Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Октябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:19

"Тезек жайбай калдык". Тажик айылдарын өзгөрткөн биогаз


65 жаштагы Галатмо Алиева өзү өстүргөн бадыраңдар.
65 жаштагы Галатмо Алиева өзү өстүргөн бадыраңдар.

Тажикстандын элетинде бир эксперимент ишке ашууда: айыл жериндеги он чакты түтүнгө орнотулган биореакторлор тамак бышыруу үчүн газ өндүрүп, малдын кыгын зыянсыздандырып эле тим болбостон экологиялык жактан таза түшүм алууга да салым кошууда.

Дүйшөмбүдөн 20 чакырым алыстагы айылдагы үйлөрдүн биринде, жашыл чарбактар менен дүпүйгөн бактын ортосунда жабдык - биореактор иштеп турат. Сыртынан карасаң, бул үйлөмө төшөнчүнү элестет. Анын астында өтө татаал химиялык процесс жүрүп, малдын кыгы биогазга айланат. Ал эл очокко жагып көнүп калган жыгач отун менен тезекти алмаштырууда.

"Азаттык Азиянын" журналисти Вахдат шаарынын Бурунов жамаатындагы Файзбахш кыштагында болуп кайтты. Бул аймакта жарым жыл мурда биринчи жолу жети фермер биогаз системасын орноткон. Жөнөкөй технология түйшүктү кантип жеңилдетерин бир үйдөгү үч муундун өкүлдөрү жон териси менен сезүүдө.

Алиевдин үй-бүлөсүндөгү үч муун.
Алиевдин үй-бүлөсүндөгү үч муун.

"Аялдар оор түйшүктөн кутулду"

67 жаштагы Мирали Алиев башында жабдыктын таасиринен күмөн санаганын, азыр үй-бүлөсү биогазсыз жашоосун элестете албай калганын, ал эми коңшулары табигый чириндиден газ алса болоруна таң калып, жабдык кантип иштерин көп сурашарын айтууда.

"Бул биз үчүн убакытты үнөмдөө. Мурда тезекти күнү бою жайып чыгаар элек. Азыр алардын баарын аралаштырып, биореакторго салып биогаз алабыз. Ашып кетсе жарым сааттык убакытты алат", - дейт ал.

"Эң башкысы аялдар оор жумуштан кутулду", - деп кепке кошулду анын 65 жаштагы жубайы.

Бир канча ай мурда эле бул жерде 3-4 миң тезекти кол менен жайып чыгышчу, бул ансыз да үй тирилигинен чарчаган аялдардын моюнуна артылган жүк эле.

Тезек - бул жаратылыш газы жок, электр белгилүү бир сааттарда гана берилген жүздөгөн тажик айылдары үчүн табылгыс отун. Малдын кыгын чогултушуп, саманга аралаштырып кол менен ийлешип, дарбазага, дубалга же жерге эле жайып күнгө кургатышат. Тезек кургаганда жыйып, отун катары колдонушат.

Биогаз реактору Алиевдердин үйүнө орнотулган.
Биогаз реактору Алиевдердин үйүнө орнотулган.

Тезекти же көңдү жакканда андан чыккан түтүн абага аралашып, ден соолукка жана экологияга зыян келтирет. Андан тышкары тезек жаңы кезинде жерди арыктатып, ансыз да органикалык ресурсу аз райондордо түшүмдүүлүктү төмөндөтөт.

"Биздин үй-бүлөбүз чоң, беш балабыз, төрт неберебиз бар. Мурда убакыттын баары отун алып, тезек жаюуга кетчү, азыр үй-бүлөгө көбүрөөк убакыт арта баштады. Азыр минтип кышка даярданып, жашылча туздап, кыям жаап жатабыз", - дейт үй кожойкеси Галатамо.

Ал биз менен сүйлөшүп жаткан учурда бадыраң туздап, банканын ооздорун жаап жатты.

Биогаз жабдыгы кантип иштейт?

Алиевдердин чарбасында үч уй бар, алар турганда биореактор "отундан" өксүбөйт. Күндө эртең менен Миралинин небереси Илхом 30-35 килограммдай кыкты чогултуп, ага 70 литр суу кошуп аралаштырат.

"Бирге эки" деген эрежени так сактоо керек. Даяр массаны жабдыкка куйганда ал герметикалык биореакторго түтүк аркылуу түшөт. Илхам ишин бүтүргөндөн кийин борбордогу университетке, сабакка жөнөйт.

Илхом биореакторду күндө толтуруп турат.
Илхом биореакторду күндө толтуруп турат.

Бул маалда биореактордун ичиндеги чыла табигый жол менен ачыйт, органикалык калдыктар чиригенде биогаз иштелип чыгат. Ал газ пайда болушу үчүн жарым-жартылай толтурулат.

Алынган газ стабилизатордон жана чыпкадан өтөт, андан кийин түтүк аркылуу түз эле чай кайнатуу, тамак кылуу же идиш жууганга суу жылытуу үчүн ашканага барат.

Кайра иштетүүдөн кийин дагы бир баалуу өнүм - табигый жер семирткич пайда болот. Башка түтүк аркылуу ал атайын сактоочу жайга түшөт. Пайдалуу заттарга бай суюктук чарбактагы жашылчыларга жана мөмөлүү бак-шактарга табылгыс азык. Жер аны ыраазычылык менен сиңирип алат, түшүм мол болот.

"Коңшулар жерди кадимки кык менен байытат деп ойлошкон"

Мирали Алиевдин 41 жаштагы уулу Жамшед органикалык жер семирткичти өз чарбагына колдонуп келет. Бул жерде картөшкө, сабиз, бадыраң, помидор өсөт.

