Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:04

Шайлоо-2025: Талапкер болууну көздөгөндөр тизмеси жарыялана баштады


ЖК өзүн өзү таркаткандан кийин мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөнү жатат. Шайлоо күнү 30-ноябрга белгиленди. Эки айдан кийин өтө турган добуш берүү жаңы мыйзамдын негизинде уюштурулат. Барган сайын шайлоочулардын активдүүлүгү төмөндөөдө. БШК талапкерликке арыз жазгандарды жарыялай баштады.

Шайлоочу бир гана талапкерге добуш бере алат

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону 30-ноябрга дайындоо жөнүндөгү жарлыкка 30-сентябрда кол койгон. Жарлыктын негизинде Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) саясий өнөктүккө даярдыгын баштады.

Мажоритардык шайлоо системасы менен өткөрүлүп жаткан бул шайлоодо 90 депутат 30 округдан шайланып келет. Ар бир округдан шайлана турган үчтөн депутаттын бирөө башка жыныстан болушу керек. Тагыраагы, эки эркек, бир аял же эки аял болсо бир эркек жаран.

Боршайком 4-октябрда шайлоочулардын баштапкы тизмесин жарыялады. Ага ылайык, катталгандар саны 4 миллион 287 миң 222 кишини түздү. Тизмелер 2 миң 492 шайлоо участогунда 14-октябрга чейин илинет.

БШК талапкер болууну каалагандардын тизмесин да жарыялай баштады.

2-4-октябрь күндөрү арызы кабыл алынгандар 4-октябрдагы тизмеге караганда, 44 адамга жетти.

Алардын арасында Жогорку Кеңештин өзүн өзү таркаткан соңку курамында депутат болгондор да бар.

Мисалы, тизмеден Элвира Сурабалдиеваны, Дастан Бекешевди, Айгүл Айдарованы, Элдар Абакировду, Нилуфар Алимжанованы, Бактыяр Калпаевди, Улугбек Ормоновду, Арсланбек Малиевди, Саидбек Зулпуевди, жалпысынан тогуз эл өкүлүн көрүүгө болот.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Карыбек уулу Улукбек жана Болот Ибрагимов да республикалык парламентке өтүү ниетин билдиришкен.

Бардыгы шайлоого катышууга арызын өзүн өзү көрсөткөн талапкер катары тапшырышкан.

Тизме улам жаңыланууда.

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрагасынын орун басары Айдана Жупуева шайлоочулар бир гана талапкерге добуш берүүгө укуктуу экенин айтууда:

Айдана Жупуева
Айдана Жупуева

"Бир округдан үчтөн депутат шайланат. Бирок шайлоочу өзүнүн добушун бир гана талапкерге бере алат. Мисалы, бир округдан 10 же 15 талапкер койсо, шайлоочу ошол талапкерлердин арасынан бирөөнө гана белги коё аларын билиши керек".

Депутаттыкка талапкерлигин койгон жарандар 25 жашка толгон, жогорку билимдүү, мурда соттолбогон, мамлекеттик тилди билген, акыркы беш жылдын ичинде өлкө аймагында жашаган кыргыз жараны болушу талап.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, шайлоочуларды 30 округга бөлгөндө ар бирине 142 миңдин тегерегинде шайлоочу тиет. Боршайком парламенттик шайлоодо добуш берүүчүлөрдүн санын арбытуу максатында аралыктан добуш берүү ыкмасы колдонуларын билдирди:

"Аралыктан шайлоо тилкелерин ачабыз. Чоң соода үйлөрүндө, Ош, Бишкек аэропортторунда, Дордой, Аламүдүн чоң базарларында. Адамдын өздүгү онлайн идентификация аркылуу аныкталып, шайлоочуларга жакшы шарттар түзүлөт. Мисалы, шайлоочунун каттоосу Ала-Букада турса, добуш берүү күнү кандайдыр бир себептер менен Москвада же Кыргызстандын ичинде эле Талас шаарында болуп калса, каалаган шайлоо тилкесине кирип, идентификациядан өтүп, кайсы жерде каттоодо турса, ага ошол округдун талапкерлери көрсөтүлгөн бюллетенди чыгарып беришет. Ошол өзүнүн округундагы талапкерлерге тандоосун берет".

