Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Октябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:29

"Хочу жить" Украинада каза тапкан өзбекстандык 481 кишинин ысымын жарыялады


Украинанын мамлекеттик "Хочу жить" долбоору Украинадагы согушка Орусия тарапта катышып жүрүп каза тапкан же дайынсыз жоголгон өзбекстандык 481 кишинин ысымын чыгарды.

Адатта долбоор тизме толук эмес экенин, реалдуу сан мындан эселеп ашарын эскертет.

“Өзбекстан Орусиянын куралдуу күчтөрүнө жалданган биз аныктаган чет өлкөлүк жарандардын саны жагынан сап башында турат. Украинага каршы согушкан же согушуп жүргөн бери дегенде 2 миң 715 өзбекстандык жаран тууралуу кабарыбыз бар, алардын саны жылдан жылга артууда. 2023-жылы 498 өзбекстандык контрактка кол койсо, былтыр дагы 941 кол койгон. Быйылкы жылдын биринчи жарымында орус куралдуу күчтөрүнүн курамында Өзбекстандын 1 миң 300дөй жараны майданга кетти. Бул биз билген гана учурлар”, - деп айтылат долбоордун билдирүүсүндө.

Алардын маалыматына караганда, өлкө туткунга алынган чет элдиктердин арасында биринчи орунда турат.

Авторлор 2025-жылы эле Орусияга 1,8 млн өзбекстандык мигрант барганын, Москвага садага чабуу үчүн чабуул коюучу күчтөр зарыл болгонун эске алганда бул статистика таң калычтуу эмес экенин белгилейт.

Үстүбүздөгү айда «Хочу жить» Украинада каза тапкан казакстандык 270, тажикстандык 446 кишинин ысымын жарыялаган.

Сөз болгон өлкөлөрдүн бийликтери долбоордун мындай маалыматына реакция билдирбейт.

Украинадагы согушка Орусиянын тарабында катышып өлгөн кыргызстандыктар тууралуу да кабарланып келет.


Шерине

XS
SM
MD
LG