"Мурда биз жылына тонналаган жер семирткич сатып алчубуз. Айталы, өткөн жылы 800 килограмм сарптасак, бул жылы болгону 200 килограмм гана короттук. 50 килограммдык кап 300 сомони турат (30 доллардай-ред.). Табигый жер семирткичтин жардамы менен ушул айда эле 4800 сомони үнөмдөдүк".

Бирок кеп үнөмдө деле эмес. Жамшед табигый жер семирткичке өткөндө түшүмдүн сапаты жакшырганын айтууда.

"Мурда химикаттар менен өстүргөн бадыраң, помидорлор консервация кылганда атып кетчү. Бул жылы көз тийбесин, бир дагы банка бузулган жок", - дейт фермер.

Табигый жер семирткичке өткөндөн бери ал дагы бир кызык көрүнүштү байкаган.

"Дарбыздын маалы өтүп кеткен. Бирок табигый жер семирткичке каныккан жер дагы деле жумшак. Биз түшүмдү жыйнап алдык, бирок жөөктө таттуу, ширелүү кичинекей дарбыздар пайда болду. Бул демек жер түшүм жыйналгандан кийин да берекелүү бойдон калганын билдирет".

Алиевдер алган түшүмдү азыр кардарлар өзү издеп келип жаткан кези.

"Түз эле участоктон дүңүнөн алышууда. Адамдар булар экологиялык жактан таза азык экенин билишет", - дейт Жамшед сыймыктанып.

Жамшед табигый жер семирткичке баккан дарбыздарын көтөрүп келе жатат.
Жамшед табигый жер семирткичке баккан дарбыздарын көтөрүп келе жатат.

Анын үйүнө орнотулган жабдыктарга коңшулаш айылдардын тургундары да кызыгып келе баштаган.

"Коңшубуз бадыраңдар кандай өсүп жатканын көрүп, жөөктөргө кый чачып чыкты. Мен ага кыкта отоонун уругу болорун, кийин жерди каптап кетерин эскерткем. Биздики биореактордун жер семирткичи, атайын температурада ачыйт, урук же зыяндуу бактериялар болсо ошол жерден эле өлүп жок болот. Топурак таза бойдон калып, жашылча даамдуу, химиясы жок өсөт. Азыр кошунам менден муну кантип орнотсо болорун сурай баштады".

Долбоор кантип пайда болгон?

БУУнун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН/БУУӨП) долбоорун "Нексигол Мушовир" жергиликтүү компаниясы ишке ашырган. Долбоор адегенде Тажикстандын Хатлон облусундагы бир канча райондо иштей баштап, кийин башка аймактарга жайылган. Учурда өлкө боюнча 37 биореактор бар.

"Бул пилоттук долбоорду ойлоп жатканда, маанилүү нерселерге көңүл бурдук, - дейт БУУӨПтүн өкүлү Сухроб Раупов. - Элет жеринде аялдар жана балдар сааттап тезек жайышат, андан кийин аны отко жагышат. Тезектин түтүнү ден соолукка жана табиятка кооптуу. Биз балдарды бул оор жана зыяндуу жумуштан куткарып, топурактын жана түшүмдүн сапатын арттыргыбыз келди. Үй-бүлөлөрдүн каражаты үнөмдөлүп, жер семирткичти коңшуларга же фермерлерге сатып, акча да тапсын дедик".

Агродолбоордун менежери Абдухабиб Охунжонов биореакторлор ар кандай көлөмдө жана кубаттуулукта болорун түшүндүрдү. Чакан жана ыңгайлуусу "Система 6" деген үлгү. Эки-үч уйдун жампасына эле иштеп, күн сайын бир үйдү тамак бышырууга жеткидей газ менен камсыздайт. Жабдыктын ирилери фермаларга ылайыктуу, алар өндүргөн биогазды электр энергиясына айлантса болот".

"Чакан биореактор колдонууга жеңил, - дейт Охунжонов. Үй-бүлөнүн ар бир мүчөсү коопсуздук боюнча атайын даярдыктан өтөт. Болгону реакторго күн сайын сууга аралашкан кыкты куюп, аралаштырып коюш керек".

"Система 6ны" алыш үчүн 28 800 сомони (3 миңден ашык доллар) сарпталган. Бул сумманын ичине жеткирүү, орнотуу, адистин кеңеши жана бажы алымдары кирет. Чыгымдын 10% Алиевдин үй-бүлөсү көтөрсө, калганын БУУӨПтүн гранты жапкан. Жабдык Индияда өндүрүлүп, он жылдык кепилдик берилген".

"Биздин эсеп боюнча чыгым жарым жылда үнөмдүн жана табигый жер семирткичтин эсебинен акталат", - дейт Охунжонов.

Экологиялык таасир - бул технологиянын башкы артыкчылыгы.

"Биогаз колдонуу абага зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын жана токой кыюу ишин чектейт. Мындан тышкары биз топурактын сапаты жакшырганын байкадык, - дейт "Нексигол Мушовир" компаниясынын жетекчиси Акмалжон Насруллоев. Топурак менен иштеген агрохимик катары мен кыкты иштеткенден кийин пайда болгон табигый жер семирткичти текшерип көрдүм. Жердин күрдүүлүгүн арттыра турган пайдалуу заттарга бай болуп чыкты".

Сухроб Раупов технология айылдыктардын баарына жеткиликтүү болушу үчүн БУУӨПтүн долбоорун жайылтууну пландап жатат.

"Үнөмдүү жана ыңгайлуу болуудан тышкары бул ден соолукту жакшыртып, табиятты сактоого жана түшүмдүүлүктү жогорулатууга өбөлгө. Аймактардын келечеги үчүн маанилүү", - дейт ал.

XS
SM
MD
LG