Ал арада саясий өнөктүккө аттанууга белсенген талапкерлер кыргыз тили боюнча тесттен өтүүгө даярданууда.

"Кыргызтест" мекемесинин жетекчиси Батма Топоева-Ставинская айрым депутаттар катардагы жаран катары кыргыз тилден сүйлөө, жазуу, угуу, окуу, лексика, грамматика боюнча тест тапшырып жатышканын билдирди.

Анын айтымында, БШКга документтерин тапшырууда талапкерлер кыргыз тилин Б1 деңгээлинде билет деген сертификатты алуу үчүн тесттен эң аз дегенде 60 пайыздан жогору балл топтошу керек:

Батма Топоева-Ставинская
Батма Топоева-Ставинская

"Азыр таркатылса деле биздин депутаттарыбыз дагы ага карабай, күндө келип тест тапшырып жатышат. Өтпөй калгандар кайсы бир учурда даярданып алып, кайра келип, тапшырышса болот. Эң кеминде Б1 деңгээлин тастыкташ керек. Б1 - тилди орто деңгээлде өздөштүрүү. Жөнөкөй жаран катары келип жаткандар абдан көп. Азыркы учурда 2 нөөмөттө 1 күндө 120га чейин адамды кабыл алып жатабыз".

"Көп байкоо жүргүзүлбөй калат"

"Жарандык платформа" коомдук фондунун жетекчиси Айнура Усупбекова парламенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда өтө чукул жана мажоритардык система менен өткөрүлүп жатканына байланыштуу талапкерлер жана шайлоочулар арасында түшүндүрүү иштери көбүрөөк жүргүзүлүшү керек деп эсептейт:

Айнура Усупбекова
Айнура Усупбекова

"Мисалы, азыр айымдар үчүн квота киргизилди. Үгүт кампаниясы башталганда Боршайком ушул маалыматты башка талапкерлерге түшүндүрүүгө басым жасашы керек. Анткени кийин мандат таратканда башка жыныстагы талапкерлер "эмне үчүн мен көп добуш алсам, менден аз алган башка жыныстагы талапкерге мандат берилди" деген көп түшүнбөстүк жаралат. Менин оюмча, 30 пайыз эле жаңы депутаттар келет. Калгандары ошол эле эл өкүлдөрү келет деп ойлойбуз".

Айнура Усупбекова парламенттик шайлоого көз каранды эмес көзөмөл, байкоо жүргүзгөн жергиликтүү жана эл аралык уюмдардын саны аз болорун дагы эскертти:

"Мисалы, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунан келе турган эксперттер процесске толук катыша албай калат. Анткени буларга даярданганга дагы мөөнөт болушу керек. Мындан улам сын-пикир айта турган эл аралык эксперттер аз болот. Андан сырткары, билесиздер, бейөкмөт уюмдар боюнча мыйзам чыгарылгандан кийин алар жоюлуп кеткен. Ошол дагы бир кемчилик деп айтсак болот. Анткени көп байкоо жүргүзүлбөй калат".

Мына ушундай кооптонуусун билдирген эксперттер шайлоодогу ыктымал мыйзам бузууларды аныктоо, ачык-айкындыкты камсыздоо жагы кандай болот деп чочулап турушат.

Талдоочулардын көңүлүн бурган дагы бир маселе - шайлоочулардын активдүүлүгү. Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий маалыматына караганда, 2024-жылы 17-ноябрда өткөн жергиликтүү депутаттарды шайлоого катталгандардын 28,8% гана катышкан. Башкача айтканда, тизмеде 4 млн 135 миң шайлоочу болсо, анын 1 млн 150 миңи гана добуш берген.

2021-жылдын 28-ноябрында Кыргызстанда парламенттик шайлоо өткөн, ага шайлоочулардын 34,94% катышкан.

2021-жылдын 10-январындагы президенттик шайлоодо катышуу 39,75% болгон.

2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоодо бул көрсөткүч 56,2% түзгөн.

"Ар бир иштин жыйынтыгын калыс чыгарабыз"

Бийлик мындан ары Кыргызстанда шайлоо таза өтөрүн убада кылууда. Президент Садыр Жапаров бул үчүн бардык шарт түзүлгөнүн белгилеп, зарыл болсо көзөмөлдү өзү жүргүзөрүн айтты, шайлоочуларга кайрылып, добуштарын сатпоого чакырды:

Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

"Добушуңуздарды сатпаңыздар. “Добуш сатып алам” деп келген талапкерлерди эл арасына алып чыгып, катуу уяткарыңыздар. Экинчи “добуш сатып алам” деп келбегидей кылыңыздар. Добушуңарды сатып алган депутат эзели силер үчүн же мамлекет үчүн иштебейт. Шайлоого короткон акчасын толуктайм деп беш жыл бою өзү үчүн иштейт. Бул шайлоону калыс катары башынан-аягына чейин мен өзүм көзөмөлдөймүн. Эгер кайсы бир округда адилетсиз иштер жаралган болсо, БШКнын териштирүүлөрүнө жеке өзүм барып катышам же комиссия түзүп, ишенимдүү кишилеримди жиберемин. Ар бир иштин жыйынтыгын калыс чыгарабыз".

Президент мамлекеттик кызматкерлерди шайлоого аралашпоого чакырып, айыл өкмөт баштаган ар бир мамлекеттик кызматкерге, мугалимдерге, дарыгерлерге кайрылып, шайлоого аралашса кызматтан эле кетпей, жазаланарын эскертти.

30-сентябрда БШК Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун календардык планын кабыл алды. Өнөктүк мөөнөтүнөн мурда өткөрүлүп жаткандыктан бардык шайлоо иш-чараларынын мөөнөтү үчтөн бирге кыскартылды.

Ага ылайык, бул саясий иш-чарага катышууну каалаган партиялар шайлоо дайындалгандан кийин үч календардык күндүн ичинде Боршайкомго арыз бериши керек. Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү 30-октябрга чейин уланат. Талапкерлерди каттоо үчүн тиешелүү документтерди тапшыруу 2-ноябрда аяктайт, аларды каттоо 10-ноябрда жыйынтыкталат.

Шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-ноябрдан 29-ноябрга чейин уланат. Добуш берүү 30-ноябрда саат 08:00дөн 20:00гө чейин болот. Шайлоонун жыйынтыгы 14-декабрга чейин чыгышы керек.

Жогорку Кеңештин депутаттары 25-сентябрда парламентти таркатуу тууралуу демилгечи топтун сунушун бир добуштан колдогон. Президент Садыр Жапаров парламентке кезексиз шайлоону 30-ноябрга дайындаган, мыйзам боюнча Жогорку Кеңешке кезектеги шайлоо 2026-жылдын ноябрь айында өтүшү керек болчу.

Быйыл 28-апрелде Садыр Жапаров “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койгон. Бул мыйзамга ылайык, парламентке шайлоонун тартиби өзгөргөн. Өлкө боюнча 30 округ түзүлүп, ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет.

Кайсы бир себеп менен мандатын тапшырып кеткен депутаттардын ордуна кайра шайлоо болбойт. Шайлоодо алардан кийинки орундагы талапкер келет.

Жогорку Кеңеш кезексиз таркады. Шайлоо кандай өтөт?
please wait

No media source currently available

0:00 1:03:29 0:00
  • 16x9 Image

    Наргиза Асекова

    Наргиза Асекова “Азаттыктын” Бишкектеги кеңсесинин журналисти. Кыргыз-Орус Славян университетинде журналистика адистигине ээ болгон.

Шерине

XS
SM
MD
LG