Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Сентябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:54

Абактагы ишкер Имамидин Ташов ачкачылык жарыялаганын билдирди


Имамидин Ташов Бишкек шаардык сотунда. 2025-жыл, сентябрь.
Имамидин Ташов Бишкек шаардык сотунда. 2025-жыл, сентябрь.

Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан ишкер, “KG Group” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов ачкачылык жарыялаганын билдирди. Анын 29-сентябрда абактан жазган катын адвокаты Асел Аргымбаева Фейсбуктагы баракчасына чыгарды.

Анда абактын кызматкерлери мыйзамсыз талаптарды коюп, жабык жайда жаткандардын чачтарын кырып салып жатканын, ар кандай басым-кысым күчөгөнүн жазган. Бул боюнча Акыйкатчы институтуна, көзөмөлдөөчү органдарга болгон кайрылуусуна жооп келе электиги белгиленген.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы комментарий бере элек.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 25-июлда Имамидин Ташовду үй-мүлкүн конфискациялоо менен тогуз жылга эркинен ажыраткан.

Райондук соттун өкүмүнө каршы адвокат шаардык сотко апелляциялык арыз жазган. Жактоочу иш райондук сотто каралып жатканда айыпталуучу тарап келтирген өтүнүчтөрдүн көбү канааттандырылбай калганын, жактоочуларга басым болгонун, айыпталуучу кыйноого кабылган жагдайлар эске алынбаганын белгилеген. Иш ушул тапта Бишкек шаардык сотунда каралууда.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Имамидин Ташовду 2024-жылы апрелде кармаган. Атайын кызмат ага чейин издөөдө жүргөн ишкер кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз өткөн соң Чүйдүн Панфилов районунун Кайыңды айылында кармалганын билдирген.

Имамидин Ташовго Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен айып коюлган. Ишкер коюлган киненин баарын четке кагып келет. Андан сырткары алдамчылык беренеси менен козголгон бир канча иш тергелип жатканы белгилүү болгон.

Ал кыйноого кабылганын, начар шартта кармалып жатканын айтып өзүнө бир нече жолу кол салган жана ачкачылык кармаган.

Жаза аткаруу кызматы ишкердин буга чейинки дооматтарын четке каккан. (BTo)



Шерине

XS
SM
MD
LG