Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Ноябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:47

"Хочу жить" орус тарапта согушуп каза тапкан 143 кыргызcтандыктын тизмесин жарыялады


Украинанын мамлекеттик "Хочу жить" долбоору Украинадагы согушта орус тарапта жүрүп каза болгон кыргызстандыктар деген тизмесин жарыялады. 31-октябрда долбоордун Телеграм каналына жарыяланган тизмеден кыргызстандык делген 143 кишинин аты-жөнүн, аскердик наамын, качан туулгандыгын, кайсы аскердик бөлүктө кызмат кылганын, жетон номурун жана каза болгону тастыкталган датасын көрүүгө болот.

Долбоор белгилегендей, 143 деген сан эң кеминдегиси, Орусиянын Куралдуу күчтөрүндөгү булактар аркылуу так аныкталганы гана.

Тизмедеги 93 адам быйыл өлгөнү көрсөтүлгөн. Калган 56 кишинин басымдуу бөлүгү былтыр, бир нече адам 2023-жылы каза болгону жазылган.

“Хочу жить” тизмедеги адам расмий түрдө өлгөн деп айтылганы жана алардын арасында узактан бери дайынсыз болгондор бар экенин белгилейт.

Буга чейин долбоор Орусия Украинадагы согушуна жалдап алып кеткен делген 687 кыргызстандыктын тизмесин жарыялаган.

Тизменин түзүүчүлөрү орус бийлигинин Борбор Азиянын, анын ичинде Кыргызстандын жарандарын өз согушуна тартуусу улам күчөп жатканын белгилеп, жалдангандар арасынан аты-жөнү такталгандардын 135и Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишимге 2023-жылы кол койгонун, былтыр 326 киши, ал эми быйылкы жылдын сегиз айында эле 400ү макулдугун билдирип, майданган жөнөгөнүн белгилешти.

"Хочу жить" кошумчалагандай, Орусия адатта чет элдик жалданма аскерлерди эки аптадай убакыт гана машыктырып, дароо кан майдандын кармаш жүрүп жаткан алдыңкы тилкесине жөнөтөт, ошондуктан алардын көбү согуш талаасында каза табат.

Буга чейин "Хочу жить" Украинада каза болгон казакстандык 270, тажикстандык 446, өзбекстандык 481 кишинин тизмесин жарыялаган. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG