ЖК өзүн өзү таркаткандан кийин мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөнү жатат. Шайлоо күнү 30-ноябрга белгиленди. Эки айдан кийин өтө турган добуш берүү жаңы мыйзамдын негизинде уюштурулат. Барган сайын шайлоочулардын активдүүлүгү төмөндөөдө. БШК талапкерликке арыз жазгандарды жарыялай баштады.
Бишкектин Биринчи май районунун аймагында митинг-пикет өткөрүүгө салынган тыюу кайрадан узартылды. Шаардын негизги аянттарында акция өткөрүүгө тыюу салынганына үч жылдан ашты.
Путин АКШ Киевди "Томагавк" ракеталары менен камсыздаса арты жаңы эскалацияга алып келерин эскертти. Зеленский сураган бул ракетанын түрү 2.5 миң чакырымга чейин учууга кудуреттүү. Бишкектин Биринчи май районунун аймагында митинг-пикет өткөрүүгө салынган тыюу кайрадан узарды.
БШК мөөнөтүнөн мурда өтчү парламенттик шайлоо алдында 30 округдун чегин аныктады. Анда айрым райондор биригип, бул бөлүштүрүүгө нааразы болгондор да чыкты. Ошондой эле бул парламенттик аралыктан добуш берүү ыкмасы кирет. БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.
Бишкектин Биринчи май районунун аймагында митинг-пикет өткөрүүгө салынган тыюунун мөөнөтү кайрадан узартылды. Шаардын негизги аянттарында акция өткөрүүгө тыюу салынганына үч жылдан ашты. Эмне үчүн чектөө кайра жаңыртылып жатат? Шайлоо өнөктүгү алдында мунун таасири кандай болот?
БШК 30-ноябрдагы парламенттик шайлоонун алдында округдардын чек арасын жарыялады. Жаңы шайлоо округдары айрым райондорду ар башка округга бөлүү же бир нече районду бириктирүү менен түзүлгөн. Бийлик жаңы шайлоо округдары аймактар аралык тең салмактуулукту камсыздайт деп ишендирүүдө.
Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 17 жаштагы окуучу кыз Айсулуу Мукашеванын өлүмүнөн соң президент Садыр Жапаров Баш мыйзамга өлүм жазасын кайтаруу демилгесин көтөрдү. Маселе коомчулукта талкууланып, ача пикирлер айтылууда.
Израилдин аскер-деңиз флотунун кемелери Газага жардам жеткиребиз деген ураан менен жолго чыккан активисттердин бир нече кемесин токтоткону маалым болду. Кармалгандардын арасында швед экоактивисти Грета Тунберг да бар.
17 жаштагы Айсулуу Мукашева киши колдуу болгон соң соң өлкөдө өлүм жазасын киргизүү маселеси көтөрүлдү. Украинада Орусия оккупациялаган Запорожье АЭСде абал курчуду. Ал арада АКШнын президенти Дональд Трамп согушту токтотуу үчүн Зеленский менен Путин жолугушууга тийиш деп кайталады.
БШК мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоонун планын кабыл алды. Ага ылайык, бардык тийиштүү иш-чаралардын баарынын мөөнөтү үчтөн бирге кыскартылды. Президент Садыр Жапаров атайын кайрылуу жасап, бийлик шайлоонун таза өтүшүнө шарт түзөрүн билдирип, мамлекеттик кызматкерлерге аралашпоону эскертти.
Өзүн-өзү таркаткан Жогорку Кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктары кандай болот деген суроо кызуу талкууланууда. Парламент тарагандан кийин ыйгарым укугу токтойбу? Мандаты сакталса, анда айлык ала беришеби?
Бишкектеги №1 тергөө абагындагы “KG Group” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов ачкачылык жарыялаганын билдирди. Мунун алдында ишкер абактагы шартка, басым-кысым жана мазактоо тууралуу даттанган жана тиешелүү органдарга ачык кат жолдогон.
Дагы жүктөңүз