Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Сентябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:54

Келлог: Украина АКШнын куралы менен Орусиянын ичине сокку ура алат


 Кит Келлог
Кит Келлог

Ак үйдүн расмий өкүлү Кит Келлог АКШ Украинанын Орусиянын ичин көздөй сокку уруусуна каршы эместигин билдирди. Fox News телеканалынын суроолоруна жооп берген чабарман Орусияда “кол тийбес аймактар жок” деп белгиледи.

Журналист Жеки Генрихтин "АКШ президенти Дональд Трамптын көз карашында Украина Орусиянын алыскы аймактарына сокку ура алабы?" деген суроосуна Келлог: Трамптын, вице-президент Жей Ди Вэнстин жана мамлекеттик катчы Марко Рубионун сөздөрүнө караганда “ооба” деген жообун узатты.

Ал украин президенти Владимир Зеленский БУУда Трамп менен кездешкенде алыс аралыкка учуучу Tomahawk канаттуу ракеталарды сураганын эске салып, бирок ал боюнча чечим кабыл алына электигин белгиледи.

Бул жана башка билдирүүлөрдү комментарийлеп жатып Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков аскердик адистер Киевди Tomahawk ракеталары менен ыктымал камсыздоо маселесине байкоо салып жатканын, ракеталардын бутасын ким аныктарын билүү зарыл экенин айтты. Ал ошондой эле ракеталар майдандагы абалды өзгөртпөй турганын белгиледи.

Мунун алдында АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс акыркы апталарда Орусия Украина менен эки тараптуу жана Вашингтондун катышуусунда үч тараптуу сүйлөшүүлөрдөн баш тартканын билдирген.

Бир жыл мурун Евробиримдиктин ал кездеги башкы дипломаты Жозеп Боррел Вашингтон Киевге 300 километр аралыкка учуучу ракеталарын Орусиянын ичкери аймагына сокку уруу үчүн колдонууга уруксат бергенин билдирген. Маалымат каражаттары ошондо кеп ATACMS ракеталары тууралуу жүргөнүн жазышкан. Мурдагы президент Жо Байден аларды Орусиянын Курск облусундагы операцияга катышкан украиналык аскерлерди коргоо үчүн пайдаланууга жол берген.


Шерине

XS
SM
MD
LG