Газага гуманитардык жардам жеткирип бараткан кемелер бир нече күндүк тыныгуудан кийин сапарын улантты. Global Sumud Flotilla деп аталган миссия Израилдин деңиздеги блокадасынан өтүп, палестин анклавына гуманитардык жардам берүүнү көздөйт. Уюштуруучулар жекшембиде билдиргендей, аларга грекиялык кемелер кошулду. Укук коргоочулар, таанымал адамдар, журналисттер жана активисттер катышкан кампания 50 чакты кемеден турат.
Италиянын тышкы иштер министри Антонио Таяни жүктү Кипр аралына таштап, аны рим-католик чиркөөсүнүн кайрымдуулук фонду аркылуу таратууну сунуш кылган. Флотилия ал сунушту четке каккан. Министр кемелердин коопсуздугун камсыздоо кыйын болорун, Израилдин жээгине жакындоо опурталдуу экенин эскерткен. Анын алдында грекиялык аралдын жанында кербен дрон соккусуна кабылганы кабарланган.
Израил ал окуяга байланыштуу комментарий жасабаганы менен ага чейин кемелердин Газага жакындоосун алдын алуу үчүн чара көрөрүн билдирген. Италия жана Испания флотилияны коштоо үчүн аскердик кемелерин жөнөткөн. Эл аралык уюмдар Газа тилкесинде ачкадан өлгөндөр күн сайын катталганын, абал начарлап баратканын бир нече убактыттан бери айтып келатышат.
Кампаниянын катышуучусу, швециялык экоактивист Грета Тунберг миссияны жарнама катары сыпаттагандардын сынына жооп берип, реклама үчүн өз өмүрүн тобокелге ким салмак эле деп жооп берди.
Шерине