап жатышыптыр. Булар, балким, Орусиядан түз айтылган маалыматтарды биз жакшы кабыл албай жатканыбызды аңдап, жергиликтүү медиа катары чыкканы турушат го. “Номад” десе “көчмөн” деп түшүнүп, анан анда биздин кыргыз журналисттери иштеп жатса “өзүбүздүн телеканал, биздики” деп кабылдайбыз да. Булар мына ушул нерсенин келечектеги пайдубалын куюп жатышат”.

“Евразия” борбору жана Илан Шордун карааны

Кызыгы, "Номад ТВ" Кыргызстанда иш баштаган Орусиянын башка долбоорлору менен туташ пайда болду. Тагыраагы, жергиликтүү байкоочулар телеканал менен өлкөдө ишмердик жүргүзүп жаткан "Евразия" уюмунун кыйыр байланышына көңүл бурушууда.

Орусиядагы бул автономдук бейөкмөт уюм (автономная некоммерческая организация) 2024-жылы негизделген. Анын сайтында жазылгандай, мекеме салттуу баалуулуктарды колдогон долбоорлорду ишке ашырары көрсөтүлгөн. Анын ичинде маданият, билим берүү, медицина, жаштарды окутуу, медиа тармактары аталган. Журналисттерге жана блогерлерге гранттарды берүү менен да алектенет.

Сайттагы маалыматка ылайык, “Евразия” уюмунун Камкорчулар кеңешинде Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин, депутаттар Борис Чернышов, Алена Аршинова, RT телеканалынын жана “Орусия Бүгүн” медиатобунун башкы редактору Маргарита Симоньян, ишкер Илан Шор жана башкалар бар.

Быйыл июнда өткөн Петербург эл аралык экономикалык форумунда алып баруучу болгон Маргарита Симоньян “Евразия” фондун Илан Шор негиздегенин айткан.

“Петербург эл аралык экономикалык форумунда" Илан Шор менен Маргарита Симоньян жанаша отурат. Июнь, 2025-жыл.
“Петербург эл аралык экономикалык форумунда" Илан Шор менен Маргарита Симоньян жанаша отурат. Июнь, 2025-жыл.

Илан Шор теги молдовалык, учурда орус жергесинде жашап-иштеген олигарх. Ал Молдовада банктык алдамчылык менен 1 млрд долларды уурдоого айыпталып, 15 жылга соттолгон жана 2019-жылы үй камагынан качып чыгып, кийин орус жарандыгын алган. Молдованын бийлиги 2024-жылы Шорго ага чейинки шайлоолордогу добуш сатып алуу боюнча да кине койгон, ал өзү бул айыптоолорду четке кагып келет.

"Керемет банк" Батыштын санкциясына кабылган соң Илан Шордун аты “Капитал банк” менен байланыштырылган.
"Керемет банк" Батыштын санкциясына кабылган соң Илан Шордун аты “Капитал банк” менен байланыштырылган.

Шордун ысымы Кыргызстанда башка нерселер боюнча да аталып келет. Быйыл апрелде молдовалык басылма аны Кыргызстандын “Капитал банкына” байланыштырып, кыргыз бийлиги муну четке каккан. Июнда болсо Кыргызстан менен Орусия бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүүнү көздөп жатканы кабарланып, аны Шор негиздеген “Евразия” фонду аткарары маалым болгон.

"Евразия" уюмунун Кыргызстандагы кеңсесинин баракчасында алар жүргүзүп жаткан окутуулардын баары коюлуп турат.
"Евразия" уюмунун Кыргызстандагы кеңсесинин баракчасында алар жүргүзүп жаткан окутуулардын баары коюлуп турат.

“Евразия” уюму 2024-жылы Бишкекте кеңсесин ачып, журналистика жана башка багыттарда окутууларын баштаган. Ошол эле жылы Кыргызстандын мектептерине жүздөй автобус алып берген.

Бишкекте ачылган “Евразия” паркы.
Бишкекте ачылган “Евразия” паркы.

Уюм мындан сырткары Бишкекте курулуп жаткан “Азаттык арена” стадионунун жанына “Евразия” парк салып, ишке берди. Фонд ошондой эле Кыргызстанда социалдык дүкөндөрдү ачканы маалымдалды.

Так ушул иштер менен бирге “Номад ТВ” телеканалын түзүү, уюштуруу жана ишке киргизүү жумуштары да жүргүзүлүп келгендей. Медиа эксперт Асел Сооронбаева мындай дейт:

Асел Сооронбаева
Асел Сооронбаева

“Мен билгенден “Евразия” деген уюмда журналисттер үчүн, бул тармактагы студенттер үчүн медиа тренингдер өтүп жатканы бул факт. Анын Орусия менен байланышы да ачык эле көрүнүп турат. Журналисттерди Орусияга алып барып, окутуп келип жатканы да так. Ал тренингдерде, окутууларда жана пресс-саякаттарда биздин бийликке түз жана кыйыр тиешеси бар медиалардын кызматкерлерин да көрүп калып жатабыз. Мурда бизде “Интерньюс” деген уюм журналисттерди окутчу эмес беле, ал жабылып, орду бош болуп калган соң анын ордун ошо Кремлге байланышы бар делген “Евразия” уюму ээлептир”.

Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматтарда көрүнүп тургандай, Орусиянын “Евразия” уюму ушул тапта Кыргызстанда төрт компания ачты. Алар “Евразия Кей Джи”, “Евразия Кей Джи социалдык дүкөндөрү”, "Евразия Кей Джи – чек арасы жок жакшылык”, "Евразия Кей Джи паркы" аттуу коомдук фонддору. Бул мекемелер уюмдун жогоруда аталган багыттарын башкарат. Бирок “Номад ТВны” кайсы компания башкарарын тактай алган жокпуз.

Медианы диверсификациялоо жана кепилдик алуу

Маалым болгондой, Кыргызстандын аймагында Орусиянын “Биринчи канал” (ОРТ), “Россия 24”, РТР, “Культура”, “Звезда” сыяктуу ондогон телеканалдары тартат. Алар кыргыз мамлекети эгемендик алгандан бери эле Ала-Тоодо Кремлдин пропагандасын туруктуу таратып келет.

Кыргызстан Москва түзгөн Евразия Экономикалык Биримдигине кошулардан бир жыл алдын – 2014-жылы Бишкекте Орусиянын Sputnik маалымат агенттигинин кыргыз редакциясы иш алып бара баштаган.

Sputnik маалымат агенттигинин логотиби.
Sputnik маалымат агенттигинин логотиби.

Мындан сырткары Орусиянын “Аргументы и факты”, “Российская газета”, "Московский комсомолец" жана “Комсомольская правда” гезиттери да Кыргызстанда онлайн жана гезит түрүндө жайылып турат.

Кабелдик кызматтардан ошол эле RT сыяктуу телеканалдарды көрүүгө мүмкүнчүлүк болсо, интернеттен “РИА-Новости”, ТАСС, Интерфакс, Regnum сыяктуу маалымат агенттиктерин окууга болот.

Кыргызстандын маалымат мейкиндигинде мына ушундай чоң мүмкүнчүлүгү бар туруп жергиликтүү ТВ ачууга Орусияга эмне зарылдык жаралды?

Талдоочу Руслан Акматбек буга минтип жооп берет:

“Эми жалпы жонун мунун баары маалыматтык согуштун элементи. Алар мында бардык ыкмаларды колдонгусу келип жатат. Булар Кремлдин пропагандасын өздөрүнүн телеканалдары аркылуу, анан жергиликтүү медиалар аркылуу жайса Кыргызстанда таасири толук орнойт деп ишенип жатышат. Себеби Борбор Азия өлкөлөрүндө лидерлер англисче сүйлөп, Батыш менен мамиле куруп жатышат, бир жагынан Түркия, бир жагынан Кытай аракетке өтүүдө. Биз билгенден Орусияда Армения, Азербайжан менен маселе болду, Молдова да анын таасиринен чыгууга аракет кылууда. Украина менен болгон согушту көрүп жатабыз. Мына ушулардын фонунда алар Борбор Азияда да өз таасир мейкиндигин жоготуп алуудан чочулашууда. Болбосо биздин эл ансыз деле ОРТны, РТРди жата калып көрүшөт, анан “Спутниги” же башка медиалары толтура болчу да. Орусия пропагандага абдан көп каражат бөлөрүн билебиз, жергиликтүү ТВ ачуу ошол иштин бир бөлүгү. Бул бизди узак мөөнөткө чейин өз чеңгелинде калтырууга кепилдик алгысы келүүдө”.

2022-жылы орус аскерлери Украинага басып киргенден кийинки санкциялардын алкагында америкалык YouTube платформасы Орусиянын жалпыга маалымдоо каражаттарынын каналдарын жапкан. Москва видеопорталдын өзүн бөгөттөп, ички аудитория үчүн RuTube аттуу аянтча ачкан.

YouTube порталынын жана Орусиянын RT каналынын эн белгилери.
YouTube порталынын жана Орусиянын RT каналынын эн белгилери.

YouTube менен катар Meta компаниясы Орусиянын Russia Today жана Sputnik эл аралык маалымат каражаттарын Facebook менен Instagram социалдык түйүндөрүндө жапкан. Ага жооп кылган Кремль Украинага согуш ачкандан кийин Фейсбук менен Инстаграмга кирүүгө тыюу салып, Meta корпорациясын экстремисттик уюм деп жарыялаган. Орусиянын аймагында Twitter'ге (кийин бул социалдык түйүн X деп аталып калган) кирүү да бөгөттөлгөн.

