Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Октябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:23

"Шайлоо болуп көрбөгөндөй таза өтүшү керек". Садыр Жапаров элге кайрылды


Бишкектеги добушкана (архивдик сүрөт)
Бишкектеги добушкана (архивдик сүрөт)

БШК мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоонун планын кабыл алды. Ага ылайык, бардык тийиштүү иш-чаралардын баарынын мөөнөтү үчтөн бирге кыскартылды. Президент Садыр Жапаров атайын кайрылуу жасап, бийлик шайлоонун таза өтүшүнө шарт түзөрүн билдирип, мамлекеттик кызматкерлерге аралашпоону эскертти.

Элди добушун сатпоого чакырган. Айрым байкоочулар добуш бергендердин саны шайлоодон шайлоого азайып жатканы өңдүү бир катар маселелер бар экенин белгилешет.

Садыр Жапаров кайрылуусунда Жогорку Кеңешти таратуу чечимине таасир этпегенин билдирди. Ошол эле маалда ушундай демилге менен чыккан, аны колдогон депутаттарга ыраазычылык билдирип, "мамлекеттик деңгээлде мамлекетчил атуул катары ой жүгүрттү" деп айтты. Садыр Жапаровдун ырасташынча, бийлик мындан ары шайлоого таасир этпейт:

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

"Мен эч бир депутаттан тарагыла деп суранган деле жокмун. Мен 5 жыл мурун 80 пайыз элдин колдоосу менен өткөм. Кийинки шайлоого талапкерлигимди койсом 90 пайыз менен өтөм деп ишенем. Анткени элдин колдоосу мурдагыдан да күч экенин сезип турам. Тек гана мындан ары узак мөөнөткө саясий стабилдүүлүк орногонуна кубанып жатам. Эми Кудай буюрса эки шайлоонун ортосу дайыма бир жарым жыл аралык менен өтүп турат. Мындан ары шайлоолордо добуш саноодо жана жыйынтык чыгарууда бийликтин эч кандай таасири болбойт. Добуштарды компьютер санайт, жыйынтыгын дароо компьютер чыгарып берет. Андан кийин кол менен дагы санап алсаңыздар болот. Жыйынтыгында, эч айырма болбойт, ошол эле компьютер чыгарган жыйынтык жана кол менен санаган бюллетендер бирдей чыгат. 30 жылда миң түркүн депутаттарды көрдүңүздөр. Жакшысын да, жаманын да, популистин да, демагогун да, кыйкырчаагын да, бакырчаагын да, кооз сүйлөгөнүн да, байын да, кедейин да, добуш сатып алганын да, сатканын да көрдүңөр дегендей. Ошентип, депутат шайлоодо “мастер” эле болуп калдыңыздар деп ишенем. Ошондуктан келе жаткан шайлоодо татыктуусун гана шайлаңыздар демекчимин. Татыктууларды шайлап алуу эми мындан ары өз колуңуздарда. Өз балабыз деген түшүнүктөн да алыс болуңуздар".

Садыр Жапаров шайлоочуларга кайрылып, добуштарын сатпоого чакырды. Бул шайлоо мурда-кийин болуп көрбөгөндөй таза өтүшү керектигин, бул процесстердин баарын өзү көзөмөлдөп, талаш-тартыштуу жагдайды керек болсо өзүнүн ишенимдүү кишилери териштирерин билдирди.

"Добушуңуздарды сатпаңыздар. “Добуш сатып алам” деп келген талапкерлерди эл арасына алып чыгып, катуу уяткарыңыздар. Экинчи “добуш сатып алам” деп келбегидей кылыңыздар. “Жол, мектеп, бала бакча салып берем” же “асмандагы Айды алып берем” дегендерге таптакыр ишенбеңиздер. Депутат деген эч нерсе куруп бербейт, депутат деген мыйзам жазат, анын аткарылышын көзөмөлдөйт, эл менен бийликтин ортосуна көпүрө болуп, округунда кандай көйгөйлөр болсо жеткирип келип, анын чечилишине кам көрөт. Добушуңарды сатып алган депутат эзели силер үчүн же мамлекет үчүн иштебейт. Шайлоого короткон акчасын толуктайм деп беш жыл бою өзү үчүн иштейт. Добушуңарды сатсаңыздар 5 жыл бою ал депутатты округдан көрбөйсүздөр. Талапкерлердин дагы бир түрү болот. Алар тили менен буудай кууруйт, бирок колунан эч нерсе келбейт. Андай депутаттарды да көрдүңөр, көрүп эле жүрөсүңөр. Алардан да сак болгула. Кыскасы, бул шайлоодо дагы “баягыларды” шайлап алып, 5 жыл бою “депутаттар – акмактар” деп наалыбагыла. Наалысаңар өзүңөргө наалыган болосуңар. Бул шайлоону калыс катары башынан-аягына чейин мен өзүм көзөмөлдөймүн. Эгер кайсы бир округда адилетсиз иштер жаралган болсо, БШКнын териштирүүлөрүнө жеке өзүм барып катышам же комиссия түзүп, ишенимдүү кишилеримди жиберемин. Ар бир иштин жыйынтыгын калыс чыгарабыз. ",-деди Жапаров.


Ал арада БШК мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоонун жадыбалын аныктады жана ага ылайык, бардык иш-чаралардын мөөнөтү үчтөн бирге кыскартылары белгилүү болду.

Тактап айтканда, шайлоого катышууну каалаган саясий партиялар шайлоо дайындалгандан кийин үч календардык күндүн ичинде Боршайкомго арыз бериши керек. Көп мандаттуу шайлоо округдарында талапкерлерди көрсөтүү 30-октябрга чейин уланат.

Талапкерлерди каттоо үчүн тиешелүү документтерди тапшыруу 2-ноябрда аяктайт, аларды каттоо 10-ноябрда жыйынтыкталат. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-ноябрдан 29-ноябрга чейин болот. Добуш берүү 30-ноябрда саат 08:00дө башталып, 20:00дө аяктайт. Шайлоонун расмий жыйынтыгы 14-декабрга чейин чыгышы керек.

Конституциялык соттун мурдагы судьясы, юрист жана саясатчы Клара Сооронкулова добуш берүүнүн солгундашы өңдүү шайлоого таасир этчү бир катар жагдайларга токтолду. Ошондой эле шайлоо мыйзамдарында коррупцияга жол ачкан жылчыкчалар бар деген пикири менен бөлүштү.

Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

"Эми акыркы шайлоолордогу тенденцияларды байкасак, шайлоочулар абдан эле аз катышып жатат. Кээ бир жерлерде 30% дагы жетпей калып жатпайбы. Жалпысынан 30-40% ортосунда эле шайлоочулар катышып жатат. Көп эле өлкөлөрдө шайлоочулардын 50% ашыгы катышпаса шайлоо болгон жок дегендей эсептелет. Мурда бизде дагы шайлоо мыйзамдарында бул бар болчу. Азыр эми андай түшүнүк жок. Шайлоочулар канча катышса деле талапкерлер шайланып келип жатышат. Ошондуктан азыр кыргызстандыктар эмне себептен добуш берүүгө барбайт деген суроого жооп болушу керек. Ошондо гана көп нерсе түшүнүктүү болот. Анткени биометрика кирип жатканда мени буга каршы экен деп айтып чыгышпадыбы. Мен ага каршы болгон эмесмин, болгону биометрика эң биринчиден ишенбестикти жаратат деп өзүмдүн жеке пикиримди айткам. Азыр элде дагы деле "барганда эмне, баары бир компьютер эле шайлап коет" деген түшүнүк бар. Дагы бир чоң, чара көрө турган маселе - шайлоо коррупциясы. Добуш берген 30% шайлоочунун көбү эле акчага келгендер. Эгер коррупцияны жоюп салса мындан дагы аз санда шайлоочу катышып калышы мүмкүн. Азыр, болгону, система гана өзгөрдү, башка эч нерсе өзгөргөн жок. Бир мандаттуу округдардан кимдер шайланып келгенин биз билебиз да, жалаң эле акчалуулар келди. Шайлоо деген аябай кымбат. Бир эмес үч шайлоону баштан өткөргөн адам катары айта алам, шайлоо аябай көп каражатты, ресурсту талап кылат. Азыр эми үгүтчүлөр деп киргизип коюшту, аларга акы төлөнөт. Шайлоочулардын баарын эле үгүтчү кылып, аларга акча берип, ушундай ыкма менен дагы кетиши мүмкүн. Анктени мыйзам жол берип жатпайбы. Шайлоо мыйзамдарында коррупцияга жол ачкан жагдайлар бар. Ошондуктан мен шайлоо таза өтөрүнө ишенбейм. Бирок бийлик бул жаатта кандай аракет кыларын эми көрөбүз да",-деди Сооронкулова.


Талдоочу Турат Акимовдун баамында, мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо эң ириде бардык жагынан 2027-жылга белгиленген президенттик шайлоого машыгуу болуп эсептелет.

Турат Акимов.
Турат Акимов.

"Бул шайлоо деле мурдагыдай эле болот. Жаңы системаны эми өткөрүп жатышат. Эл мурдагы системадан арыла элек, жаңыча шайлаганды билбейт. Президенттик шайлоонун алдында пробация жасап, машыгуу кылып, тренинг өткөрүп жатышат. Президенттин "мени элин 90% шайлайт" дегенине караганда, БШКга муну кыйыр түрүндө кыйытып койгондой шекилдүү. Ошондуктан мен парламенттик шайлоону, мындайча айтканда, машыгуудай эле көрөм. Булар системаны ушул система менен текшерип алышат. Улам келген бийлик реформа киргизип, БШКнын мыйзамдарын өзгөртө бергени менен андан бийлик гана утарын эл деле түшүнүп турат. Азыркы саясий система кандай экенин, шайлоо кандай өтөрүн, талапкерлер кандай электерден өтөрүн коомчулук деле түшүнүп турат. Анткени БШКнын элеги ошондой максатта реформа болот да. Кандай гана бийлик болбосун, бийлигин колунан чыгаргысы келбейт, көпкө отургусу келет. Өздөрүнүкүнөн өзгөчөлөнгөн пикирлерге муктаж эмес. Парламенттин бир катар укуктары кыскарган".



Жогорку Кеңештин депутаттары 25-сентябрда парламентти таркатуу тууралуу демилгечи топтун сунушун бир добуштан колдогон. Президент Садыр Жапаров парламентке кезексиз шайлоону 30-ноябрга дайындаган.

Садыр Жапаров ушул жылы апрелде “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койгон. Бул мыйзамга ылайык, парламентке шайлоонун тартиби өзгөргөн. Өлкө боюнча 30 округ түзүлүп, ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет. Алардын бири аял болушу кажет (же эки аял болсо бири эркек болушу шарт).

Кайсы бир себеп менен мандатын тапшырып кеткен депутаттардын ордуна кайра шайлоо болбойт. Шайлоодо алардан кийинки орундагы талапкер келет.

БШК шайлоо округдарынын чегин азырынча жарыялай элек.

Шерине

XS
SM
MD
LG