Буга чейин Жогорку Кеңештин тарашы тууралуу түрдүү жоромолдор айтылып жаткан. Садыр Жапаров азырынча кезексиз парламенттик шайлоонун мөөнөтүн аныктай элек. Ал арада Жогорку Кеңештин кайра шайлоого аттанганы жаткан депутаттары үгүт өнөктүгүн эрте баштаганы тууралуу сын-доомат айтыла баштады.
Нурланбек Тургунбек уулу блогер Ыдырыс Исаковго берген маегинде парламентти мөөнөтүнөн мурда таркатуу чечими качан, кандай жагдайда кабыл алынганын айтып берген. Анда президент Садыр Жапаров менен кеңешкенин, ал кандай чечим кабыл алса ошого макул болорун билдиргенин белгилеген. Эмнеге кезексиз президенттик шайлоо өткөрүү варианты тандалып алынбаган себебин түшүндүргөн.
"Кыргызстандын президенти бирөө эле. Мындай ишти өлкө башчысына кабардар кылбай өзүбүз эле чечим кабыл алып койгондо өлкө башчысы аны кубаттайбы, кубаттабайбы деп аны менен кеңешип коюш керек. Мен урматтуу президентибизге, Садыр Нуркожо уулуна жүйөлөрдү айттым. Же парламенттик же президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрбөсөк ушундай жагдай болуп калат экен деп айттым. Президент анан "президенттик десеңер президенттик, парламенттик десеңер парламенттик шайлоо болсун, жүйөлөрүңөр туура, өзүңөр чечкиле" деди. Биз кайра кеңешкенде президентибиз бүгүнкү күндө аябай жакшы иштеп жатат, ал аткаруу бийлигинин башчысы дедик. Мурдагы президенттер кемчиликтер болсо аткаруу бийлигинин башчысы болгон премьер-министрлерди садага чаап салчу да. Азыр эми аткаруу бийлигинин, мамлекеттин башында тургандан кийин аябай жакшы иштеп жатат, Жогорку Кеңеш менен дагы эркиш-аркак иштеп, ынтымагыбыз жакшы. Ошондуктан ыргагыбызды бузуп албайлы, азыр экономикалык жактан өсүштөр жакшы, саясатыбыз дагы туура багытта кетип жатат, президентке бир аз ыңгайсыз болуп калбасын, андан көрө парламенттик эле шайлоо өткөрөлү дедик. Президентке чечимибизди айттым, ал "кандай чечсеңер ошондой чечкиле" деди, биз анан ушул жолду тандап алдык", - деген Тургунбек уулу.
Жогорку Кеңештин депутаттары 25-сентябрда парламентти таркатуу тууралуу демилгечи топтун сунушун бир добуштан колдогон. Анда Нурланбек Тургунбек уулу сөз сүйлөгөн, бирок президент менен кеңешкенин сөз кылган эмес.
Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүгө даяр экенин билдирген. Мекеме өткөн аптанын аягында Агартуу министрлигинин жергиликтүү билим берүү бөлүмдөрүнүн айрым башчылары, мектеп директорлору мугалимдердин шайлоону уюштуруу иштерине катышуусуна тоскоолдук жаратып, шайлоо комиссияларынын курамынан негизсиз чыгарып жатканын билдирди. Мугалимдер буга чейинки шайлоолорду уюштурууга активдүү аралашып келгенин, тажрыйбасы көптүгүн белгилеп, жетекчилерди жолтоо болбоого чакырган.
"Буга чейинки шайлоолордо саламаттык сактоо, маданият жана билим берүү тармагынын кызматкерлери шайлоо комиссияларынын курамында жигердүү иштеп, чоң салым кошуп келген. Бирок учурда Агартуу министрлигинин айрым райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери, мектеп директорлору мугалимдерди шайлоо комиссияларынын курамынан негизсиз чыгарып жатканы белгилүү болду. БШК мугалимдерди шайлоо процессине тартуу талапкерге үгүт жүргүзүү же байкоочу болуу үчүн эмес, уюштуруу иштерин жогорку деңгээлде өткөрүүгө көмөк көрсөтүү үчүн зарыл экенин белгилейт. Алардын көп жылдык тажрыйбасы жана жоопкерчиликтүү мамилеси алдыдагы ири шайлоо өнөктүгүн кынтыксыз жана сапаттуу өткөрүүгө чоң жардам берет. Мындан улам БШК аймактардагы жетекчилерди мугалимдерге негизсиз тоскоолдук жаратпоого чакырат",-деп жазылган маалыматта.
Расмий маалыматка ылайык, өлкөдө жалпы 2492 шайлоо участкасында иштеген 24 995 шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн 5 496сын мугалимдер түзөт (63% жакын). Ошондой эле 1 655 добушкана мектептерде жайгашкан.
Агартуу министрлиги бул билдирүү тууралуу азырынча маалымат бере элек.
Ал арада Жогорку Кеңештин кайра шайлоого аттанганы жаткан депутаттары үгүт өнөктүгүн эрте баштаганы тууралуу сын-доомат айтыла баштады. "Эркин эл" партиясынын төрагасы Мавлян Аскарбеков бул көрүнүштү "саясий коррупция" катары сыпаттап, өлкө жетекчилерине ачык кайрылуу жолдоду. Ал талапкерлердин баарын бирдей шарт түзүлүп, бир эреже иштеши керектигин белгиледи.
"Шайлоо өнөктүгү баштала электе эле жайы менен, август-сентябрь айларында Жогорку Кеңештин айрым депутаттары, кээ бир саясатчылар жер-жерлерде чоң саясий коррупция менен алектенип, компьютер, көмүр таратып, штабдарды түзүп, үгүтчүлөргө акча таратып, шайлоо баштала электе эле ушундай иштерге барып жатканын соцтармактардан ачык эле көрүп жатабыз. Президент Садыр Жапаров, атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев шайлоону таза өткөрөбүз, коррупция менен күрөшөбүз дегенин ушул учурда дагы эскертиши керек. Мен ошондуктан бийлик башчыларынан шайлоонун таза өтүшүнө шарт түзүп берүүнү суранып кетет элем. Шайлоо баштала электигине байлагыштуу БШК азыр эч кандай эскертүү бере албайт. Эгер өлкө башчылары шайлоону эрте баштаган саясатчыларга эскертүү берсе жана ал биринчи эскертүү катары каралса анда бул абдан жакшы чечим болот эле. Бул абдан маанилүү. Анткени БШКнын үч эскертүүсү менен ал талапкерди жарыштан четтетсе болот", - деди Аскарбеков.
Бул жолку парламенттик шайлоодо Кыргызстан шарттуу түрдө 30 көп мандаттуу шайлоо округдарына бөлүнүп, ар биринен үчтөн депутат шайланып келет, ар бир үчүнчүсү айым болушу керек. Азырынча округдар так аныктала элек.
Журналист Адил Турдукуловдун баамында, бул жолку шайлоодо деле атаандаштык акчалуу талапкерлер арасында өтөт.
"Мурдагы шайлоолор сымал эле бул жолу дагы акча чечүүчү ролду ойнойт. Капчыгы калың майда-барат, орто олигархтар шайлоого аттанат деген ойдомун. Азыркы мыйзамга ылайык, күрөөгө 300 миң сом коюш керек экен. Бул дагы бир өзүнчө тоскоолдук. Азыркыга чейин деле көпчүлүк парламенттин азыркы чакырылышындагы депутаттарды толук билбейт. Алардын добуш берүүгө кызыгуусу дагы төмөндөп кеткен. Муну мен маанилүү деп эсептейм, анткени эл шайлоого келбей, катышпай койсо парламенттин кийинки чакырылышынын легитимдүүлүгүнө шек келип калышы мүмкүн".
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ыргал Кадыралиева жаңы мыйзамда аялдарга каралган квота калганын кубаттады. Ошол эле учурда айым талапкерлер бир катар кыйынчылыктарга кабылышы мүмкүн деген ою менен бөлүштү.
"Бир мандаттуу шайлоо округунан буга чейин бир гана айым, Элвира Сурабалдиева шайланып келди. Ал салыштырмалуу колунда бар айым. Жаңы мыйзамда аялдарга өзүнчө квота каралганы жакшы болду. Аялдар парламентте салыштырмалуу активдүү болушат. Талылуу социалдык маселелерди көтөрүшөт. Буга чейинки шайлоо кодексине мен сын-пикиримди айтып келгем. Азыркысы деле ошондой эле мыйзам болуп калыптыр. Анда миңдей үгүтчү алыш керек, 300 миң сом төгүш керек дегендей шарттар кириптир. Бул аялдарга бир аз оорураак болуп калат. Ушул оор жактары кайсы бир адамдарга гана колдонулуп, жалпы колдонулбай калат го деп күмөн санайм. Кээ бир адамдарды шайлоодон четтетүү үчүн, кандайдыр бир тактикалык иштерди аткарыш үчүн гана иштеп калбаса экен деп кооптоном".
Мыйзамга ылайык, парламент таркагандан кийин беш күндүн аралыгында президент мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындайт. Добуш берүү 30-ноябрга белилениши мүмкүн.
Шерине