Иш жүзүндө Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстанда RuTube жапырт жайылган жок, ал эми Орусиянын маалымат каражаттарын YouTube порталынан көрө албай калышты. Facebook, Instagram, Twitter тармактарынан да окуу мүмкүн эмес. Башкача айтканда, ошол эле Sputnik агенттигинин кыргыз редакциясы эч кандай эффект бербей калды.

Айрымдар мына ушундан улам Орусиянын бийлиги Кыргызстанда жергиликтүү телеканал ачып, YouTube же башка платформаларда маалыматтын таасирин жандантууну көздөйт деп эсептешет. Экономикалык термин менен атаганда бул – диверсификация, жөнөкөй тилге салганда – медианын түрүн көбөйтүү, өзгөртүү же кеңейтүү.

Медиа эксперт Асел Сооронбаева кайрадан кепке кошулду:

“Негизи Кыргызстанда Орусиянын башка медиалары да бар эмеспи, анын ичинде “Спутник” агенттигин жакшы билебиз. Менин жеке пикиримде ал күчтүү медиа боло алган жок. Балким, муну Кремлдегилер да көрүп, ага анча ынанбай, анан башкача жолду тандашкан сыяктуу. Медиаларын диверсификация кылып, кыргыз тилдүү аудиториянын ишенимине кирүү үчүн кыргызча телеканал ачышкан окшойт. Муну менен пропагандага ачык эле чыйыр төшөп жатышкандай”.

Албетте, Кыргызстанда башка өлкөлөр ачкан маалымат каражаттарынын да филиалдары же өкүлчүлүктөрү да иштейт. Анын ичинде АКШ каржылаган “Азаттык”, Британия каржылаган BBC радиолору бар. Германиянын, Кытайдын, Түркиянын жана башка өлкөлөрдүн басылмалары да Бишкекте кабарчыларды кармашат.

Журналист Семетей Аманбеков Кыргызстандын маалымат айдыңында плюрализм болушу керектигин айтты:

Семетей Аманбеков
Семетей Аманбеков

“Эгерде мыйзам чегинде бардык нормалар сакталган болсо, Кытай болобу, Америка же Орусия болобу, түрдүү өлкөлөр өз каналын ачканга укугу бар. Пропаганда жактан карап көрсөк, мисалы, согушту пропаганда кылса же башка мыйзамга туура келбеген нерселерди пропаганда кылса, анда ага чара көрүлүшү керек. Анан “бул өлкөнүн медиалары көбөйүп кетти, булардыкы азайып кетти” деп баалагандан алысмын. Анткени биз демократиялык мамлекетпиз, демократиялык коомбуз”.

Кыргызстандагы көз карандысыз “ПолитКлиника” басылмасы 2023-жылы социалдык түйүндөрдөгү ондогон баракчалар Орусиянын пропагандасын жүргүзүп жатканын аныктаган иликтөө жарыялаган. Медианын дата-журналисттери Фейсбуктагы “Салам, Кыргызстан”, “Тентек кыз”, “Две точки зрения” баракчаларынын жана Телеграмдагы “Полит Ломбард” каналынын контентине анализ жүргүзүп, алар Орусиянын Кыргызстандагы жана жалпы эле Борбор Азиядагы таасирин күчөтүүгө багытталганын такташкан.

Орусия менен Кытайдын пропагандасын жүргүзгөн телеграм каналдардагы башкы темалар. "ПолитКлиника" аныктаган материалдар.
Орусия менен Кытайдын пропагандасын жүргүзгөн телеграм каналдардагы башкы темалар. "ПолитКлиника" аныктаган материалдар.

Кийин “Азаттык” да аны улаган иликтөө жүргүзүп, “Салам, Кыргызстан”, “Полит Ломбард”, “Дипломатия”, “САЕАС ФОКУС”, “На Востоке не все как кажется”, “Солнце встает на Востоке”, “Логистан”, “Турецкий Гамбит” жана “Ачуу чындык” Телеграм каналдары кошумча Кытайдын да пропагандасын жүргүзөрүнө күбө болгон. Кытай Кыргызстандын медиаларына ар кандай формада каржылык колдоо көрсөтүп, телестудия, журнал жана гезиттерди чыгарып жатканы да белгилүү болгон.

Мындан сырткары “МедиаХаб” медиасынын журналисттери интернет жана социалдык тармактардагы орус пропагандасынын таасири жөнүндө иликтөөсүндө мындай көрүнүш Кыргызстанга эле эмес, Борбор Азия өлкөлөрүнө мүнөздүү экенин аныктаган. Алар жогорудагыдай баракча-каналдар Орусиянын пропагандасына шайкеш постторду жарыялап, Батышты сындай турганын көрүшкөн. Фейк-баракчалар ошондой эле Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ички саясатына кийлигишип, мамлекеттик тилдерди өнүктүрүүгө каршы чыгып, жергиликтүү саясатчыларды каралоо кампаниясын жүргүзүшөрү да белгилүү болгон.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG